Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Абдыганы Эркебаев “Ак шумкарга” кирди


Абдыганы Эркебаев
Абдыганы Эркебаев

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “Таза коом” партиясынын мурдагы жетекчилеринин бири Абдыганы Эркебаев жакында “Ак шумкар” партиясына өткөнү белгилүү болду. Саясатчы анын себептерин “Азаттыкка” айтып берди.

- Сиз кечээ жакында “Ак шумкар” партиясына мүчө болуп киргениңизге эмне себеп болду?

- Ооба, мен өткөн жумада бул партияга мүчө болуп кирдим. Кирген себебим, Кыргызстанда саясий талаа, партиялар жаңыланууга тийиш деген тилек бар эмес беле. Менин баамымда, “Ак шумкар” партиясы Кыргызстандын айдыңында жаңы пайда болгон, активдеше баштаган партиялардын бири. Ошону эске алдым. Экинчиден, анын курамы көбүнчө жаштардан турат, анын жетекчиси Темир Сариев дагы акыркы он жылда элге таанылган , келечектүү жаш, өзүн элге тааныткан лидерлердин бири.

- Абдыганы мырза, сиз мурда “Таза коом” партиясында элеңиз, андан кетүүңүздүн себеби эмне болду?

- Өзүңөр билесиңер, акыркы 10 жылда эч бир партияга кошулбай жүргөм. 3 жыл мурда ошол партиянын жетекчиси раматылык Мухамеджан Ибрагимов мага кайрылган эле. Ал дагы Кыргызстанга белгилүү адамдардын бири болчу, экөөбүз 1990-жылы дагы Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүштөрдүн башатына тургандардын бири болчубуз. Ошол киши “Таза коом” деген партия түздүк, улуу инсан Исхак Раззаковдун “Сен таза болсоң, мен таза болсом коом таза болот” деген сөздөрүн эске алдык деп айтып калды. Сиз ортодо калыс болуп атасыз, ошон үчүн биз сизге кайрылып атабыз дегенинен мен ошол шартты эске алып макул болдум эле, тилекке каршы кийин ал киши кайтыш болуп кетти.

Ал эми 2007-жылы парламенттик шайлоодо бул партияны БШК каттап туруп, анан 15 мүнөттөн кийин алып салган. Анан ал кишинин уулу дагы “Ак жол” партиясына өтүп кетти. Өткөн жылы президенттик шайлоо башталганда ошол партияны уюштургандардын айрымдары кайра кетеңчиктеп, азыркы президент Бакиевди колдоого өтүп кетишкенинен, мен убагында өзүңөр кайрылдынар эле, менин эч кандай моралдык карызым жок, менин талабым ушундай болчу, азыркы бийликке баш ийбеген өз алдынча партия дедиңер эле, менин эч кандай каршылыгым жок, мен силерден чыктым деп чыгып кеткем.

- Ынтымак курултайында президент Бакиев оппозиция менен бийлик кызматташууга даяр экенин билдирип, бирок оппозициянын өлкөнү өнүктүрүүгө конкреттүү программасы, сунушу жоктугун айтты. Буга сиздин пикириңиз кандай?

- Биринчиден, мындай сөздү ким болбосун айта берет, Акаев деле ошентип айтчу, Бакиев деле ошондой деп айтып атат, ал өзүнүн өткөн жолун эске алып койбойбу? Анын кандай программасы бар эле, эч кандай программасы жок, атүгүл бирдиктүү командасы жок, кокустан түзүлгөн кырдаалдан улам бийликке келип калды. А түгүл 2 жылга чейин программасы жок, көрүнгөн башаламан программа жасап келбедиби. Демек бул жөн эле шылтоо. Айталы, өткөн жылкы президенттик шайлоо убагында Алмаз Атамбаев, Темир Сариев анын аттандашы катары өз программаларын элге жарыялап, ачык эле айтышпадыбы. Ал жөн эле шылтоо. Андай программалар ар ким тарабынан көп эле иштелген, чыгып да жатат, Муралиев, Кулов да жазды.

-7-апрелде оппозиция Элдик курултай өткөргөнү жатат. Анда элдик бийликти калыбына келтирүү сунушталаары айтылууда. Ал эмне болгон элдик бийлик экенин чечмелеп берсеңиз?

- Менин деле бул маалыматтардан кабарым бар, эл катары басма сөздү окуп, анан жакында болуп өткөн оппозициянын курултайына барып катыштым. Бирок мен чыгып эле такай кыйкырып сүйлөгөн киши эмесмин. Ошондо көп талаптар коюлган болчу. Алар Ынтымак курултайында эске алынган жок. Андан берки кабыл алынган президенттин чечимдери аткарылган жок. А түгүл көрүп атасыңар электр тармагында эң маанилүү объекттерди сатууну токтотуш керек, кайра кайтаруу керек дегендин ордуна, аны кайра сатып атат өтө арзан. Демек эл тарабынан айтылган пикирди эске албай атат. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушууда бир маанилүү нерсе айтылды, 1948-жылы бул уюм кабыл алган адам укуктарынын эл аралык декларациясында өтө маанилүү жобо бар, эл өзүнүн ишеничин актабаган бийликти, өкмөттү алмаштырганга акысы бар деген. Бирок бир гана шарт болшу керек, ал албетте мыйзам чегинде, тынчтык жолу менен ар бир өлкөнүн конституциясына жараша болуш керек. Мен тынчтык маанайда ар кандай сунуштарды, талаптарды койгонду колдойм.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG