Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

Ошто абал салыштырмалуу тынч


Качкындардын лагери.
Качкындардын лагери.

Учурда Ошто жүргөн кабарчыбыз Гүлайым Ашакеева акыркы кырдаал тууралуу маалыматтар менен бөлүшөт.

- Учурда түштүктө абал бир аз турукташып калганы айтылып жатат. Азыр кандай болуп жатат?

- Азыр мен Ош шаарынын бир аз чыңалган районунда турам, бул “Алай” меманканасы жайгашкан жерде. Ушул мейманкадан ары карай өзбек улутундагылардын тыгыз жайланышкан жери экен. Алар атайын коргонуу үчүн темир, таштарды жыйып коюп алышыптыр. Ошол жерде Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскердик техникасы менен аскерлер ары-бери өткөн унаанын баарын текшерип, чыгарып-киргизип атат. Бул жерде коопсуздук жагынан алганда кооптонуу бар экени билинет. Айрым унаалардын ичинен колго жасалган куралдар табылып атат.

Азыр бул жерде өзбек улутундагылар түшкөн унааны караса, ичинде колго кертилген, союлга окшогон атайын колго кармаганга ылайыктуу болгон жыгачтан жасалган таяктардын баарын аскерлер алып коюшту, андайга уруксат берилбейт деп.

Мен бул жерде чет элдик журналисттер менен турам, алар өзбек улутундагы адамдарды күтүп атабыз, алар келип буларга маалымат берет да, андан ары “Достук” чек арасында жайгашкан качкындар дейбизби, же айласыздан үйүн таштап кеткен өзбек улутундагылар менен жолугуу үчүн, алардан толук маалымат алуу үчүн эл аралык журналисттер турушат.

Биз буга чейин Ош шаарынын коменданты Курсан Асанов менен сүйлөштүк, ал журналисттерге бардык мүмкүнчүлүктөрдү берип, бизди бул жерге чейин жеткиргенге көмөктөштү. Журналисттерден эки тараптуу, өзбек-кыргыз жабырлануучуларынын көйгөйүн бирдей айтып берүүнү өтүнүп, буга кыргыз өкмөтү, куралдуу күчтөрүн өздөрү кызыкдар экенин түшүндүрүп, “журналисттерге толугу менен мүмкүнчүлүк беребиз” деп айтышты. Бул жерге азыр өзбек улутундагы кыргызстандык коомдук ишмер Бахтияр Паттахов келди. Андан кийин чет элдик журналисттердин тобу айласыздан орун которгондорду көрүүгө барышат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG