Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Шамшыбек Медетбеков: “Тарыхый учур келди”


Күз айына белгиленген шайлоо, саясий партиялардын активдүүлүгү жана жаңы бийликтин саясаты тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков жооп берди.

- Азыр 100дөн ашуун саясий партиялар бар. Алардын коомдун өнүгүүсүнө кандай таасир тийгизет. Деги эле саясий партиялардын көптүгүнө сиздин пикириңиз кандай?

Шамшыбек Медетбеков: Саясий партиялардын көп болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейм. Себеби биз партиялык система менен шайлоого барганыбызга 3 жыл болуп калды. Мына үч жылдын ичинде жана ага чейин, 2000-жылы, жарымы партиялык система менен барып, ошодон бери партияларда “бара-бара парламент партиялык системага өтөт болуш керек” деп үмүт болуп келген. Ошол себептүү партиялар көп катталып, бирок 2007-жылда бийлик бурмалоо жолу менен өткөн партияларды өтпөгөн кылып, шайлоонун жыйынтыгын чыгаргандан кийин көп партиялардын үмүтү өчүп калган, “ушинтип эле бийлик шайлоону бурмалай берет, бийлик шайлоого түздөн түз кийлигишсе партия баары бир өзүнүн максатына жетпейт” деген ойдо келишкен.

Бирок азыр тарыхый жакшы мезгил келди деп ойлойм. Азыркы шайлоо таза, мыйзам жолунда өтсө, иргелип бөлөк мамлекеттер сыяктуу бир нече жылдан кийин партиялар биригип, бизде деле 10-15 партия калат деа ойлойм.

- Айрым талдоочулар бийликтеги «Ата мекен», СДП жана «Ак шумкар» партияларынын айланасында күчтөр топтолуп, ушулар гана парламенттик шайлоого барышы мүмкүн деген божомолдорду айтышууда. Ушуга сиздин көз карашыңыз кандай?

Шамшыбек Медетбеков: Кыргыз мамлекетинде абдан жакшы, тарыхый мезгил келди. Ар кайсы жерлерде райондун, облустун, республиканын деңгээлинде көптөгөн партиялаштарын кызматка коюшту. Азыркы күндө «Ата мекендин», СДПнын жана «Ак шумкар» партияларынын мүчөлөрү кызматта болсо, ошол орундан кетип, таза шайлоого барып, кыргыз мамлекети өзүбүздү демократиялуу эл экенибизди дүйнөгө көрсөтө алсак, мындан ары цивилизациялуу мамлекеттер катарына кошулганга, бизде анык демократия орнотконго убакыт келди. Эгерде ушул убактты колдон чыгарып ийсек, мындан ары өткөн тоталитардык режимге кайтып келерибизге көз жетип турат.

- Алдыдагы парламенттик шайлоонун таза, ачык, акыйкат өтүшүнө ишенесизби?

Шамшыбек Медетбеков: Эгерде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү административдик күчтөрдү колдонбосо, бардык партияларды бир деңгээлге коюп өткөрсөк таза өтөөрүнө көзүм жетет. Себеби ал инсандар деле канча жылдан бери кыйналып, шайлоолор таза өтпөй келип, ошонун эң негизги курмандыгы болуп келишкен. Эгер алар мурункудай эле режимди каалай турган болсо, анда мындан ары дагы эле улана бермекчи. “Жок, биз таза шайлоого барабыз” деп саясий чечим кабыл алса Кыргызстан мындан ары дүйнөдөгү демократиялуу мамлекеттердин бирине кошуларына көзүм жетет. Ошого азыркы күндө толук шарт түзүлдү.

XS
SM
MD
LG