Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:24

М.Ниязов: “Ким бийликти башкарууга жөндөмсүз болсо, ал басып алат”


“Ачык саясат” гезити генерал Мирослав Ниязовдун “Эл сөзү” гезити орус тилинде жарыялаган “Бийликтин алсыздыгы” аттуу макаласын кыргыз тилинде сунуштады. “Агым” гезити Султан Раев кызматтан кетер замат анын ордуна опера жана балет театрынын деректири Болот Осмонов менен улуттук филармониянын деректири Керим Тураповдун буту-бутуна тийбей чуркай баштаганын кабарлады.

Жети ай бою жарыкка чыкпай келаткан “Ачык саясат” гезити бүгүн жарыкка чыкты. Генерал Мирослав Ниязовдун маеги “Оппозиция десе эле бийликти сөккөндөрдү түшүнүп жатабыз” деп аталат. Баяндамачы Үсөн Касыбековдун тариф төлөмдөрүнүн кымбатчылыгын жиликтеген макаласы “Фокусник” деген ат менен жарык көрдү.

Медиа-эксперт Шамарал Майчиевдин маеги “Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелүү” деп аталып, анысында Шамарал мырза өзү эмгектенген мекемеде журналисттер үчүн коопсуздук брелоктору сатыларын, кокус коркунуч туулуп калса кнопканы бассаң спутниктен сигнал келип, ким, каерден жабыр тартып аткандыгын так аныктоого болорун, баасы 350 доллар, бирок тейлөөсү бекер экендигин айтып берген.

Генерал Мирослав Ниязовдун “Эл сөзү” гезити орус тилинде жарыялаган “Бийликтин алсыздыгы” аттуу макаласын “Ачык саясат” гезити кыргыз тилинде сунуштады. “Күч органдары менен сот системасы бийликтин кол баласына айланды. Билим берүү жана медицина коррупцияга батты. Журналисттер менен оппозиционерлердин оозун басып, бардык каршы пикирлерди муунтуп, элдин үстүнөн жетишилген жеңишти майрамдоо гана калды. Эгер негизги максат ушундай болсо, анда бул акылсыз, табиятынан жапайы, адамзатты жек көрүп, уятсыз бийлик менен акчага чаташкан ниет. Мындай бийликтин келечеги жок. Чектелген гана убакыт бар. Ким бийликти башкарууга жөндөмсүз болсо. Ал басып алат” деп айтты генерал Мирослав Ниязов.

“Кыргыз туусу”
гезити кечээ өкмөт үйүндө Кыргызстандын президенти К. Бакиевдин төрагалыгы менен президентке караштуу Инвестициялык кеңештин жыйыны өтүп, президент өз сөзүндө башкаруу реформасы башталганына, ар бир чечим кабыл алынардан мурда кызыкчылыгы бар топтор менен макулдашып алуу өзүн актап жаткандыгына, бул өлкөнүн туура жолдо баратканын билдирерин белгилегенине басым жасаган.

Аталган гезит андан ары “Инвестициялык кеңештин 2010-2011-жылдарга карата иш планынын долбоору бекигени, Кыргызстан бизнес жүргүзүү жаатында өзүн реформатор мамлекет катары көрсөтө алгандыгы, Борбор Азия боюнча 1-орунду ээлей тургандыгы, бизнести ачуу процедураларынын жеңилдиги боюнча дүйнөдө 14-орунду ээлегендиги белгиленди” деп жазды аталган гезит.

“Пресс kg” гезити баяндамачы Үсөн Касыбековдун кыргыз бийлигинин саясый түзүлүшүн, Данияр Үсөнов кийирген зомбулук тарифин, Атамбаев атаган Кокон хандыгын талдоого алган “Орто кылымга карай алга” деп аталган макаласы менен бүгүнкү санын ачып, кызматынан күтүүсүз алынган Султан Раев тууралуу чакан макала жазып: “Ибрагим Жунусов менен Керим Турапов “маданиятка чоң болсом” деп ак эткенден так этип жүрчү эле, эми экөөнүн биринин көңүлүн алышат го” деп кабар таратты.

“Форум” гезити депутат Роза Отунбаева баштаган оппозициялык саясатылар Болот Шерниязов, Эркин Алымбеков жана башкалар Орусия Федерациялык Кеңешинин спикери Сергей Мироновдун чакыруусу менен Маскөөдө өтө турган социалисттердин дүйнөлүк чогулушуна катышуу үчүн жөнөп кетерин, Максим Бакиевге баш ийген И. Чудиновдун айтымында ал жетектеген Фонд акыркы 4 айда 572 миң доллар таза киреше тапканын, “Эл сөзү” гезити сот чечими менен 500 миң сом, журналист Рыскелди Момбеков 55 миң сом айып пулга жыгылганын, ага байланыштуу дагы 12 миллиондук доо арыздар каралып жатканын, алайлыктар эгер сот адилетсиз чечим чыгарса Алайдан Бишкекке чейин жөө, атчан жана автожүрүш жасайбыз деп турганын, Курултайга катыша турган делегаттардын тизмеси Акүйдүн тиешелүү бөлүмдөрүндө эбак эле даярдалып коюлгандыгын, гезитке жеткен маалыматтарга караганда президенттин жеке укугу менен чакырылуучу көркөм интеллигенциянын көчүн Кыргыз эл баатыры Төлөгөн Касымбеков, Кыргыз эл жазуучулары Асанбек Стамов менен Бексултан Жакиев баштайт имиш деп, кытайлашууга камкордук көрүлө баштады, мунун мисалы катары Бишкекте кытай тилинде мектеп ачуу долбоору алгачкы кароодон өттү, өз мектеби үчүн кытай тарап 50 млн. юань убада кылган деп маалымдады. Гезитте булар менен бирге эле “Курултай Бакиевдин тойбос саясатын колдоп бата берип, легитимдештирет” деген ат менен белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаевдин интервьюсуна, генерал М. Ниязовдун орус тилиндеги “Бийликтин алсыздыгы”, Б. Бешимовдун орус тилиндеги: “Бөлөкчө ойлонгондорду өлтүргөндөрдүн артында кимдер турат?” деген орус тилиндеги макалалары да жарыяланган.

“Агым”
гезити ушу тапта Султан Раев кызматтан кетер замат анын ордуна опера жана балет театрынын деректири Болот Осмонов менен улуттук филармониянын деректири Керим Тураповдун буту-бутуна тийбей чуркай баштаганын, бирок булардын кимиси болорун бир кудай, анан бир К. Бакиев гана билерин кабарлады.

“Уруу урааны улутту уютабы же курутабы?” Гезит бүгүн өлкөдө урууулук түзүлүштү калыбына келтирүү аракети күч алганын белгилеп, буга карата “Бата” руханий-изилдөө борборунун деректири Кадыр Кошалиевдин “Ата-бабалардын жолун улантпасак болбойт” деп аталган жана журналист Алым Токтомушевдин “Уруу – улуттун бала чагы” деп аталган макалаларын окурманга сунуштады. Кадыр Кошалиев кыргыздын мындан аркы өнүгүүсү урууулуктун башын бириктирген коом түзүлүшүнөн турушу керектигин, уруулук – бөлүнүү эмес, биригүүнүн жолу экендигин айтса, Алым Токтомушев тарыхта сайда саны, кумда изи калбай далай көчмөн элдер жок болуп кеткенин, эми көчмөндүктү калыбына келтире турган каражат аны жактагандардын башында турган Дастан Сарыгуловдо эле болбосо башка эч кимде жоктугун, кыргыз буга чейинки жашоосунун барында урууулукка кокодон чыкканча тоюп келгенин кеп кылган.

“Кыргыз руху” гезити Маданият агенттигинин деректири Султан Раевди парламент саясый көз карашы ката сүрөтчүнүн көргөзмөсүн уюштурасың деп кызматтан айдаганга дейре күнөөлөгөнүн жапайычылык, түркөйлүк деп баалап: “Кыргызстанды сүйгөн, кыргыз элин сүрөткө тартып, чыгармаыл илхамын кыргыз элине арнаган адамга мындай мамиле кылуу накта наадандык. Дал ушул Улукбек Ормонов, Кубаныбек Исабековго окшогон искусствону түшүнбөгөн түркөйдлөр илгери кыргыздын мен деген таланттарын “сасясый ката” деген доомат менен түрмөгө отургузган” деп жазды.

Гезит:
- Саясат таануучу Александр Князев Максим Бакиевге каршы Орусияда 18 кылмыш иши ачылганын айтса, президенттин катчылыгы жана Максим бул маалыматты жокко чыгарды. Сиз кандай деп ойлойсуз?- деп суроо салып, төмөнкүдөй жоопторду алды.

Э. Каптагаев: - Анын айткандарында сөзсүз чындык бар. Ал эми ишканалар Максимге катталбай, башкалардын атына жазылса керек. Ошон үчүн тиешем жок деп танып жатат.

А. Бекназаров:
- Князевдин артында Орусия эле эмес, бүтүндөй КМШ турат. Ал КМШнын Кыргызстандагы өкүлү. Анын артында Орусиянын көмүскө пикири катылып жатат. Максим ага каршы актангандан башка жол таппай жатат. Анчалык кыйын экен “жалган жалаа” деп сотко бербейби. Кыйын экен Князевди Кыргызстандан айдап чыкпайбы. Анте албайт. Анткени Князев көчөдөгү адам эмес, көчө сөзүн сүйлөгөн жок, ишенген булагы, таянган күчү бар үчүн сүйлөп жатат.

ЖК депутаты Б. Абдразаков:
- Мен анын кандай болгондугун, эмне деген кылмыш иши козголгонун айталбайт экемин.

Ө. Текебаев: - 2006- жылы Бакиев “Балам саясатка киришпейт, бизнес менен алектенет” деген. Ошондо биз парламенттик комиссия түзүп, Кыргызстандын фиксалдык органдарына суроо жөнөткөнбүз: “Максимдин кандай бизнеси бар?” жана “канча салык төлөйт?” деп. Ошондо атасы бизнесмен деген Максим Бакиев Орусиянын казынасына да, Кыргызстандын казынасына да 1 тыйын салык төлөбөгөндүгү жөнүндө жооп алганбыз. Ушунун өзү булар мамлекетке ачык салык төккөн бизнести бизнес деп түшүнбөй, жашыруун акча табуу, бирөөлөрдүн үстүнө үстөккө отуруу, өзүнө эмес, башкаларга жаздырып коюп акча табууну бизнес деп түшүнөт деген жыйынтыкка алып келет.

Кайрадан жарыкка чыга баштаган “Алиби” гезити президент К. Бакиевге БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун “Адилеттикти орнотууга жардам бериңиз?” деген ат менен кайрылуу катын жарыя кылды. Жуналист Нурбүбү Бөдөшованын макаласы “Ак жолчу” айым да алдайбы?” деп аталат. Журналист Машакбай Рахманкуловдун “Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат...” аттуу макаласында БЭК тууралу кеп болот.



XS
SM
MD
LG