Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:40

Окко учкандардын көбү - жаштар


“Ак шумкар кут” жаштар бирикмесинин өкүлдөрү бүгүн Мамлекеттик тарых музейинин алдына боз үй тигишип, кечээки окуяларда окко учкан жаштардын арбагына куран окушту. Бирикме 7-апрелде каза тапкан жаштарды эскерип, аза күтүү расмисине даярдык көрүү демилгесин көтөрдү.

«Ак шумкар кут» жаштар бирикмесинин өкүлү Мирлан Жолдошбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче кечээ Ак Үй алдында окко учуп, каза тапкандардын көбүнүн денелери Бишкек шаардык өлүкканасында калууда.

- Азырынча алар моргдо турушат. Маркумдарга «Ата-Бейиттен» да орун беребиз деген сөз болуп атат. Бирок бул нерсени акырына чейин колдоп бергендер жок.


Саламаттыкты cактоо министрлиги кечээки окуяларда каза тапкандар саны 75ке жетип, жарадарлар саны 500гө чукулдап калганын билдирүүдө. Тополоңдо окко учкандардын көбү жаштар болгону кабарланууда.

Бишкек шаардык өлүкканасына кечээ түнгө карай 50гө чукул сөөк жеткирилген. Бүгүн оор жаракаттан каза тапкандар көбөйүп, өлүкканага кошумча денелер Улуттук госпитал, Хирургиялык борбор жана №4 Бишкек шаардык ооруканасынан түшүүдө.

- Азыр сөөктөрдү таануу иштери жүрүүдө. Четинен берип атабыз. Саны боюнча эч комментарий бере албайбыз. Бизге дагы эле сөөктөр жеткирилүүдө.

Соттук-медициналык экспертиза боюнча республикалык бюросу маркум 34 адамдын денеси таанылганын билдирүүдө. Бүгүн алардын сөөктөрү тууган-туушкандарына берилди. Бирок дагы 41 адамдын денеси таанылбай өлүкканада кала берүүдө.

7-апрелде өткөн окуяларга жаштар салымы зор болгону айтылып, бүгүн Ала Тоо аянтында жаштар убактылуу өкмөт курамына жаштардын өкүлдөрү киришин талап кыла баштады.

Кечээтен бери борбордук аянтта жүргөн Рахат Маниязов “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Бизде бардыгын ушул жаштар кылбадыбы. Бүт баары жаштардын мээнети да. Мунун баарын ким кылды? Жаштар кылды. Ушул жаштар чыкты. Турду баарына. Акаевге каршы да чыгып беришкен. Мына Бакиевге каршы да чыгып беришти. Эми эскилердин баарын алып келсең эски бойдон калат. Баарын алмаштырыш керек.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче ушу тапта ооруканаларда жаракат алып жаткандардын эң жашы 15те болууда.

XS
SM
MD
LG