Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Жылаңач эркиндик кимге керек?


Бүгүнкү гезиттер эмне дейт?

“Форум” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Крысалар кача баштады. Эй, кайда?” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачып, “акжолчуларды” ушул жаныбарга салыштырып: “Крыса деген кеме чөгө электе качат дечү эле, а булар болсо кеме чөккөндөн кийин качып жатышпайбы, эми алар мага демектен партиясын өрттөп жиберсин, эч ким ишенбейт” деди.

Автор андан ары: “Убактылуу өкмөттүн кеңешмесин толугу менен көрсөтө берүүнүн зарылдыгы деле жок, анткени ар кандай эмоциядагы айтылган сөздөр, эл арасында ар кандай талкууларды пайда кылат, албетте ачыктык керек, бирок сөз эркиндиги десе эле баарын жылаңачтаган “турсийчен” эркиндиктен пайдасынан зыяны көп” деп жазды.

Маданият министринин милдетин аткаруучу Р. Момбеков маек куруп, 28-майда кечки саат 4тө - Токтогул атындагы улуттук филармонияда маркум Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси болорун кабарлады.

Ушул эле “Форум” гезитине Кыргызстандын жаштар иши боюнча министринин милдетин аткаруучу Алясбек Алымкуловдун маеги жарык көрдү. Окурмандарыбызга айта кетели, 7-апрелдеги кандуу окуяда Алиясбекке шыпшайдарлардын эки жолу огу тийген. Биринчи ок колуна тийип далысын тешип чыкса, экинчи ок мурдунан кирип мойнунан чыгып кеткен. 39 жашта.

Алиясбек "Манас" баш болгон эпостордун баарын, кыргыз тарыхын Алымбек даткадан тартып, Курманжан даткага чейин жакшы билерин, 7-апрелге чейин эле бийликтин жүргүзүп келген саясатына каршы болгонун, бир ирет Нарындан досу чалып, Бакиевдер Жетим Тоону, Аксай менен Арпаны Кытайга сатып жибергенин айткандан кийин анын чыдамы такыр эле түгөнгөнүн, аңгыча генерал И. Исаковду жалган жалаа менен камашканын кеп кылган.

Спецназда тааныштары болгондуктан аларга барып: “Эртең элге ок ата көрбөгүлө деп жалынып, ал тургай ыйлап айтканын, анысына айрымдары макул болсо, айрымдары унчукпай койгонун, бирок узап баратканда бирөө: “Байке, сак болуңздар, эртең баары бир атат, биз атпаган күндө да чет өлкөдөн Максим жалдап келген снайперлер атат” деп айтканын айтып берген.

Алиясбек андан ары 7-апрелге оогон түнү эки жарымда оппозиция лидерлерин камакка алышканын, ага ошол түнү органдагы таанышы чалып: “Биринчи Болот Шерниязовду өлтүрмөкчү болушту. Ага ийне саят. Анын сөөгүн калган лидерлерге көрсөтүшөт. Эгер буга да моюн сунушпаса, анда баарын өлтүрүшөт, сактангыла” дегенин, анан эртеси 7-апрель күнү үй-бүлөсү менен коштошуп, атасына: “Ата мени ушул кезге дейре тарбиялап, жолго салганыңызга ыраазымын” деп колун өөп, иштеген жерине келип “керээз катын” жазып, “Форумдун” алдына келгенин, андан кийинки окуялар андан ары кандайча өнүккөнүн кенен баяндап берген.

“Көк асаба”
гезити “Мекен шейиттери” коомдук бирикмеси АКШ, Орусия, Казакстан президенттерине кайрылуусун жарыя кылды. Кайрылууда: “Минск менен Кишиневдо кабыл алынган Эл аралык конвенцияга таянуу менен Бакиевди экстрадициялооңуздарды суранабыз. Мындай кадам өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн, эң негизгиси Кыргызстандын эркин келечеги үчүн окко учкан баатырларыбыздын ата-энесинин моралдык канааттануусу үчүн абдан зарыл” деп жазылган.

Аталган басылмада мындан сырткары Бишкектин борбордук аянтындагы түндүк көтөргөн аялдын эстелигин алып салуу боюнча ой-пикирлер, журналист Кенжалы Сарымсаковдун Урмат Барктабасов тууралуу жазган “Урматтын деми, жөндөмү, ой кумары” аттуу макаласы, жазуучу Асыкбек Оморовдун “Х1 кылым. Византия империясындагы согуш. Кыргыз баатырлары” деген тарыхый баяндамасы бар.

“Алиби”
гезити “Жаңы президентиңер менен!” деген рубриканын алдында “Отунбаеванын ооматы келди” деген макала менен жаңы санын ачты. Баяндамачы Үсөн Касыбеков Убактылуу өкмөт түзгөн бийлик бутактары тууралуу сөз козгогон.

Ушул эле басылмага белгилүү саясатчы Аликбек Жекшенкулов маек куруп, өзү жетектеген “Акыйкат” партиясы шайлоолорго даярдык көрө баштаганын, Убактылуу өкмөткө жалпысынан көз карашы түз экенин, албетте кемчиликтери да бар экенин, аны өздөрүнүн беттерине ачык эле айтып келатканын билдирди.

Телефондогу сүйлөшүүлөргө токтолуп: “Эми мындай болушу мүмкүн эмес. Азыр эл өзгөрүлдү. Коом өзгөрүлдү. Эгер булардын жанагыдай сүйлөшүүлөрү болуп, былгытмалар чыгып калса эл башында турган лидерлер жашырбастан кызматтык иликтөө жүргүзүп, коомчулукка билдириши керек” деп айтты.

Түштүктөгү кагылышуулар тууралуу Жекшенкулов анын партиясында түштүктөн кыргыздардан тышкары өзбектер да бардыгын, алардан такай маалымат алып турарын, кыргыз болсун, өзбек болсун, бүгүн кагылышууну каалабастыгын, баса ал Кыргызстан боюнча “Ынтымак” программасын түзүү сунушу менен кайрылганын кошумчалады.

Журналист Зулпукар Сапанов макаласын “Өздөн чыккан жат жаман” деп атап, түштүктөгү канга жуулган окуяны, анын күнөөкөрлөрү тууралуу баяндап, телефондогу сүйлөшүүлөрдү ачыкка чыгаруунун канчалык мыйзамдуу жана мыйзамсыз экендиги жөнүндө кеп кылган.

“Кыргыз туусу”
гезити Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кыргызча текстин жарыялады.

Аталган гезит “Интернеттеги сөз чукумай, бийликтеги көз чукумай”, “Башмыйзам – калыстыктын жүрөгү бол, эртеңки элдин үмүт-тилеги бол” деген аталыштар менен жарык көрдү.

Кочкорлук окурман Алмазбек Асановдун каты “Сары Булак айылы мектепке муктаж” деп аталат.

Бишкектик А. Умаровдун каты “Өлгүм келет, спонсор керек” деген ат менен жарыяланды. Автор көрүстөн көйгөйү жөнүндө сөз кылып, мындан 5-6 жыл мурун эки метр жердин баасы- 1000-2000 сом болсо, азыр 15-25 миң сомго чейин жеткенин, көр сатуу кадимки эле соодага айланганын, эгер тааныш-билиш тапсаң маркум толгон – токой чыгымынан тышкары 10-11 миң сомго жайына коюларын какшаган.

Окурман андан ары “Бул жерде бир нерсе түшүнүксүз. Мүрзөдөн түшкөн миллиондогон акчалар кайда кетип, кимдин чөнтөгүнө түшүп жатат? “Балык башынан сасыйт” демекчи, барган сайын заман бузулуп, турмуш кымбаттап, өлүм да кымбаттап, бай чиновниктерден башка карапайым калкка эле кыйын болду. Эгерде мүмкүн болсо жогору жактан ушуга тиешеси бар кишилерби, Убактылуу өкмөттүн жетекчилериби же мэриянын кызматкерлериби, кимиси болсо да бул маселеге же көр сатуу маселесин карап койсо жаман болбос эле” деп жазды.

“Кыргыз туусу” ошондой эле БУУ Кыргызстанга 12 млн. АКШ долларын бөлүп бермекчи болгонун, америкалык ортопеддер кыргыз ортопеддеринен, тактап айтканда белгилүү дарыгер Сабырбек Жумабековдон тажрыйба үйрөнүп жатышканын кабарлаган.
XS
SM
MD
LG