Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

Башкы маселе – Баш мыйзам


Бүгүн бир гана гезит жарык көрдү.

Массалык маалымат каражаттарын колдоо боюнча борбордук фонддун басамаканасы бузулуп калгандыгана байланыштуу бүгүн чыга турган гезиттер чыкпай калганын гезит тараткычтар айтышты.

Колубузда жарык көрүүгө үлгүрүп калган “Форум” гезити бар. Баяндамабыз ушул гезит аркылуу болот.

Таласта 20 жылдан бери Айдар менен Максимдин көзөмөлүндө жүргөн “төө буурчак” да акыры “боштондукка” чыкканын, маселен Максим Бакиев өз баасы 100 сомдун тегерегиндеги 1 килограмм төө буурчакты болгону 20-30 сомдон гана сатып алып, кайра аны Түркияга он эсе кымбат сатып, ортодогу опол тоодой акчаны чөнтөгүнө салып келгенин, жакында Түркияга барып келген Алмазбек Атамбаев төө буурчак маселесин биротоло чечип келгенин, эми мындан ары түрктөр Таластын төө буурчагын эч кандай ортомчусуз эле дыйкандардын өз колунан, жылыга 30 миң тоннадан сатып алып турарын, буюрса карапайым дыйкандардын мээнети кайтарын кабарлады.

“Форум”
гезити бүгүнкү санына Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын “Азаттык” радиосунун кабарчысы Бурулкан Сарыгуловага берген интервьюсун көчүрүп жарыялады.

Референдум жагдайына токтолгон Роза Отунбаева бир эле Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунан 300дөн ашуун байкоочу келе турганын, андыктан 27-июнда референдумду өткөрүп, кудай буюрса Конституциябызды бекитип алуу менен чоң иш жасаган болорубузду айткан.

Кабарчынын: -Өткөөл президент деген референдумдун бюллетенинде эмне үчүн өзүнчө коюлган жок, мунун себептери эмнеде?- деген суроосуна Роза Отунбаева:

- Ар бир Конституция ишке ашырылышы үчүн өткөөл мезгил жана өткөөл жоболор иштелип чыгат. Башмыйзамда өткөөл президенттин орду бул бир эле статья, өзүнчө бир тепкич. Мен болсом мени сынагыла, мен президент болоюн деп чыгып аткан жокмун. Мен ага муктаж эмесмин. Конституцияны ишке кантип киргизиш керек деп ортодо турган адаммын. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү шайлоого кеткенде, келерки шайлоо ачык-айкын, обьективдүү түрдө өтсүн деген жүк мага жүктөлүп атат. Мен ошону жасашым керек,-деп жооп берди.

“Форум”
гезити “Аалам Айтматовсуз эки жылды карытты” деген ат менен композитор Муратбек Бегалиевдин маектешүсүн басты. Улуу жазуучу тууралуу аңгеме курган белгилүү композитор Бишкек шаарын Чыңгыз шаары деп атоо сунушун кийирген.

Басылма “Гаваи окуясы” деген рубрика алдында “Токмоктогу тополоңдун чын-төгүнү кандай болгон?” деген аталыштагы макаланы, болуп өткөн окуяга карата ой-пикирлерди окурманадардын элегине салган.

“Шералы Назаркуловго “Кыргыз эл баатыры наамын берүү керек”. Мына ушундай маанидеги макалага колдорун койгон алты автор кезинде Үзөңгү-Кууштун Кытайга кетишине байланыштуу ачкачылык жарыялап, анын 28-күнүндө жаны кыйылып кеткен Шералы Назаркуловдун Акаев бийлиги менен күрөшүүдөөгү эмгеги зор болгонун, андыктан баатырлык наамга татыктуулугун белгилешкен.

Журналист Баратбай Аракеевдин макаласы “Бийликти колдон чыгарба” деп аталат. Автор: “Саясатка да, турмушка да бышкан акылдуу жан эмеспи, Отунбаева айым туура жолду тандап алды, парламенттик шайлоого барам деген Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кызматтарын өткөрүп берет да президенттин алдындагы “саясый кеңешти” түзүп, башкаруу ролун жоготушпайт.

Ушул тапта мамлекетибиздин саясый-экономикалык абалын туруктуулукка алып бараткан Атамбаев, Исаков, Сариев, Бекназаров, Каптагаев, Шернияз кызматтарын таштаган күндө деле аралаша иштей бериши керек деген ойдомун” деп жазып чыкты.

Баратбай Аракеев андан ары Убактылуу өкмөт мүчөсү Темир Сариев жакында Ысык-Көлдө болгонун, ушул тапта кайчы пикирлер кармашып жаткандай заман болгону менен элдин басымдуу көпчүлүгү Убактылуу өкмөт сунуш кылган референдумду колдоп атканын, ага бут тосом дегендер эч нерсе кылалбастыгын, референдумдун кабыл алынышы менен “легитимсиз” дегендердин мизи кайтарыларын, ансыз деле Кыргызстандын жаңы бийлигин Россия, Америка, Кытай, Германия, Япония, Франция сыяктуу кудуреттүү мамлекеттер кадимкидей колдоп келатканын кеп кылды.

Гезит андан ары Убактылуу өкмөттүн төрайымынын 1-орунбасары Алмазбек Атамбаевдин Түрк мамлекетине жасаган үч күндүк сапары олжолуу болуп, 21 млн. доллар көлөмүндөгү грант берүү маселеси чечилгенин, 7-июнга караган түнү өлкөнүн түштүк аймагындагы кылмыш дүйнөсүнүн белгилүү өкүлү, “Черный Айбек” деген атка конгон Айбек Мирсидиковго кол салынып, аны менен кошо үч адам каза болгондугун, ал кылмыштуу топтордун өз ара кармышынын айынан ажал тапканын, муну менен Бакиевдер кылмыш дүйнөсүндөгү жөлөк-таягынан ажыраганын, Баш мыйзамды Венеция комиссиясы толугу менен колдоого алганын кабарлады.

“Форум” гезити ошону менен бирге эле Ош менен Жалал-Абаддын айрым райондорунда бардыгы болуп 2 миңден ашуун үй жабыр тартканын, Сузак районунда 1719 үйдү, Жалал-Абад шаарында 185 үйдү сел каптаганын, мунун ичинен 18 тамдын дубалы урап калганын маалымдады.
XS
SM
MD
LG