Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:33

Сөгүш алган Ж. Жоробеков кызматтан кантип көтөрүлдү?


Петровкадагы тополоң. 26-апрель, 2009-жыл.
Петровкадагы тополоң. 26-апрель, 2009-жыл.

Петровка окуясына түздөн-түз тиешеси бар деп эсептелген Москва РИИБинин мурдагы башчысы Жеңиш Жоробеков Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Чүйдүн Петровка айылындагы кыргыз, орус жана күрт улутундагы тургундардын ортосундагы чатактын болгонуна бир жыл болуп баратат. Чатак күрт улутундагы Абдулла Осмоновдун 4 жашар орус улутундагы кызды зордуктаганынан тутанган. Наристени зордуктады деп айыпталган А. Осмонов 20 азыр жылга эркинен ажырады. Ал эми ушул окуянын негизинде жаралган Петровка баш-аламандыгын уюштурган делген оппозициянын үч өкүлү учурда абакта олутурушат. Соттук териштирүү башталганына 6 айдан ашты. Азыр 300дөн ашык күбөнүн 100ү гана сотто көрсөтмө берди.
Петровкадагы чатактан кийин толкуган эл, 30-апрель,2009-жыл.

Көрсөтмө бергендердин дээрлик баары камакта жаткандар ак жеринен күнөөлөнүп жатканын мына мындай таризде байма-бай айтып келишет. Алардын бири Ольга Черных:

- Мен Петровка окуясын эмнеге саясатка айландырып жиберишкендерине түшүнбөйм. Бул айылдыктардын адаттагы көйгөйү болгон. Буга бир гана жергиликтүү милиция кызматкерлеринин күнөөсү бар. Себеби биз биринчи болгон окуяны ошолорго кабарлаганбыз. Алар убагында көңүл буруп, тиешелүү чара көргөн эмес.

Жергиликтүү тургундар гана эмес өлкө башчысы Курманбек Бакиев дагы Москва райондук ички иштер кызматкерлеринин кызматтык шалаакылыгы үчүн Петровка баш-аламандыгы жаралды деп айыптаган убагында. Кечээ жакында сотто көрсөтмө берген мурдагы аким Даукен Аринов дагы окуя болоор алды райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Жеңиш Жоробеков күрт, кыргыз жана орус улутундагылар ортосундагы маселелер туурасында эч кандай маалымат бербегенин баса белгиледи. Бирок окуя болгонго чейин, тактап айтканда өткөн жылдын 16-апрели күнү зордукталган наристенин чоң апасы Ольга Ёщенко ошол кездги РИИБ башчысы Жеңиш Жоробековго болгон окуяны айтып, чара көрүүсүн өтүнгөн.

Бул туурасында Петровка окуясы боюнча айыпталуучулардын адвокаты Азимбек Бекназаров буларды айтат.

- Өткөн жылдын 16-апрелинде зордукталган 4 жашар кыздын таенеси Ж. Жоробековго келип кайрылат. Ж. Жоробеков болсо 22-апрель күнү Петровка айылындагыларды чогултуп, 4 жашар кыз чынында эле зордукталганын жана андан жугуштуу оору табылганын өзү айтып атат. Бирок кылмыш ишин козгогон эмес. Бул милиция кызматкерлери менен кылмышкер А. Осмоновдун ортосунда кандайдыр бир байланыш бар экенин көрсөтүп турат.

Чынында Петровка окуясынан кийин Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Жоробеков иштеги шалаакылыгы, жоопкерчиликсиздиги үчүн кызматтан алынган. Бирок бүгүнкү күндө Жеңиш Жоробеков Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Ж. Жоробековдун "Азаттыкка" берген кыскача маеги төмөндө:

- Бизге буйрук берет, биз аткарабыз. Тескерисинче, кызматтан көтөрүлүү менен жоопкерчилигим мурункудан да күчөдү. Ал эми былтыркы жылы Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болгондон кийин Петровка окуясына тиешем болсо керек. Бирок өткөндө сотто белгилеп өткөндөй, башаламандыкка менден дагы азыр камакта жаткан оппозиция өкүлдөрүнүн тиешеси көп, алар башаламандыкты уюштурганы чындык. Алардын күнөөсү бар.

Ал эми адвокат А. Бекназаров бул кызматтык жогорулоону мыйзамсыздыктын бир көрүнүшү катары баалайт.

- Москва райондук ИИБинин башчысы Ж. Жоробеков Петровка окуясына чейин болгон окуяны көргөн, билген. Айрым иште өзүнүн да тиешеси бар. Бирок сотко келгенде ал бардык күнөөнү камакта жаткандарга оодара салды. Бул атайын жасалган. Бийлик Ж. Жоробековду атайын жалган көрсөтмө бердирип, анан ошонун жакшылыгы деп жогорку кызматты сунушташкан. Албетте, азыркы бийликке ошондой мыйзамды сыйлабаган адамдар керек.

Бүгүн, 28-январда болсо Президент Курманбек Бакиев Петровкадагы чатакка байланыштуу кызматынан алынган Жеңиш Жоробековдун Бишкек ИИБинин жетекчисинин 1-орун басарлыгына дайындоо боюнча ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин чечимин карап чыгууну өкмөт башчы Данияр Үсөновго тапшырды. Буга байланыштуу өкмөттүн жыйыны бүгүн кечке жуук, саат он жетиге дайындалганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG