Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

Роза Отунбаева Жалал-Абадга барды


Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Жалал-Абадда
Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Жалал-Абадда

Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева бүгүн Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды. Алгач ал Жалал-Абад шаарынын абалы менен тик учак аркылуу таанышты. Андан соң кагылышта жабыркап, ооруканада жаткандарды ал жайын сурап, эл менен жолугушту.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева облустук бийлигинин жыйындар залына чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, учурда биринчи иретте коопсуздук маселеси өтө орчундуу экенин, кошуна мамлекеттер, атап айтканда Казакстан, Орусия, Өзбекстан дагы Кыргызстандагы окуяга түшүнүү менен мамиле кылышканын белгиледи. Айыл өкмөттөрдүн, райондордун, мекеме-уюмдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылган бул жыйында Роза Отунбаева түштүк аймагына атайын жардам көрсөтүү боюнча декрет даярдалганын да айтты.

Жыйынга катышкандар болсо май, июнь айларындагы кандуу окуяларды болтурбай койсо болот беле, Кадыржан Батыров эмне үчүн убагында кармалбаганы боюнча суроолорду узатканын аймактагы кабарчыбыз кабарлады.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева ушул эле күнү Жалал-Абаддан Бишкекке жол тартты.

XS
SM
MD
LG