Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Түштүктөгү коогалаңдын артында ким турат?


Акыйкатчы Турсунбек Акун "Азаттыктын" студиясында, 27-февраль, 2009-жыл.
Акыйкатчы Турсунбек Акун "Азаттыктын" студиясында, 27-февраль, 2009-жыл.

Акыйкатчы институту түштүктөгү коогалаңга байланыштуу алдын ала тыянагын чыгарды. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуянын чыгышына сырткы күч жана террорчулардын тиешеси жок.

Турсунбек Акун өлкө ичиндеги коррупциянын өтө курчуп кетиши мунун бир себеби болду деп эсептейт. Ошол эле кезде оштук укук коргоочу Равшан Гапиров кыргыз-өзбектерди бөлүү аракети мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда, 2006-жылдан тарта эле башталганын белгилейт.

Акыйкатчы институтунун түштүк окуялары боюнча алдын ала берген тыянагында жаңжалды алгач өзбек улутундагы адамдар баштаганы, түнкү саат экиде мечиттерден азан айтылып чакырык ташталганы айтылат. Акыйкатчы Турсунбек Акун бул тууралуу 27-июлда өткөн тегерек үстөл учурунда белгиледи.

Ар кандай чагымчыл ураандар, туура эмес берилген маалыматтар кырдаалды ого бетер курчутуп жибергенин кошумчалаган Т.Акун окуя алдын ала уюштурулагын айтат. Ошондой эле ал буга соңку жылдардагы коррупциянын гүлдөп өскөнү да себеп болду деп эсептейт.

- Бүт саясатчылар жаман көрүнбөш үчүн чагымчылдар, ортодон бирөө чыгып баштады дейт. УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев Бадахшандан Бакиевдер түшүп курал таратып, ошентип эл аралык террорчулар баштады дейт. Бул жерде исламист да, террорист да, тияк-бияк кийлигишкен жок. Бүт бардыгы ичибизден келип чыгып жатат. Мисалы, элдин турмушунун деңгээли бирдей эместиги, эмне үчүн аны айтпайбыз? Чындыкты айтыш керек. Бул кыргыздарга тарткандык эмес. Мен эмне үчүн көпчүлүгү өзбектер кармалып жатат, эмнеге айрым кыргыз улутундагылардын колундагы куралдар алынбай жатат деген маселени да көтөрүп жатам. Ачык айтайын, куралдарды берип койгон учурлар болгон.

Т.Акун түштүк окуясына сөзсүз саясий баа берилип, капсалаң эмнеден башталып, эмнеден бүткөнү ачык айтылышы керек деген ойдо.

Ал эми Акыйкатчынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Алима Аманова Ош-Бишкек жолунда кыргыз улутундагы адамдар көп каза болгонун, мунун айынан шектүү делип 18 адам кармалганын билдирет.

- Ош-Бишкек жолундагы Сампа деген айылда канчалаган унаага кол салынды. Анын натыйжасында 11-13-июнда 10 адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду. Он бир машина өрттөлдү, эки машина дайынсыз жоголду.


Алима Аманованын айтымында, Кыргызстанда мамлекеттүлүктү сактап калчу мыйзамдар керек. Ал мындай окуялардын кайра кайталанбашы үчун окуу жайларды, мектептерди да улуттук деп бөлүү туура эмес деп эсептейт.

- Кыргызстанда ар бир жаран сезе турган мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Кийинки жылдары “улуттук” деп бөлүнгөн окуу жай жана башкалар пайда болду. Өзбек мектеп, башка мектеп өзүнчө болуп кетти. Кыргыздар да, өзбектер да биздин жарандар. Андай болгон соң бардыгын чогуу окуталы. Бизге бөлгөнгө эмес, биримдикке алып баралы. Мейли башка факультеттер ачылсын, бирок Кыргыз мамлекеттик университети болушу керек.

Деген менен укук коргоочу Равшан Гапиров түштүктөгү окуяга эл аралык террористтердин эмес, Бакиевдердин түздөн түз тиешеси бар деген ойдо. Анын айтымында, өзбек тектүү жарандарды кемсинтүү, эки улутту ажырым кылуу аракеттери 2006-жылдары эле башталган жана бул курчуп отурган.

- Бийликтегилердин өз ара келишпөөчүлүгүнүн натыйжасында ушундай уруш чыкты. Бакиев тарап уткуруп коюп түштүктү болсо да бөлүп алууга аракет жасаганы дүйнөгө белгилүү болуп турат. Кыргыз-өзбекти ажыратуу, өзбектерди кемсинтүү Бакиев учурунда эле башталган. Бул бышып, жетишип калган маалда төңкөрүш болуп кетип, бышып калган ашты ортого Бакиев таштап койду. Мурдагы бийлик күнөөлүү, азыркы бийлик аны жөнгө салууга алсыз болуп жатат.

Р.Гапировдун айтымында, эки улутту элдештирүү аракеттери жакшы натыйжа бербей жатат. “Негизинен абал дале болсо кооптуу. Өзбек улутундагылар коркуу, кооптонуу менен жашап жатат” дейт ал.

Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө 10-июндан 11-июнга караган түнү Ош мамлекеттик университетинин үч кыргыз студент кыздары жатакандан зордукталыптыр деген маалыматтар жалган экени айтылды. Мындай маалыматты укук коргоочу Азиза Абдырасулова белгиледи.

- Биз ал кыздарды издеп тапкан эмеспиз. Үч кыз кыйналып өлтүрүлдү деген маалымат жок болуп чыккан. Кыргызстандын кайсы жерине барбайлы ошол тууралуу сөз кылып жатышты. Кийин ОшМУнун ректору УТРК аркылуу бул маалымат жалган экенин айтты. Ал кыздар Кудайга шүгүр аман-эсен. Башкы фактылар чыкты, бирок алар университетке тиешеси жок.

Ал эми Коррупцияны алдын алуу боюнча агенттиктин директорунун орун басары Канат Тургунбеков болсо окуянын чыгышына паракорчулук себеп болду деген жүйөлөргө көбүрөк кошулат. Ошондой эле кандуу коолаңдын чыгышына жана курчуп кетишине мурдагы да, азыркы да бийликти күнөөлүү деп ойлойт.

- Ушунчалык корупцияга батып кеткен мурдагы бийлик күнөөлүү жана келечектеги жакшы турмуштун болушун ынандыра албаган, апрелден кийин күчтөнө албаган азыркы бийлик күнөөлүү. Ошондой эле коогалаңды уюштурган, каржылаган, башында турган жеке адамдар күнөөлүү. Бул жерде бир тараптуу кыргыздар же өзбектер күнөөлүү деп айтууга болбойт.

Акыйкатчы институту түштүктөгү окуяны иликтөө үчүн көз карандысыз комиссия түзөт. Ага бейөкмөт уюм, жарандык коом, маданий чөйрөнүн өкүлдөрү кирип, эл аралык уюмдун өкүлдөрү комиссиянын ишине байкоо салмакчы. Буга байланыштуу сунуштар кабыл алынып, учурда даярдалып жатат.

XS
SM
MD
LG