Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Канат-куйругу кыркылган өкмөт


“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити президент К. Бакиевдин реформасын сындаган макаласын жарыялады. “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити да бул маселеге кайрылып: “Бир тарабы мына ушундай реформа жасаганы үчүн Курманбек Бакиевге азыр эле эстелик орнотууга даяр турса, экинчи бир тарабынын жиндери кайнап, ачуулары келүүдө” деп жазды.

“Орусиялык белгилүү бир мамлекеттик ишмер башкаруу системасын реформалоо жөнүндө одонороок болсо дагы бир топ эле жөндүү мисал келтирген. Ал айтып атпайбы: “Эгер сойкулар үйү менен проблема болсо, алар иштеген үйдү эмес, сойку кыздардын өзүн алмаштыруу керек” деп макаласын баштаган “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити: “Акүйдөгү Бакиевдин реформасы да мурдагы министрликтердин аз-мазын гана жойду. А чынында мурдагы эле чиновниктерин алып келип жаңы түзгөн орундарга олтургузду да бийик трибунадан: “Өлкөнү мындан ары карай өнүктүрүү максатында кардиналдуу өзгөрүүлөр жүргүзүлдү” деп кыйкырып жатат” деп жазды.

“Адегенде эле айта кетели, бардык башкаруулардын жиби Бакиевдин манжаларына байлангандыктан, эми мен деген ведомстволор да анын колун айланып-тегеренип турмай болду. Өкмөт болсо тепшиси сынган кемпирди элестетет. Эми ал бечарага финполиция, мурдагы Мамлекеттик патент комитети, Тышкы иштер министрлиги, атайын кызмат дегендер баш ийбей калды. Өкмөт мындан ары бюджет дегенди түзө албайт, фискалдык саясат жүргүзө албайт. Кыскасы бир карасаң кушка окшош, бирок куш дейин десең канат-куйругу кыркылган өкмөт пайда болду”,- деди.

Гезит андан ары жаңы дайындалган эскилерди бирден чубатууга салып келип жаңы өкмөт башчысына токтолгон. “Ошентип сууга салса чөкпөгөн, “Аврора” крейсерине окшогон Данияр Үсөнов премьер-министр болуп калды. Аны “адам – уламыш” деп койсо да болот. Саясый ишмерлердин ичинен мындай арты чуулуу адам табыш кыйын, ага караганда Нурлан Мотуев кыйла жагымдуураак. Үсөнов буга чейинки иштеген бардык кызматтарында курулай убадаларды оңду-солду урдура бермейи менен элдин эсинде калган. Ал ошондой эле эч кимге белгисиз илимдин академиги, ошол эле эч кимге белгисиз Академиянын алдамчыларынын колунан Улуу Петр орденин алган. Үсөновдун жубайы Динара Исаева “Ак жол” партиясынын мүчөсү, парламенттин депутаты.

Мына ушинтип Курманбек Бакиев менен анын “кеңешчилеринин” “чоң өзгөрүүлөрү” ушул. Мындай болгон соң дүрбөлөң салуунун кандай кереги бар эле? Башкаруунун бардык системасын реформалайбыз деп айтуунун эмне зарылдыгы бар эле?” деп суроо салды.

Ушул эле санда Юлия Донскаянын ,,Өзгөчө көңүл бура турган зона” деген ат менен жарык көргөн макаласы мектеп маселесине арналды. “Балдарды мектепте окуганы үчүн акча чогултууга тыюу салуу тууралуу Билим берүү министрлигинин демилгеси талаага кетүүдө. Мектеп жетекчилиги мыйзамды айланып өтүүнүн жолун таап алган. “Демөөрчүлүк жардам”, “Ыктыярдуу жардам” дегендерге жамынуу менен ата-энелерден “салык” жыйноону дагы эле улантууда”,-деп баяндайт.

Гезит андан ары бир топ жыл мурун Жалал-Абаддан Бишкекке көчүп келип, шаардын чет жакаларынын биринен батир жалдап жашап жаткан эки балалуу Асел аттуу келин редакцияга арызданып келгенин мисалга тартат. Келин уул Алмаз, кызы Заринаны жашаган жериндеги мектеп албай койгонун, анан деректирге 400 сом бергенин, мектеп эми андан сыр сатып бересиң деп талап кылганын, ошентип класстык кассага ай сайын 100 сом, кийинки жылы 150 сомдон төлөп келсе, быйылтан тартып ал ар бир балага 200 сом төлөмөй болгонун, мындан тышкары мектеп ремонту үчүн -600 сом, класс ремонту үчүн -240 сом төлөшү керектигин айтып берген.

Аталган басылма мектептерде тыйылбай келаткан мындай көрүнүшкө түшүндүрмө берүүсүн өтүнүп Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын начальниги Гүлмира Кудайбергеновага кайрылганда кызматташуудан баш тарткандыгын, ошондуктан иштиктүү сүйлөшүү үчүн акыл-эстүү деген чиновниктерди ушул маселенин тегерегинде пикир алышууга чакырган.

Реформа маселесине бүгүн жарык көргөн “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити да кайрылып: “Бир тарабы мына ушундай реформа жасаганы үчүн Курманбек Бакиевге азыр эле эстелик орнотууга даяр турса, экинчи бир тарабынын жиндери кайнап, ачуулары келүүдө” деп маалымдап, “албетте, Данияр Үсөновго жаңы ишинде ийгилик каалайбыз, бирок маршруткада болобу, автобус менен троллейбустарда болобу, базарларда болобу, кеп кылгандары эле Үсөнов.

Бири баягы “бактылуу лотереяны” эстесе, бири Бишкектин мэри болуп турганда базардагы сатык орундардын аренда акысын асманга көтөрүп жибергенин, дагы бири башка бир окуяларын эстешүүдө, бирок бир нерсе айдан ачык – эми өкмөт үйүнүн 1-кабатындагы премьер-министрлердин портреттеринин катарына анын сүрөтү да илинет” деп жазды.

Аталган гезит дагы бир макаласын балдар проблемасына арнап: “Эмне үчүн балдар 10 жашынан баштап иштөөдө?” деген суроого жооп табууга аркеттенген. Кыргызстанда жашы жетелек балдардын иштөөсүнө тыюу салынат деп кагазда гана жазылган. Балдар эмне үчүн бармактайынан баштап кара жумушка тартылууда?

Анткени ата-энелер балдарын багалбай калды. 14 жаштагы Нурбек Ош базарында түшкө чейин пакет сатып, түштөн кийин сабагына жөнөйт. Бишкекке үйбүлөсү менен Баткенден келген. Ош базарынын жанында батирде жашашат. Апасы да базарда иштейт. Атасы акча таап келиш үчүн Москвага кеткен. Эжеси тигүүчү. Азыр баары тапкан акчаларын там сатып алыш үчүн чогултууда.

Ушу тапта Ош жана Дордой базарларында балдарды коргоо Борборунун эки филиалы бар, алар балдарды бекер тамактандырып эле тим болушпастан мектептерге тартуу үчүн да үгүт жүргүзүшөт. “Бармактайынан оор жумушта иштеп аткан балдардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн түштүк аймактарынан, айрыкча Баткен облусунан келгендер. Көбүнүн документтери жок болгондуктан мектептерге орноштурууга мүмкүн эмес. Быйылкы жылдын башынан бери 120 бала гана араң мектептерге орноштурулду” дейт балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери Анархан Султанова.
XS
SM
MD
LG