Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

“Жеңилген” жеңиш...


Гезиттер Исмаил Исаковдун камалышы жана андан кийинки кырдаал тууралуу да сөз кылышууда.
Гезиттер Исмаил Исаковдун камалышы жана андан кийинки кырдаал тууралуу да сөз кылышууда.

Бүгүн жалаң эркин гезиттер жарык көрдү

“Учур” гезити генерал И. Исаков камалганда Үсөн Сыдыков менен Досбол Нур уулунун унчукпай дымып жатканын партиялаштары менен үзөңгүлөштөрү түшүнө албай, экөө адамгерчилик, ар-намыс дегенден ажыраганбы деп атышат деп, экс-министр К.Ташиевдин айрым жактоочулары козголуп: “Эгер Камчыга чоң кызмат бербесе катуу кетебиз” деген кыязда атырылганы жатат деп айтышты деп кабар таратты.

Ушул эле “Учур” гезити “Бийлик мураскерин аныктайлыбы?” деген ат менен окурмандарын же Жаныш Бакиевге, же Максим Бакиевге СМС аркылуу добуш берүүгө чакырык салды.

Гезит кабарчысынын суроосуна жооп берген ардагер геолог Кубат Осмонбетов алтын кендери аз деген Армения менен Тажикстан деле алтын валюталык корун көбөйтүп 8 тоннага жеткиребиз деп атканын, ал эми Кыргызстан канча жылдан бери 2 жарым тонна алтындан ашпай келатканын, эгемендиктин 15 жылында 30 тонна алтын жыйнаса болмогун, бирок бул жаатта коррупция күч болгондуктан ушул күнгө дейре канча алтын бар экендиги жөнүндө маалымат жоктугун айтса, экс-депутат Султан Урманаев азыр Ысык-Көлдүн тегерегин бүт бойдон бөлөк-бөтөндөр ээлеп, жээктеги объекттердин 70-80 пайызынын ээси жасалма түрдө кыргыздыкы деп эсептелгени менен иш жүзүндө түшкөн кирешелер чет өлкөлүктөрдүн чөнтөгүнө кетип атканын айтты.

Саясат таануучу Жыргалбек Турдукожоевдин макаласы “Жаш реформатордун акыркы мүмкүнчүлүгү” деген ат менен жарык көрүп, Алматыда канкорлук менен өлтүрүлгөн журналист Геннадий Павлюкту эскерүүгө арналды. Кырдаалга баа берген Ж. Турдукожоев “Аталардын күнөөлөрү балдарына түшөт” деген накыл кепти алсак, Максим Бакиев менен анын шериктерине коомдук пикирди өз пайдасына буруу эми оңойго турбайт. Себеби азыркы бийликке эч ким ишенбейт” деп белгилейт. Автор кадр маселесине кайрылып: “Д. Үсөнов, А. Мадумаров, Ү.Сыдыков өңдүүлөрдөн турган карталарды канчалык чапкыласаң да эч майнап чыкпайт. Азыркы жаш реформаторлор бүгүнкү режим үчүн, жеке президент үчүн акыркы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууда. Эгерде өлкөдө өзгөрүү, жылыштар болбосо-анда алардын заманынын бүтө баштаганы...” деп чекит койду макаласына.

“Жаңырык апта” гезити Алым Токтомушевдин “Санабагыла!” деген макаласы менен жаңы санын ачты. Бүгүнкү кырдаал, бийликтин азыркы аттиш саясаты, талангандар менен тонолгондор, камалгандар менен сабалгандар, өлгөндөр менен өлтүрүлгөндөр жана күнү кечээ эле генералдык погонун жулуп ыргытып, мойнуна 8 жылды илип туруп түрмөгө алып кеткен И. Исаков жөнүндө сөз кылып келип: “Бакиевдер диктатурасы орноду. Өзүнүн жеке бийлиги жетишпей жаткансып, өлкөнүн жөн байлыктарынан баштап кен байлыктарына чейин башкаруу уулу Максим Бакиевдин колуна өттү. Өкмөт башы аты бар Д. Үсөнов эпилдеп-жепилдеп Максимдин колуна суу куюп жүргөнүнө курсант. Эл азыркы бийлик ишмердигин: “культ личность эмес, культ наличность” деп бекеринен атаган жери жок, бакиевдер бийлигинин “биссимилдасы” бүт өлкөлөрдүн бирштейндерин” бириктирип, өлкө байлыгын аларга бөлүп-жарып башкартуудан баштады” деп баалады.

Автор андан ары Аскар Акаев үйбүлө бийлигин орнотом деп оңкосунан кетсе, Бакиев аны каш-кабактын ортосунда орнотуп койгонун, канталамай реформа уланып жатканын, Ак үй накта “Дордойго” айланганын, анткени баары жана баардыгы сатыларын, эми кымбатчылыктын айынан экономиканы инфляция эңшерээрин, ырасмий маалымат боюнча жалпы калктын 35 пайызы же 1 млн. 830 миң адам жакырчылыктын саат сайын жемирилип-эмирилип бараткан жарында жашап турарын, мындай кордукка айласы жогунан чыдап аткан элдин алсыздыгын бийлик стабилдүүлүк орноду деп түшүнүп, аны жеңиш катары карап, капитуляция кылгандай майрамдап атыры” деп жыйынтыктады.

Окурмандарыбызга дагы бир жаңылыкты – “Кыргыз тили жана адабияты” деген илимий-усулдук журналдын 1-саны жарыкка чыкканын кабарлай кетели. Кыргыз тарыхында 1-жолу жарык көрүп жаткан бул журнал методикалык колдонмого зар болуп жүргөн кыргыз тил мугалимдерине айрыкча кереги тиет деген ойдобуз. “Кутаалам” аттуу балдардын көркөм жана окуу-усулдук басмасынан жарык көргөн журналдын башкы редактору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Назаркул Ишекеев. Журнал азырынча үч айда бир жолу жарыкка чыгып турмакчы. Баасы 80 сом.

Кайрадан гезиттерге келели. “Айат пресс” гезити Кыргызстанга өлүм жазасын киргизүүнү ачык көтөрүп чыккан Марат Суталинов менен Адахан Мадумаровду өлкө башчысы колдобогондугун туюндуруу үчүн бийликтеги алардын таасирин мокотконун, орус бийлиги кыргыз бийлигин Березовский менен мамилеси бар деп шек санап, Березовскийдин түбүнө жетиш үчүн К. Бакиевдин бийлигин алсыратып, Текебаевди сүрөгөн аткан имиш деп, Болот Шерниязов дарылануу үчүн Кытайга кетиптир деп, жакында Данияр Үсөновдун ордуна Максим Бакиевдин ишенген кишилеринин бири келет экен деп, Оксана Малеванаянын түртүүсү менен УТРК жетекчилигине келген Катя Урумканова улуттук каналдын идеологиялык багытын 5-каналдын көзү менен карап, теңирден тескери жакка бурганы калды деп буркулдагандар көбөйүүдө деп кабарлады.

Ушул эле гезитке журналист Олжобай Шакирдин “Шар” деген макаласы жарык көрдү. Намаз үчүн пайгамбар жашындагы улуу адамдарды сыйлабаган, исламдын албуут жолундагы үгүтчүлөрү мечиттерге олтуруп алып кыргыз жигиттерин агрессивдүүлүккө тарбиялап атканын, алар: “шариятта ата-энең намаз окубаса, сөзүн укпа” деп энесин эне ордуна, атасын ата ордуна санатпайт экен, демек бүгүн өз ата-энесин сыйлабаган так ошондой балдар эртең эле өзүн өзү жарып, киши өлтүргөн дапдаяр согушкер болуп чыга келерин, себеби алар ата-эне, мектеп тарбиясы эмес, мечит тарбиясы менен тарбияланып жатканын сөз кылды.

Билим, китеп маселесине токтолгон Олжобай Шакир макаласында “Калкынын саны бизден кыйла төмөн эстон жазуучуларынын эне тилде жарык көргөн китептери жылына 7-8 миң нускада таркап кетет экен. Мына улут катары келечеги бар эл! А бизде китеп эмес, намаздан башканы окубаган кыргыз жаштарынын айрымдары УТРКдан чыгып алып: “акындардын сөзү – шайтандын сөзү” деп үрөйдү учурган эле. Андыктан чыныгы шайтанды кимдер жетелеп жүргөндүгүн түшүн кыргыз, ойлон кыргыз! Анын үстүнө жалаң желге толтурулган нерселер шар сыяктуу кандай жарылса, биздин коом да так ошондой жарылуу алдында турган жокпу?” деген ойду таштайт.

Журналист Азамат Кыязовдун макаласынын аты “Максим” деп аталып, азыркы күндө президенттин уулу Максим Бакиевге карата болушунча божомол-дөдөмөлдөр айтыла баштаганына назар салып: “балким президент чындап эле уулунан бөлөккө ишеним артпай калгандыр, “туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок” деген макалга: “Ыймансыз коомдо бийи тууганчыл болбоско аргасы жок” деп түзөтүү кийирсек кантет? Деги бул кызматка ким барса коомчулук кол чабат эле? Өмүрбек Текебаевби?” деп суроо коюп: “Максим Бакиевдин азыркы атка минерлерден эң чоң айырмачылыгы бар. Ал президенттен коркпойт, ага кошомат кылбайт, атасынан чындыкты жашырып, калп айтпайт. Кыргызстандын жетишкендиги атамдын ийгилиги деген дем менен иштейт.. Болгон эн чоң кемчилиги- ал президенттин уулу” деп жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG