Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Курманбек Бакиевден кол тийбестик укугу алынды


Курманбек Бакиев Минскидеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 23-апрели.
Курманбек Бакиев Минскидеги маалымат жыйынында, 2010-жылдын 23-апрели.

Убактылуу өкмөт бүгүн мурдагы президент Курманбек Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыраткан декрет кабыл алынганын жарыялады. Мындан сырткары Курманбек Бакиевди Кыргызстанга күчтөп алып келүү боюнча декрет даярдалып жатканы, ал жакын арада кабыл алынары айтылды.

Убактылуу өкмөт бийликтен четтетилген президент Курманбек Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыратканын Утурумдук бийлик жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйында билдирди. “Эми биз тартип коргоо органдарына кайрылып, К.Бакиевди кармап, бизге бергиле деп сурайбыз” , - деди А.Бекназаров. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып К.Бакиевди күчтөп алып келүү боюнча декрет даярдалып жаткандыгын, ал жакын арада кабыл алынарын айтты. Мындан сырткары ал мурдагы президентке маассалык адам өлтүрдү делип 97-берене, кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн 304-берене боюнча сырттан кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Ушул эле күнү "Мекен шейиттери" уюму К. Бакиевди Мекенине кайтаруу талабы менен Беларустун Бишкектеги элчилигинин алдында пикет уюштурду.

Курманбек Бакиев 19-апрелден бери Беларус президенти Александр Лукашенконуун чакырыгы менен аталган өлкөдө байыр алууда.

XS
SM
MD
LG