Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

А. Орозов: Айтканга оңой, аныктоо кыйын


Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Алик Орозов
Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Алик Орозов

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Алик Орозов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, HRW уюмунун түштүктөгү коогалаң боюнча бийликке айткан сындарынын айрымдарын моюнга алды. Ал тополоң окуялардын алдын алууда, токтотууда бийлик тараптан да, күч структуралары тарабынан да ыкчам аракеттер болбой калганын белгиледи.

Бирок аталган уюмдун айрым өкмөттүк аскерлер маалерге жасалган чабуулга аралашып кеткен деген маалыматын иликтеп, тактоо зарыл деп эсептейт.

- Өкмөттү күнөөлөп аткан кээ бир учурлар: толук аракеттерди, иш чараларды көргөн жок, чала кылган дегени туура, аны четке кагууга болбойт да, өзгөчө 10-11-12-июнь күндөрү чынында эч кандай аракет болгон эмес да.

- HRW уюму өзүнүн баяндамасында өкмөттүк айрым күчтөр билип туруп эле же кокусунан өзбек маалелерге жасалган чабуулдарга өздөрү да аралашып кеткен деп билдиришти?

- Аны аныкташ керек. Аскерлер БТР менен киришкен, алар дагы катышкан, атышкан дегенди. Ал жакта көп бандиттер, окуяны баштаган кишилер формачан, камуфляж кийип алып жүргөн. Күч органдары же бөлөк адамдарбы формачан жүргөн, аны аныкташ керек. Андай учурлар болгон. Формачан камуфляж менен келген кишилерди көрүп, ойлоп атышса керек аскерлер келишкен деп.

-Аталган уюмдун отчетунда түштүктөгү окуяны иликтеш үчүн түзүлгөн комиссиянын иши айрым катачылыктар менен коштолуп жатат деп билдирилген. Ушул жаатта пикириңиз кандай?

- Бул аябай татаал, кыйын окуя болбодубу. Аны иликтеш үчүн бир нече күндөр, айлар керек. Кайсы комиссия болбосун, эл аралык комиссия түзөбү, кемчилик болбой койбойт. Бул тараптан да, тиги тараптан да нааразылык болот. Комиссиянын чечим чыгарышы аябай кыйын иш.

-Күч органдары түштүктөгү проблеманы чечпей, тескерисинче анын бир бөлүгү болуп калышканын белгилешиптир. Күч органдары негизинен эле коопсуздукту, тартипти камсыз кылуу үчүн кандай иштеп атат деп ойлойсуз?

- Акыркы күндөрү оңолуп атат, жаңырып атат, башка кызматкерлерди коюп атат, кичине тартипке келип атат. Биринчи күндөрү, албетте, мурунку бийликтен калган калдыктар, ошолор койгон органдагы жетекчилер баарын бузуп кетишпедиби. Керек болсо органдарда, милицияда атайын каражаттар – дубинка, шлем, щит, бронежилет эч нерсе жок калыптыр. Ошон үчүн өзүн өзү сактай албай калган. Ошондуктан мурунку бийлик бардыгын бузуп, коррупцияга айландырып, бузук адамдарды койгон. Ошолор азыр иштебей калышты, качып тарап кетишти, элин таштап. Албетте, азыр деле кемчиликтер көп, тазалаш үчүн көп убакыт керек, бирок акырын-акырын бутуна туруп атат.

-Дегеле иликтөө комиссиясынын ишине сиз кандай баа бересиз?

- Адилеттүү болуш үчүн, административдик жагынан кысым болбош үчүн ал Убактылуу өкмөттөн чыгып кеткен. Толук көз карандысыз комиссия болсун, өкмөткө көз карандысыз болсун деген колдон келишинче аракет болуп жатат. Бирок кандай чечим чыгарат, туура чечеби же баарын изилдеп көрөбү, аны мен айта албайм. Ага убакыт бар, ноябрда, октябрда бүтсө кандай.

- Түштүктөгү окуяга тийиштиги бар деп эле адамдарды тушкелди мыйзамсыз камаган нечендеген окуялар болду деген айыптоолор да бар да “Хюман райтс вотч” уюмунун баяндамасында. Сиздин оюңуз кандай?

- Күнөөсү жок кишилерди камаган фактыларын билбейм. Балким коррупцияга малынган милициялардын пайда көрөйүн деген аракеттери боюнча бир аз фактылар бардыр. Бирок массалык түрдө болду деп айтыш кыйын. Бирок өзбектер көбүрөөк кармалып отурган, ошон үчүн айтып атат го.

-Бүгүн маалымат жыйынында эксперт Александр Князев ал Кыргызстандын түштүгү экинчи Палестина болуп кетүү коркунучу бар деп айтыптыр?

- Кыргызстан биринчи күндөрү караганда ошондойго айланып бараткан, тартип жок, бардыгы бузулду деп. Бирок биздин эл акылдуу, эстүү эл, токтолот, бардыгы ордуна келет. Биз Африкага же Палестинага айланып кетпейбиз. Биз өзүбүздү өзүбүз сактап, дүйнөгө маданиятыбызды көрсөтүшүбүз керек. Биз өзүбүздү өзүбүз сактай албай, согушка айландырып, уруу-уруу болуп бөлүнүп чабышсак, анда албетте башка күчтөр Америка, БУУ, ЕККУ бизден сурабай эле кирип келет. Ошондой болбош үчүн биз өзүбүздү карап, токтотуп, бири-бирибизди сыйлап жүрсөк, андайга жеткирбейбиз. Мен буга толук ишенем.

-ЕККУнун полициялык кеңеш берчү тобу качан келген атат?

- Ал азырынча чечиле элек. Сүйлөшүп атат, бир нечеси келсе дагы Бишкекте туруп сабак берип, Оштон 10-15тен милиция кызматкерлерин жарандардын укуктарын кандай сакташ керек деп бул жакка келип окутуп, үйрөтүп кайра жөнөткөндөй жолго барган атабыз.

-Демек келе турган куралсыз 50 адам түштүккө барбай эле Бишкекте калат турбайбы?

- Ошондой сунуш кылдык, сүйлөшүү болуп атат ошол жөнүндө.


Оштогу кан тополоң күндөр

Оштогу тополоң
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:19 0:00

XS
SM
MD
LG