Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:05

Жалал-Абат: Антитеррордук операциянын артынан камоолор башталды


Жалал-Абатта террордук окуяларга байланыштуу коопсуздук кызматы кармап кеткен адамдарды туугандары бошотууну талап кылышууда. Облустук бийлик өкүлдөрү өз кезегинде терроризмге байланыштуу иштерге жарандардын кийлигишкенине каршы болууда.

Жалал-Абат облустук улуттук коопсуздук башкармасынын имаратынын маңдайында турган 20- 25 чакты улуту өзбек аялдар тууган-уруктары жана коңшу-колоңдору бошотулмайынча, үйлөрүнө кайтпай тургандыктарын билдиришти. Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Чөкө-Төбө айлынын тургуну Максуда Рашидова кошунасы 25-июнда чүмбөттөлгөн адамдар тарабынан кармалып, коопсуздук башкармасына алынып келингенине каршылык билдирди:

- Кошунам менен кошо балдарды урушуп, баарын ушул жерге алып келишти. Алты адамды, усталарды алып келишти. Ошолордун артынан келдик.

Соңку маалыматтарга караганда, 23- июндан бери облуста террорчулукка каршы атайын операция жүргүзүлүп жатат. Бирок бул тууралуу облустагы күч органдары маалымат берүүдөн баш тартууда.

Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат борбору антитеррордук операция жыйынтыкталып, анын натыйжасында Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Пахта көчөсүндөгү 82-үйгө жашынып алган Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү деп шектелген беш киши жок кылынганы тууралуу билдирүү таркаткан.

Өлтүрүлгөн ал жоочулардын жанынан Калашников үлгүсүндөгү беш автомат, «Муха» аттуу гранатамет, тапанча, гранаталар жана жарылгыч заттар менен ок-дарылар, жардыргыч затты даярдоону үйрөткөн кеңешме берчү кагаздар, кара түстөгү сегиз кийим жана беткаптар табылган.

Эл аралык террорчул топтордон машыгуудан өткөн деп айыпталган бул жоочулар менен ок атышууда улуттук коопсуздук кызматынын бир офицери каза таап, бирөөсү катуу жарадар болуп, жергиликтүү ооруканага жеткирилгени тууралуу кабар таркатылган. Окуяга байланыштуу Кылмыш Кодексинин негизинде «терроризм» жана «мыйзамсыз куралдуу топторду түзүүну уюштурган» деген айып менен кылмыш иши ачылган.

Облустук улуттук коопсуздук башкармасынын жанында турган адамдардын туугандары эмне үчүн кармалды деген сурообузга коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү жооп беришкен жок.

Аталган айылдын тургуну Карима Маткабилова иниси бети- башы чүмбөттөлгөн, курал-жарактуу адамдар тарабынан токмоктолгонуна нааразы болду. Курулуш жүрүп жаткан короодо эмне болуп жатканын билүүгө кире калган анын уулу да уруп-сабалганын сөз кылды:

- Бетине маска кийгендер эмне үчүн урат? Кандай акысы бар? Айыбы болсо, урбай- этпей алып чыгып кетпейби? Алардын ден – соолугуна ким жооп берет?

Нааразы болгон аялдардын дагы бир өкүлү Салима Исламованын айтымында, кармалгандардын бошотулушун талап кылып, Чөкө-Төбө айылында бир нече адам топтолгон. Ал өз айлында турак-жай кургандардын дубалын түптөгөн өзбекстандык адамдар да коопсуздук кызматына кармалып келгенин айтышты.

Облустук бийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов террорго каршы күрөшүүдө укук коргоо уюмдарынын иш-аракеттерине чөкөтөбөлүк аялдардын кийлигишүүгө укугу жок экендигин билдирди:

-Кечээки окуялар биздин мамлекетибизди жоопкерчилигин да күчөттү. Терроризмден коркунуч бар экенин эскертип жатат, биздин мамлкеттин укук коргоо органдары бул тарапта күрөштү күчөтүү зарыл экенин бекилип атат да. Туура эмес, анткени алар тергөөнүн ишине эч жолтоо кылышы керек эмес. Анткени бул терроризм өтө коркунучтуу экенин кечээки окуя көрсөттү, өзүңүздөргө белгилүү болгондой ошол үйдөн курал- жарактар, гранаталар табылды. Демек бул боюнча мамлекет бийликти күчөтүш керек.

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG