Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Абдраим Касымов: БТРди атылган окко карабай айдап чыктым


Абдраим Касымов УКМКнын алдынан айдап чыккан БТР "Ала-Тоо" аянтында, 2010-жылдын 7-апрели.
Абдраим Касымов УКМКнын алдынан айдап чыккан БТР "Ала-Тоо" аянтында, 2010-жылдын 7-апрели.

7-апрелдеги жарандык каршылык акцияларынын учурунда өкмөт үйүнүн алдына БТРди айдап келген Абдраим Касымов ошол күнкү окуяларды эскерип, "Азаттыкка" кеп салып берди.

“Азаттык”: - Абдыраим мырза өкмөт үйүнүн алдындагы брондолгон аскердик БТР унаасын кайдан таап, кандайча айдап, келип калдыңыздар?
Абдраим Касымов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө.

Абдраим Касымов:- Союз убагында армияда кызмат кылганда БТР айдаган болчумун. 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында канча киши өлүп кетти. “Камаз” автоунаасын дагы айдаган балдар деле бекер жерден өтүп кетти. Ок аткандарга эч нерсе кыла албай койдук. Ай үй тарапка “Жигули” үлгүсүндөгү автоунаасын айдаган балдар да өлүп кетти. Ошондо бир ой келди, бир жерден барып танкабы же бир аскердик унаа алалы деп, Улуттук гвардияга барсак, ал жакта жоокерлер жолотпой койду, асманга ок атып, киргизбей коюшту. Анан балдардан бирөө арабыздан айтып калды, Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте да эки БТР турат байке дегенинен, ошол жакка барганбыз. Барсак ошол жерде камалган оппозиция лидерлерин бошотууга жаштар аракет кылып жаткан экен. Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин короосунун ичинен жаш агызуучу газдарды ыргытканда ичинен эл качып баштагандан кийин, БТРдин жанында калып калгам.

Бир жигит бар болчу Каныбек деген. “Байке эмне кылабыз, атып жатат” дегенинен “сен алаксытып алдыга чуркагының “-дедим. Ал чуркаганда аны атып баштаганда мен БТРдин ичине кирип алдым дагы, от алдырып, айдап чыктым. Анан аянтка айдап бардык. Ушул аскердик унаа жаштарга күч- кубат берди окшойт. Аларга күч кубат бергени берген менен куралсыз элге каршы ок аттырган бийликтин акмакчылыгы болду. Жаш балдарды аттырган кишилерге убал болду. Ошого карабай эмнеси болсо деле эптеп, Ак үйдү алалы деген ой болду. Бир падыша жок өз элин ат деп буйрук берген. Эч нерседен коркпой эле, мейли өлсөк дагы ушундай бийликке каршы туралы, Кыргызстандын келечеги үчүн өлөлүк деп ажалга тике карап барганбыз.

“Азаттык”:- Сиз айдап чыккан БТР мурда айдалып жүрүптүрбү же көпкө айдалбаганы билинип, кыйынчылык жараттыбы?

Абдраим Касымов:- Көпкө айдалбай бузулуп турган экен. Эки мотордун бир эле мотору эле иштеди. Болгону эки мосту иштейт экен. Эми ал БТРге 60 жыл болгон го эптеп-септеп акырындан айдап чыгып, эмнеси болсо дагы жаштарга дем берсин, шыктандырсын, элдин духун көтөрөлү деген ой болгон. Ошондуктан айдап бардык. Брондолгон темир болгондуктан ага ок өтпөйт. Ошондой болсо дагы ичинде толугу менен ок жабдуулары бар экен. Толук октору менен эки пулемету бар болчу.

“Азаттык: Өкмөт үйүнүн үстүндөгү снайперлерди карай атканда улам - улам пулемет иштебей калды деп айтып жүрүшөт. Ушунун чындыгы барбы?

Абдраим Касымов: Жок, пулемет иштеп жаткан кичинекей пулеметтун окторун жаш балдар талап, тоноп кетип калыптыр. Анан чоң пулемет менен биз айбат кылалы десек, пулеметту колдонгонду жакшы билген жигит таппай калдык. Издеп жатып жаш кичинекей жыйырмадагы жигит “байке мен армиядан бир жолу атып көргөм” дегенинен ошол тажрыйбасы деле жок баланы отургузуп, алып ошол балага Өкмөт үйүнүн үстүн карай аттырганбыз. Болбосо мен рулда эле отургам да БТРди айдап чыккан бойдон. Ошол бала “байке эмне кылайын, кайда атайын?” дегенинен, өкмөт үйүнүн үстүн карай ат деп буйрук берип эле жаттык.

“Азаттык”: Сиздерге карай Ак үй тараптан атылган октон кандайча аман калдыңыз?

Абдраим Касымов: Көрө турган күндөрүбүз бар экен, кудай таалама ыраазымын. Шүгүрчүлүк келтирем, эми ажал жок өлбөй калганыбыз менен жакшынакай жанагы өлүп кеткен балдарды эч качан унутпаш керек. Ошол бүт жигиттер биздин жүрөгүбүздө жашаш керек, алар биз үчүн өлгөн жок. Бир туугандары билип, койсун. Алар өлгөн жок, алар деген биздин жүрөктө жашап жатат. Эр жигиттер, ошол баатырлар биздин жүрөгүбүздө өмүр бою жашайт. Негизи тарыхында кала турган ишти жасады ошол жигиттер. Аларды эч убакта унутпашыбыз керек, эч убакта. Кудайга шүгүр аман калдык, ошолорду элестеп, дайым аларды эстеп, туруп, ошол кан төгүлгөн аянтта бийлик өкүлдөрү, эл үчүн ак кызмат кылабыз деп, ант берип, ыйык жайга айландырууну биздин чоңдорго айтып, кайрылуум бар эле. Ушундан кийин элди алдап, ар-намысты көтөрө албайм, көтөрбөйм деп, өз чөнтөгүн толтурам, деген киши болсо, бийликке келбей эле койсун. Көрүп, билип калды, андан көрө бийликке келбей эле койсун. Эл үчүн, жер үчүн, Кыргызстан үчүн иштейм деген кишилер келсе, биз ошого ыраазы болот элек. Ылайым мындай каргашалуу окуя болбосун. Кыргызстандагы жашаган бардык улуттар, элдер ынтымакта жашап, келечегибиз кең болсун. Тынчтык болуп, элге каршы ок аткандар мыйзам чегинде жазасын алсын.

“Азаттык”: Сиз учурда канча жаштасыз?

Абдраим Касымов: Мен быйыл 45ке толдум.

Азаттык”: Баладарыңыз барбы?

Абдраим Касымов:
Эки кызым, бир уулум бар. Алардын келечеги үчүн ушул окуяга аралашып, ыңкылапчы аталып калдым.

XS
SM
MD
LG