Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

И.Исаков: Оштогу окуялар атайын уюштурулган


Коргоо министринин милдетин аткаруучу, Убактылуу өкмөт башчынын түштүк аймагы боюнча өкүлү Исмаил Исаков (ортодо) кыргыз-өзбек чек арасындагы жолугушууда.
Коргоо министринин милдетин аткаруучу, Убактылуу өкмөт башчынын түштүк аймагы боюнча өкүлү Исмаил Исаков (ортодо) кыргыз-өзбек чек арасындагы жолугушууда.

Кыргызстандын түштүгүндөгү учурдагы кырдаал, Ош шаарындагы абал тууралуу коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Азыркы мезгилде Ошто акыбал кандай болуп жатат?

Исмаил Исаков: Азыркы мезгилде Ошто акыбал өз нугуна түшүп баратат. Биз мына бул кризистен өткөндөй негиз болду. Көп жолдор жабык болчу, алардын басымдуу көпчүлүгү ачылып атат. Оорчунду жерлерге толук блок постторду коюп, ошол эл милициянын кызматкерлерин көрүп, бизди коргой тургандар бар экен деп Ош шаарынын жарандарында ишеним пайда болгондой шартты түзүп жатабыз.

Күчтөр, техникалар толугу менен жетет. Азыр Ош шаарын, Ош облусун стабилдүүлүккө алып келип, мындан кийин жагдайды жакшы жолго алып барганга толугу менен бардык структуралар күнү-түнү иштеп жатат.

- Демек азыр сыттан күч киргизүүнүн зарылдыгы жок экен да?


Исмаил Исаков: Азыркы күндө биз орус элине, Орусияга өтө чоң ыраазычылыкты билдирип, рахмат айтып коюшубуз керек. Ушундай кырдаалда бизге жардам беребиз дегенде күч пайда болгондой болду эле. Азыр ал жактан келген күчкө муктаж болбой калдык, ошондуктан биз аларга ушундай кырдаалда жардам беребиз дегенине кубанып, ушундай достордон жардам тиерине ишеним пайда болду. Бирок алардан келе турган күч структурасынын кереги жок, бизге гуманитардык техникалык жардам керек, ошолор болсо жакшы болот эле.

- Азыр кээ бир өзбектер топтолуп жашаган айылдарга, кварталдарга кирүү мүмкүн эмес деген маселе болуп атат. Бул маселе кандай чечилип атат?

Исмаил Исаков: Ушундай фактылар бар. Кечээтен бери Ош шаарын алты коменданттык аймакка бөлдүк. Ошол коменданттык аймакта комендантура ачылды, бүт структура ошолордун колунда болот. Ал жерде гуманитардык жардамдарды таратуу пункттары ачылат. Электр жарыгын оңдогонго, телефондорду оңдогонго суу, газ менен камсыз кылганга – ошол структуралар иштейт. Ошондуктан жаап койгон жерлерди ачтырып атабыз. Кудай буйруса, бүгүн-эртең бардык жерлерге барып иштегенге толук шарт түзүлөт.

- Гуманитардык жардамды жеткирүүдө кыйынчылыктар пайда болуп жатат деди эле бул маселе чечилдиби?

Исмаил Исаков: Биринчи күндөн тартып чынын айтканда мындай тажырыйбасы болгон эмес, бийлик тармактарында, жергиликтүү бийлик болобу, таркатуу баарыбыздын башыбызга түшкөн эмес. Ошондуктан башкаруу системасын калыпка келтиргенге чейин чындыгында кыйынчылыктар болду. Аз эле пункттарда ашыргандыктан элдерде ызы-чуу болуп, бирөөнө жетпей калыптыр, бирөөнө бербей коюптур, башкача бөлүп атат деген нааразычылыктар болгон жана болуп жатат. Ошондой шарт чындыгында бар. Бирок алты комендантты, шаардын мэри, мен да айттык квартал же көчө көчө кылып ошол жерде бир нече пункттарды өзү ачыш керек, тактап туруп бергенге аракет кылгыла деген тапшырмаларды алышты.

- Эки элдин ортосунда чагым салган адамдар кармалды, ал жалданган кишилер экен деген сөздөр болду эле. Ошол тастыкталып атабы? Тажикстандагы согушка катышкан адамдар экен деген да сөздөр болду эле?

Исмаил Исаков: Эми туура, ошолордун арасында аткычтар деп такталган адамдар бар, ошол жарандар бар экени маалымат болгон. Бир топ адамдар кармалды, азыр тергөө болуп аткандан кийин аларды толук айтканга менде мүмкүнчүлүк жок, мыйзам мага уруксат бербейт. Баары такталгандан кийин айтылат, азыр тергөө тобу күнү-түнү иштеп жатат. Чындыгында атайын уюштурушкан.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG