Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Акылдуу эл терең агат


“Бакиев жана анын желдеттеринин огунан курман болгондордун мемориалдык тактасын ачып жаткандагы президентибиздин көз жашы бүтүндөй энелердин, бүтүндөй кыргыз элинин көз жашындай туюлду. Мындай Эне-Президент эч качан элин жаман турмушка алып барбайт!

Эгемендик күнүн Түштүгүбүз түп көтөрүлө тосту. Ош шаарындагы салтанатты баарыбыз көрүп, жетине албай кубанып турдук.

Ооба, азырынча казынабыз толбой, жонубуз жукарып турат. Кандай гана революция болбосун алгач ушундай болору эзелтен белгилүү. Бул күндөр да өтөт. Мамлекетибиз буюрса тез эле ирденет. Көралбастардын көзүнө көр топурак. Анткени элибиз акылдуу. Президентибизди бүгүн канчалаган өлкөнүн жетекчилери куттуктады. Аталган факт “бийлик легитмсиз” дегендерге германдык фашисттерге “Курск дугасында” сокку урулгандай сокку болду!”.

“Форум” гезитиндегеи баш макаласында журналист Баратбай Аракеев ушинтип жазды.

Гезит мындан тышкары КСДПнын башчысы Алмаз Атамбаев Москвага Владимир Путин менен жолугушканы кеткенин, президент Роза Отунбаева Сингапурдан жеңиш менен келген кыргыз балбандары, алтын медалдын ээси Урматбек Аматовду 10 миң доллар, коло медалдын ээлери Шадыбек Сулайманов менен Болот Токтогоновду 5 миң доллар менен сыйлаганын, Улуттук университеттин алдындагы аскердик кафедранын жоюлушуна генерал-лейтенант Исмаил Исаков каршы экенин билдиргенин кабарлады.

Бундестагдын депутаты Виола фон Крамондун “Кабар” маалымат агенттигинен көчүрүлүп жарыяланган интервьюсу: “Менин миссиям – Бакиев чыгарып кеткен капиталды Кыргызстанга кайтаруу” деп аталат. Августтун 25инен 29на чейин Бишкекте болгон Европа делегациясы президент Р. Отунбаева менен жолукканын, Бундестагдын депутаты өз сөзүндө: “Биз бардык зарыл нерселерди жасоого тийишпиз, мен өзүмдүн милдетимди Максим Бакиев Британиядан саясый баш калка ала албасынан көрөмүн. Батыш өкмөтү мурдагы Бакиев режиминин өкүлдөрүн сотко, Кыргызстанга келүүгө мажбурлоого жардам берүүгө тийиш” деп айтканын басты.

“Кыргызстандын чөгүп кетпей жашап атканы – мугалимдердин эмгеги” деп айткан президент Роза Отунбаеванын Нарындагы жолугушууда сүйлөгөн сөзүн шилтеме кылган “Кыргыз туусу” гезити өлкөдө окуу жылы шаңдуу башталганын баяндаган макалаларга, репортаждарга, “Ош шейиттери” коомдук бирикмесинин төрайымы Тургунайым Айтиеванын “Аралаш жашасак жиктешүү болбойт” деген аталыштагы маегине орун берди.

Тургунайым маегинде: “Ош шаары Кыргызстандын 2-борбору. Ошондуктан шаардын борбордук бөлүгүнө көп кабаттуу үйлөр салынбаса болбойт. Ак-Буура дайрасынын тазалыгы, кышкысын түтүндүн аз болушу, экологиялык тең салмактуулуктун сакталышы сыяктуу олуттуу көйгөйлөр чечилет. Эгер өзбек туугандар жеке менчик тамдардан чыккылары келбесе шаар сыртындагы аймактарга барып жашай беришсин. Дал ушундай болгондо гана жик-жикке бөлүнүү болбойт” деп белгиледи.

“Кыргыз туусунун” жума күнкү санынан ошону менен бирге эле Тажикстандагы Согди облусуна караштуу Исфара районунун Шураб шаарындагы №11 кыргыз мектебине “Кыргыз эл” коомдук уюму тарабынан 15 түрлүү 400гө жакын китеп берилгенин, кыргыздар ГЭСтерди өз алдынча кура ала тургандыгын далилдегенин, Алтайдагы Манас көлүнүн суусу Ысык-Көлгө куюлганын баяндаган маалыматтарды тартуу кылды.

“Кыргыз руху” гезити Ош, Жалал-Абаддагы кыргыз-өзбек кагылышынан кийин Фергана.ру сайтында кыргыздарды каралаган көптөгөн макалалар жарык көргөнүн мисалдап, Кыргызстанда жашап турган саясат таануучу Александр Князевдин кыргыз элин жаманаттылаган жандимилиги жагдайына каяшасын билдирген.

“Күрөш "Ата Мекен” менен КСДПнын ортосунда жүрөбү?” деген макалада шайлоого аттанган оңчул жана солчул партиялардын саясый салмагы таразага тартылган. Божомолдор айтылган.

Журналист Азизбек Келдибековдун макаласы “Акаевдин Ак үйдө баркы канча?” деген ат менен жарыя болду. Анда Ак үйдүн курулуш таржымалы, ага кирип, кайра куулуп чыккан президенттер жөнүндө баяндалып: “Кудай эми мындан ары Ак үйдү өрттөн, басып алмайлардан сактасын деп, тогуз токоч баабедин өткөзүп туруп, элдин керегине жаратар убак келди” деп жазды.

Бүгүн жарыкка чыккан “Жаңы агым” гезити саясый партиялардын “санжырасына” саресеп салган макаласын “Калбырлуу “Ата Журт”, “аллергия” жана”секирчээктер” деп атады.

Кудурет Тайчабаровдун репортажы “Кырк жыл күткөн Камбар-Ата” деп аталат.

Гезит муну менен бирге эле “Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов аялы менен Кытайдын Үрүмчүсүндө эс алып жүрөт” деп, “КСДП партиясынын катарына Аскар Салымбеков эмес, анын агасы Маамытбай Салымбеков кирди” деп, “Экс-вице-спикер Кубанычбек Исабеков Темир Сариевдин этегине эрмешип, “Ак шумкарга” кирди дегенди кулагыбыз чалды, Исабеков учкашкан эки президент тең Мекенинен куулду эле, эми Сариев эмне болор экен” деп, “Алик Орозов Россиянын атуулу экен деген кабар жалган болуп чыкты” деп, “Азаттык” үналгысынын деректиринин кызмат ордуна конкурс жарыяланды, “Азаттыктын” белдүү журналиси Бүбүкан Досалиева мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчылыгына барды, андан мурда “Азаттыктын” Бишкектеги жетекчиси Кубат Оторбаев Улуттук телерадио крпорациясына баш деректир болуп кетти эле, Отунбаеванын өкмөтү “Азаттыкты” ушундай жол менен “алсыратууда” деп, “Чолпон Баекова “Содружество” партиясына кирейин десе, аталган партия “жок” деп жооп бериптир” деп маалымат таратты.

Зайырбек Ажыматов шайлоо тууралуу макаласын “Партиялар элге платформасы эмес, курал-жарагы менен чыгабы?” деп атаса, Темирбек Алымбеков Кыргызстандын кен байлыктарынын азыркы абалы тууралуу кеп кылды.

Назгүл Калмамбетованын макаласы Ош менен Жалал-Абаддагы каргашага кайрылып, ошол окуянын айрым күбөлөрүн сөзгө тарткан.

“Жаңы агымдын” бул жолку маектеши белгилүү ырчы Малик Аликеев болуп, балалык чагын, кантип ырчы болуп калганын, ой-максаттарын айтып берсе, кинорежиссер Нурбек Эгендин маеги “Жакында Манастын төрөлүшүнө ишенем” деген аталыш менен сунушталды. Нурбек Эген маегинде жаңы тасмасы болгон “Манастын төрөлүшүн утурлай” жана чыгармачылык өнөрканасы жагдайында кеп курган.

Кыргыз эл артиси, белгилүү обончу Арзыбек Бедияров Кытайдын Үрүмчүсүндө жашаган Арзыгүл аттуу кызга жолуга албай жүргөнүн, ал кызды түшүндө көргөндөн кийин жандүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп, ошондон улам “Түшүмө кирдиң түндө сен” деген ырын жазганын жана дагы башка кызыктуу сырларын төгүп берген.
XS
SM
MD
LG