Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

А. Атамбаев: Шайлоолорго катышпайт болчумун...


Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары, Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев быйылкы парламенттик, эмдиги жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниети жоктугун бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Шайлоодон баш тартышын ал азыркыдай кыйын шартта убактылуу өкмөттүн төрайымы, партиялашы Роза Отунбаевага жардам берүү башкы милдети деп эсептээри менен байланыштырды.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле кыргыз эли кайсы бир ууру-кескилерди жок кылып, анын ордуна кайра да ошондой кишилердин келишин каалабастыгын, ошон үчүн өкмөттүн ишинде баары тең ачык болуп, жасалып аткан иштердин баары тең так болушу керектигин айтты.

Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары убактылуу өкмөт мүчөлөрү А. Бекназаров менен Т. Сариевдин ачыкка чыгып кеткен телефон сүйлөшүүлөрүндөгү миллион доллар боюнча да сөз козгоду:

-13-майда 2 миллион долларды Улуттук банктын эсебинен өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаалды жөнгө салуу боюнча бөлүүгө кол койгонбуз. Бирок андагы кагазды жок кылып коюу жөнүндө эч кандай сөз айткан эмеспиз.

Алмазбек Атамбав бул иш боюнча Башкы прокуратура кылмыш иш козгобой жатышына мындайча токтолду:

- Биз оппозиция кезде ушундай телефон сүйлөшүүлөр, же башка маалыматтар болуп калса сөзсүз Башкы прокуратура ага кылмыш ишти эч кандай арызды күтүп отурбай эле козгоп ийчү эле. Бул ирет болсо ушинтип менин арызымды күтүп атат, бирок мен мурда айтылган нерселердин бардыгына негизинен жооп берем.

Ал ошондой эле Азимбек Бекназаров менен Жалал-Абад губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асановдун ортосунда дагы бир телефон сүйлөшүүлөр болгонун тактаганын, Бектур Асанов өзү муну мойнуна алганын айтты.

Мындан сырткары Алмазбек Атамбаев ушул тапта иштеп жаткан Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн арасындагы бир министр милдетин аткаруучу Улуттук коопсуздук кызматынын сурагында отурганын, ал 48 саатка чейин кармалышы мүмкүн экендигин айтып, бирок анын ким экенин ачыктаган жок.

XS
SM
MD
LG