Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Ош: Абитуриенттин билими «акча» менен өлчөнөбү?


Оштогу эң ири жогорку окуу жайлардын эки окутуучусу абитуриенттерди «окууга өткөрүү» үчүн пара алып жаткан жеринен кармалып, кылмыш иши козголду.

Ал ортодо Оштогу бир катар окуу жайлардын ректорлору кабыл алуу өнөктүгүнүн жүрүшү быйыл өзгөчө ачык-айкын өткөнүн белгилеп, Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Садыр Жапаровго ыраазычылык кат жолдошту. Бирок университет жетекчилеринин мындай «ыраазычылык каты» жергиликтүү бейөкмөт уюмдар тарабынан катуу сынга кабылып, ЖОЖ жетекчилеринин ашынган кошоматчылыгы катары баланды.

Өлкөнүн каржы полициясынын маалымат кызматынын «Азаттыкка» билдиришинче, учурда окууга өткөрүү үчүн алты миң сом пара алып жаткан учурда Ош технологиялык университетинин мугалими жана студенти башка адистикке которуу үчүн 230 АКШ долларын талап кылган Ош мамлекеттик университетинин декан орун басары колго түшүрүлүп, учурда тергөө иштери башталды. Бирок бул эки факты азырынча каржы полициясынын гана берген маалыматы.

Ал эми быйылкы өнөктүктө коррупциялык иштерге каршы күрөшүүдө башка да бир катар укук коргоо органдары иштеп, алардын жалпы тыянагын окуу жылынын башында жарыялайбыз дейт аталган агенттиктин кызматкери Мыктыбек Өмүрзаков:

- Ички иштер министрлиги жана каржы полициясы тарабынан айрым мугалимдер кармалган маалыматтар бар. Бул боюнча азыр жарыялоого эрте. Бизге ушул жуманын ичинде жалпы маалыматтар түшкөндөн кийин атайын анализ жасайбыз. Азыр жыйынтыкты чыгара элекбиз.

Бул аралыкта Оштогу айрым жогорку окуу жай жетекчилери быйылкы кабыл алуу өнөктүгүн таза жана ачык өткөрүүгө шарт түзгөндүгү үчүн коррупциянын алдын алчу агенттиктин жетекчилигине кат жолдоп, анысы айрым бейөкмөт уюмдар тарабынан сынга кабылды.

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев бул билдирүү ректорлор менен коррупцияга каршы күрөшчүлөрдүн өз ара тандемдешип алганын айгинелейт деген пикирде:

- Бул эми ректорлордун гана кошоматчылыгын белгиси. Сиз бизге тийбеңиз, биз сизге тийбейбиз дегендей, коррупцияны биргеликте тандемдешип жасагандын белгиси да. Болбосо, окуу жайларга кабыл алууда мал базарда соодалашкандай эле деңгээлге жетти коррупция. Өтө ыплас өткөн экзамендерди таза өттү дешсе ким ишенет?

Келдибаев белгилегендей эле көпчүлүк ата-энелер да окууга кабыл алууда балдарынын билим деңгээли такыр эле бааланбай, факультеттер, адистиктер алардын капчыгына жараша гана тандалып калганына катуу нааразычылыгын айтышат.

Алыскы райондордун биринен келген Канайым Эшбаева, өз баласын келишимдик негизде окутуш үчүн да пара бергенин, окуу жай жетекчилеринин кабыл алуу экзамени таза өттү деген сөзү жөн гана актануу экенин айтат:

- Таза өттү деген такыр туура эмес. Баягы эле коррупция. Ага балким ошол ректорлордун өздөрүнүн тиешеси бардыр. Таза өткөн жок, ишенбейм. Факультеттин кадыр-баркына жараша акчасы бааланып жатты.

Оштогу 21-кылымдын жаш демилгечилери коомдук жаштар фондунун лидери Түгөлбай Абдумаликов дагы айрым ректорлордун «окуу жайга кабыл алуу өнөктүгү быйыл өзгөчө адилет өттү» деген пикирине караманча каршы. Анын айтымында, коррупцияны алдын алчу улуттук агенттик жыл санап көбөйгөн паракорлук өнөкөтүн азайтууга эч кандай таасир эте алган жок:

- Тилекке каршы бул агенттик көзгө көрүнүш үчүн гана жарыяларын илимиш болуп, же иштеп атабыз дегендей түр көрсөтүш үчүн түзүлгөндөй. Болбосо, коррупция кадимкидей жүрүп, окуу жайларда кайра күчөп жатпайбы.

Ошентип, айрым жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү серепчилер быйылкы өнөктүк учурунда абитуриенттер сөзсүз пара берүү жолу менен окууга өтүшкөнүн, алардын билими карандай акча менен гана бааланып калышканын белгилешүүдө. Эскерте кетсек, президент Курманбек Бакиев шайлоо алдында Ошто жүздөгөн студенттер менен жолугушуп, мындан ары окуу жайларда коррупцияга аралашкан кызматкерлерге катуу чара көрүлөрүн айткан эле.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG