Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Рамазан Дырылдаев: Мадумаров бийликке умтулууда


26-майда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров эл ишениминдеги коалициялык өкмөт түзүүнү сунуштады. Өлкодөгү соңку кырдаал боюнча “Азаттыкка” Кыргызстандын Адам укуктары боюнча комитетинин жетекчиси Рамазан Дырылдаев маек курду.

- Адахан Мадумаров эл ишениминдеги коалициялык өкмөт түзүүнү сунуштады. Сиздин буга пикириңиз кандай? Чынында азыр бөлөк адамдар менен коалициялык өкмөт түзүү зарылбы?

Рамазан Дырылдаев: Азыр көпчүлүгү эле ар түрдүү ойлор менен чыгып атпайбы. Ошонун ичинде реванш кылам деп Түлеевдер чыкты. Ошондон кийин Үсөн Сыдыков чыкты. Ошону жакшылап анализдеп карап көрсөм, Адахандын билдирүүсү ошолордукуна окшоп кетти. Бул да Бакиевдин убагында аябай кызмат кылып, ошол эле кезде Данияр Үсөнов экөө абдан жакшы дос. Ошонун түрткүсү менен болуп атабы, кандай мындай ойго келип атат?

Убактылуу өкмөт жакшы жолго түштү деп ойлойм. Себеби рефрендумда баары биригип ар түрдүү ой менен чыгып атса деле, эми ар түрдүү партиядан болгондон кийин андай ойлору болушу мүмкүн, бири бири менен макул болбошу мүмкүн. Бирок жыйынтыгына келгенде эң мыкты ойго келди деп эсептейм. Мисалы, Отунбаеваны бир жарым жылга президент кылып, бийликти бекемдетип, легитимдештирүү деген.

- Адахан Мадумаров “Бүтүн Кыргызстан” партиясы коалициялык өкмөттүн курамына кирип иштөөгө даяр экенин билдириптир. Мына ушул Адахан мырзага окшоп өкмөт менен иштешүүгө кызыкдар адамдар бардыр. Булардын негизги талабы эле бийликке баруу болуп атабы, же булардан кандайдыр бир реформа, жаңыланууну күтсө болобу?

Рамазан Дырылдаев: Андайлар толтура, эгерде Адахан мырза элге кызмат кылам десе Бакиевдин убагында ага кызмат кылбай, аны менен күрөшүш керек болчу. Убагында Акаев менен күрөшүп жүргөндөй. Бирок, тилекке каршы, андай болбой, тескерисинче, “Ак жол” партиясын түзгөнгө көмөктөшүп, кийин аны башкарып, кийин гезиттерге чыкпады беле, Данияр Үсөнов менен Дубайга чейин барып, Бакиев Германияда ооруканада жатканда, бири президент, бири премьер-министр болот деп сүйлөшкөнүн, кийин аны билип калып кызматтан бошотуп койгон да.

Бийликке умтулуп атат, Убактылуу өкмөт мындай болуп турганда, эптеп пайдаланып бийликке деп кирип алайын. Болбосо бүгүнкү күндө Кыргызстанда оор болуп турганда, Убактылуу өкмөт бир жагынан Бакиевдер Кыргызстандын тышында туруп алып кыргыз элине каршы душман катары иштерди уюштуруп атканда, бийликке илинип, максаты мансап го деп ойлойм.

- Бүгүнкү күндө Убактылуу өкмөт канчалык деңгээлде өз ишин аткарганга даяр болуп калды?

Рамазан Дырылдаев: Чындыгында Убактылуу өкмөткө бир топ эле кыйын болуп атат. Бийликти сактагыч органдар, мисалы, ички иштер органдары жакшы иштебей атат. Жалал-Абадда болуп аткан окуяда ИИМ, СНБлар барып кармаш керек эле, кармамак түгүл барбай коюшуптур. Ошонун баары өзүнчө саботаж. Ал жакта Жаныш коюп койгон адамдар дагы эле көп калып калган, алар тазалана элек.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG