Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Кыргызстанда орус тыңчысы колго түшкөнбү?


Ошто диверсиялык иштер менен алектенген деп шектелген орус жараны кармалганы тууралуу интернеттеги тасмадан бир көрүнүш.
Ошто диверсиялык иштер менен алектенген деп шектелген орус жараны кармалганы тууралуу интернеттеги тасмадан бир көрүнүш.

Youtube сайтында Оштогу этникалык кагылышта өзбек тектүү жарандар жашаган аймакта чагымчылдык уюштуруп, курал-жарак таркаткан жана атайын диверсиялык иштер менен алектенген деп шектелип кармалган орусиялык жаранды суракка алуу учуру чагылдырылган видео тасма жарык көрдү.

Буга биринчилерден болуп Москвадагы "Regnum" агенттиги маани берип, россиялык жаранга диверсант катары айыпталып, жалаа жабылган деген маалыматты жарыялоого шашты.

Чалгынчынын чагымыбы?

Тасмада бети-башы канга боёлгон славян түспөлүндөгү адам жергиликтүү атайын кызматтын өкүлдөрүнө окшош бирөөлөргө сурак берген. Сөз арасында анын Оштогу жаңжал учурунда өзбек тектүү жарандар жашаган аймактардын биринен чыгып келе жатканда кармалып, автоуунасынан бронежилет жана тапанча табылгандыгы айтылат. Аты жөнү айтылбаган бул адам суроолорго мукактанып такалбастан, бирок будамайлап жооп берген.

Талдоочу Олег Панфилов жооп берип жаткан адам Орусиянын аскердик чалгын кызматынан болушу мүмкүн деп божомолдойт:

- Биринчиден, мен тасмадан көп жылдык даярдыгы бар, мындай учурда өзүн кантип алып жүрүүнү билген, чымыр денелүү, моралдык, физикалык даярдыгы гана эмес, жергиликтүү шартты жакшы өздөштүргөн аскер чалгынчысын көрдүм. Ал жооп берип жатып сөзүнүн арасында атайылап “иншалла” деп жатпайбы. Муну жөнөкөй орус адамы айта албайт. Анын жергиликтүү тилдерди да жакшы түшүнө тургандыгы байкалып турат.

Тасмада кармалган адам жашы отуз сегизде, Россиянын Новосибирь шаарынан экендиги жана Москвадан Ошко каттаган учактардын биринде учкуч болуп иштегендиги боюнча көрсөтмөлөрдү берген.

Видео тасмага шашылыш комментарий

Орусиянын атайын кызматтарына жакын деп эсептелип келген “Regnum” агенттиги тасмадагы кармалган адамдын жоопторун бурмалап, сурак коркутуп-үркүтүү менен коштолгондугуна басым жасаган маалымат жазып чыкты. Анда Россиянын жаранына этникалык кагылышуу учурунда курал-жарак таркаткан жана диверсиялык иштерди жасаган деп жалган жалаа жабылгандыгы айтылат.

Мурдагы чекист Орозбек Молдалиев орусиялык “Regnum” агенттигинин Youtube сайттына койулган тасмага шашылыш маани бергендигинде мандем бар деп эсептейт:

- Бул тасманын чыгып кетишине карата ушунчалык тез реакция жасалып жаткандыгынан деле байкаса болот. Алар маалымат расмий эмес болсо дагы, буга чейин чыгып кетет деп чочулап, аны бурмалаганга даяр турушкан. Анан тасмада кармалган адам туткундалып токмок жеп тургандыгына карабастан суракта өзүн аябай ишенимдүү кармап турганы эмнени каңкуулайт. Бул атайын кызматтын адамы экендиги бир караганда эле көрүнүп турбайбы. Эми анын тергөө үчүн канчалык мааниси бар деген маселени карашыбыз керек. Ошондуктан тез арада тасманын чыныгылыгын аныкташ керек.

Унчукпоо да саясат

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы сурак тасмасы жарыяланып кеткен орусиялык аскер тыңчысы деп шектелген адамдын чындыгында эле кармалгандыгы боюнча маалыматты төгүндөгөн, же болбосо тастыктаган да жок.

Аталган кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Рысбек Быкын уулу учурда июндагы этникалык кагылыштын чыгышына чагым салды деп шектелгендердин үстүнөн тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты:

- Кандуу окуяга байланыштуу бардык эле тергөө иштери бүтө элек да. Ошондуктан азырынча эч нерсе деп айта албайбыз. Мүмкүн бул боюнча прокуратура иш сотко кеткенден кийин эле маалымат жарыялабаса, азыр биздин өзүбүзгө да айтышпайт.

Тасма чын экени аныкпы?

Анткен менен Youtube сайтында колго түшкөн орусиялык аскер чалгынчысынын сурак берген учурун ичине камтыган видео тасманын чыныгылыгынан күмөн санагандар да аз эмес. Айрым серепчилер диверсиялык иштерге шектелип кармалган чет элдик тыңчыны уруп согуу жана аны ошол кебетесинде тасмага түшүрүп коомчулукка жарыялоо усулу улуттук коопсуздук кызматынын иш тажрыйбасына кирбейт деп айтышат.

Кыргызстандын атайын кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Артур Медетбеков аталган тасманы мамлекеттер ортосуна от жагууга багытталган чагымчыл материал катары баалады:

- Менимче, муну кайсы бир адамдар же кандайдыр бир күчтөр атайылап чагым жасаш үчүн ойлоп табышкан. Алардын максаты Кыргызстан менен Россиянын ортосуна от коюп чатак салуу аракети болушу да мүмкүн. Буга жөн эле күчтөр эмес кайсы бир мамлекеттердин атайын кызматтары да аралашкан болсо керек. Орус улутундагы орус жаранын кармап алышып, сабап жатышат деген сыяктуу түс берүүгө да далалат байкалат. Бул жерде кандайдыр бир оюндар башталып жаткансыйт.

Ойго келбеген окшоштуктар

Орус бийлигине карата жазып жүргөн ачуу сын макалаларынан улам куугунтукталган талдоочу Олег Панфилов Кыргызстандын түштүгүндө болгон этникалык кагылышуунун башталышын токсонунчу жылдардын башындагы Тажикстандагы жарандык согуштун от алып кетишинин себептери менен окшоштурду.

Олег Панфилов эки кырдаалда тең Орусиянын геосаясий кызыкчылыгын сактап калууга байланышкан атайын чагымчыл аракеттер орун алган деп белгиледи:

- Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуялардан улам, мындан он сегиз жыл мурун болгон Тажикстандагы жарандык согуштун кантип башталып кеткендиги эсиме түштү. Мен Тажикстанда жашап турган учурумда ал аймактагы Россиянын 201-дивизиясынын аскер жетекчилери эки тарапты кантип кайраштыргандыгына күбө болгомун. Мына бул тасмада сурак берген тыңчыга окшогон адамдар эки тарапка тең курал-жарак таркатып, алардын ортосуна от койгон. Россиялык аскер чалгынчылары уюштурган чагымдын башкы максаты – Тажикстанда өз таасирин жана геосаясий кызыкчылыктарын бекемдеп калуу аракети болчу. Айырмасы анда максаттары ишке ашкан. Бул жолкусун ийгиликтүү өттү деп айта албайм.

Кимдер эмнеге кызыкдар?

Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы кандуу кагылышууларга алып келген окуялардын чыгышына жана тутанып кетишине үчүнчү күчтөрдүн тиешеси болгондугун Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы бир нече жолу жарыялаган. Талдоочулар арасында чагымчыл аракеттердин максаты бир гана Кыргызстанга гана эмес, коңшулаш Өзбекстанга жана Тажикстанга карата багытталышы мүмкүн деген божомолдор айтылып келет. Анын негизги себеби катары жыл өткөн сайын өз алдынча саясат жүргүзүүгө аракеттенип, колдон жылмышып бара жаткан Борбор Азия аймагын өзүнүн таасирине кайтаруу аракети болушу мүмкүн.

Талдоочу Орозбек Молдалиев мына ушундай өңүттөн алып караганда июндагы этникалык араздашуунун чыгышына Орусиянын атайын кызматтарынын тиешеси бар деген тыянакта:

- Мен өзү үчүнчү күч деп тергебей эле Россиянын атайын кызматтарынын түздөн түз кийлигишүүсү деп эле ачык айтып жүрөм. Анткени ар бир нерсеге акыйкат жана кылдат иликтөө кылып, салыштырып көрсө эле жыйынтык чыгып калып жатпайбы. Үчүнчү күч деп дайыны жок болгон күчтөрдү аташат. А бул жерде дайыны, бороон кайсыл жактан болгону даана эле көрүнүп турбайбы. Мисалы үчүн Россиянын жооптуу кызмат адамдары жана аларга жакын адамдар аркылуу жаңжал башталганга чейин жана ошол учурда ар кандай мүнөздөгү ушак-айыңдар атайылап таркатылып жаткандыгына күбө болбодукпу. Тополоң учурунда аны күчөткөнгө болгон аракеттер жүрбөдүбү. Алгач коркутуу, бирин-бири жек көрдүрүү, анан аягы башкарылган хаос. Ушундай схема боюнча иштешмек.

Кандай болгон күндө да интернет сайттары аркылуу коомчулукка жарыяланып, Москвадагы расмий “Regnum” маалымат агенттигинин көңүл буруусуна арзыган видеотасманы текшерүүдөн өткөрүү зарылдыгы келип чыкты.

Серепчилердин баамында, эгерде тасманын чыныгылыгы аныкталса жана курал таратууга катышы бар деп шектелген аскер тыңчысынын кармалгандыгы расмий Бишкек тарабынан тастыктала турган болсо анда ал кандуу калабанын чыныгы себептерин ачыктамак.

Youtube сайтына коюлган тасма болсо коюлгандан көп өтпөй дароо эле, 5-сентябрга карай алынып салынган.

XS
SM
MD
LG