Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

М. Жээнбеков: Жалал-Абадда түндө чагым жасап, элди алдагандар болду


Жалал-Абаддын бир көчөсүндөгү көрүнүш, 14-июнь.
Жалал-Абаддын бир көчөсүндөгү көрүнүш, 14-июнь.

Жалал-Абаддагы соңку кырдаал боюнча шаар башчынын милдетин аткаруучу Максат Жээнбеков “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кеп салып берди.

- Максат мырза, Жалал-Абадда түн кандай өттү?

- Бир гана Жалал-Абадда эмес, Спутник, Көк-Арт, Тайгараев, Жашасын деген жерлерге жаш балдар келип “20-30 миң өзбек келатат, тебелеп, атып кетет” деп элди алдап качырып, чагымчылык жасап, үйлөрүн тоноп кеткен учурлар болуп атат.

- Жалал-Абадда согушкерлер кармалганы айтылууда, алар сырттан келген жалданма баш кесерлер бекен?


- Жалданма адамдар да бар экен. Аларды атайын алып келген, бир-экөөсү кармалды окшойт.

- Жалал-Абадда азык-түлүк маселеси кандай чечилүүдө, гумжардам келип жатабы?

- Азык-түлүк боюнча өзүбүздүн күчүбүз менен азыр аракет кылып жатабыз. Кечээ азыраак келген гумжардам, калганын өзүбүз чечип атабыз. Бүгүн Тайгараев айылынан 16 кап ун таркатып, нан жаптырып, бүгүн шаарга алып барып таратабыз бекер.

- Өзбекстан тарапка качкан атуулдар бар экени кабарланууда. Жалал-Абаддан канча адам сыртка чыгып кетти, маалыматыңыздар барбы?


- Так маалымат айтуу кыйын, бирок өтүп кеткендер көп болуп атат деген мааылмат бар.

- Эки элдин ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатабы?

- Аксакалдар менен сүйлөшүүлөр болуп атат. Бул жерде үчүнчү күч пайдаланып атат, булар кыргызын деле, өзбегин деле, татарын деле атып кетчүдөй болуп атат, чагым болуп атат.

- Буга чейин Ошто кыргыз, өзбек улутундагы жаштардан элдик кошундарды уюштуруу маселеси болуп атты эле. Жалал-Абадда да ушундай маселелер көтөрүлдүбү?

- Ушул маселени көтөрүп атабыз. Аны бүгүн жасайбыз.

- Ал эми шаарда кандай негизги проблема болуп атат, эмне жардам керек сиздерге?


- Биринчиден, ооруканаларга дары-дармек, анан азык-түлүк жетишпей атат. Ошондон эл кыйналып жатат.

- Рахмат маегиңизге, тынччылык болсун.

XS
SM
MD
LG