Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Ошто жардыруудан үч адам жабыр тартты


18-мартта Ош мамлекеттик университетине караштуу медициналык окуу жайдын имараты жарылып, үч адам жараланган. Муну университет жетекчилиги жана укук коргоо органдары суу жылыткыч жабдыктан улам чыккан кокустук катары эсептеп, терракт деген версияны четке кагууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан «Азаттыкка» маалымдашкандай, 18-март күнү саат 13.00 ченде Ош мамлекеттик университетине караштуу медициналык окуу жайынын жатаканасында жарылуу болгон. Кийин билингендей, бул имараттын 1-2-3-кабаттары окуу корпусу катары пайдаланылып, 4-кабатында студенттер жашашчу экен. Окуя сабак убагында болгон.

Аталган мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков кыскача буларга токтолду.

-Окуя боюнча иликтөө иштерин кароо жүргүзүлгөн учурда, ал жерден бир нече темирдин тетиктери, анан резинкалар табылган. Ал эми ошол жердин комендантынан бул тетиктер тууралуу сураганда ал подвалда жайгашкан колдон жасалган Аристондун тетиктери экендиги айтылган. Бул техникалык коопсуздукту сактабагандыктан. Ошол аристон суусуз калып, ысып туруп андан кийин анын натыйжасында катуу басымдын негизинде жарылган деген алгачкы божомолдор айтылууда.

Ош шаардык оруканасынын нейрохирург-дарыгери Кылычбек Мамашариповдун айтымында, жарылуудан медициналык окуу жайдын окутуучусу жана эки студент жараланган.

-Биздин нейрохирургия бөлүмундө Давлатова Саара деген жаран жатат 61-жылкы. Ал медучилищада мугалим болуп иштейт экен. Ошол жардыруунун кесепетинен трамва алган. Азыркы күнгө салыштырмалуу канаттандыраарлык. Берки кайрылган эки студент кыздын аты-жөнү Аваз кызы Татыгүл жана Айнура Алимбекова, алар кечээ амбулаториялык жардам көрсөтүлүп үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Ош мамлекеттик университетинин жатаканалар боюнча куратору Эсен Бакиров кырсык техникалык коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан болгондугун белгиледи.

-Ал жерде эч кандай бир саясий же болбосо диний өңүттөгү оюн же болбосо кандайдыр бир кызыкчылыктар жок. Төрт кабат жатакананын 1-2-3 кабаты окуу корпусу болгон, төртүнчү кабаты жатакана. Ошонун подвалында канализациядан кеткен коопсуздук болгон. Бул жерде азыр териштирүү жүрүп атат. Эгерде кимдин күнөөсү болуп, кимге тиешелүү болсо ошого карата чара колдонот.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков да жарылууну теракт катары түкшүмөлдөгөн шексинүүнү четке какты:

-Бул жарылууда эч кандай саясат жок. Ушул алдын ала чогултулган маалыматтарга караганда бул эч кандай террордук акт эмес. Учурда бул факты боюнча иликтөө, тергөө иштерин Ош шаардык прокуратурасы жүргүзүп атат.

Анткени менен айрым ата-энелер жогорудагы окуядан кийин уул-кыздарынын окуу жайлардагы жана жатаканалардагы коопсуздугуна катуу кабатырлангандыгын билдиришүүдө. Ага улай жергиликтүү серепчилер минтип тынчсызданууунун жөнү бар деп эсептешет.

-Техникалык коопсуздук маселесине бул эле жерде эмес көпчүлүк жатаканаларда салкын мамиле жасалат. Барып текшерип ал жак-бул жагын караган адам деле жок. Маселен, мына "Аристон" жарылды деп атпайбы. Бар да бул жерде ошол боюнча атайын кызматтар. Ошолорду алып барып текшертип туруш керек да, - деди серепчи Абай Эшмаматов.

XS
SM
MD
LG