Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Ыңкылап курмандыктарын эскерүүлөр уланууда


7-апрелдеги окуялардан бери бир айдан ашык убакыт өткөнүнө карабастан Өкмөт үйүнүн жанына келип, курман болгондорго арнап куран окуткандардын саны азая элек.

Өкмөт үйүнүн жанында 7-апрелде курман болгондорго арнап куран окутуп, алардын элестерине таазим кылуу менен гүлчамбар коюну каалагандардын саны азыр дагы азайбаганын көрүүгө болот. Бул жерге апрель окуяларында жакындарын жоготкондор гана эмес, көчөдө өтүп бара жаткандар да токтолуп, куран окутуп кетип жатышат.

Ал түгүл Кыргызстандын башка дубандарынан атайын келгендер да бар. Алардын бири Бишкек шаарына Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарчасынан келген Керезова Алтынай:

- Албетте куран окутуп кетүү мусулман кишинин парзы. Биз дагы бул парзды аткаруу үчүн атайын куран окутуп кетип жатабыз. Мына азыр эл баатыры болуп жатышат, булар. Эми бул жаштарды көп нерсеге ойгондуруп жатат да. Мунун ичинде дагы көптөгөн нерсе бар. Бул жерде азыр бейкүнөө эле адамдар каза болуп кетти да. Жапжаш балдар, эми колунан иш келе турган балдар каза болуп кетти.

Ак үйдүн жанында ыктыярдуу бирикмелер тарабынан төрт боз үй тигилген. Алар куран окутууну каалагандарга боз үйгө кирип каза болгондорду эскерип, куран окуп, даам сызып кетүү мүмкүнчүлүгүн берип жатышат. Мындан сырткары “Жаш тегин” жаштар бирикмеси, “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү ар кыл талаптар менен кол топтоо үстүндө. Алардын талаптарынын катарына 7-апрелде курман болгондорго моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү, жаштарды бийликке аралаштыруу өңдүү талаптар дагы бар.

“Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин мүчөсү Эрнист Райымбеков аянтка келгендердин саны бир айдан бери үзүлбөгөнүн айтат:

-Элдер түшүнүп келип куран окутуп жатышат. Бир тууган болбосоң да кыргыз бири-бирине тууган эмеспи. Жакындарын жоготкон байкуштар күйүп, ыйлап келип жатышат. Бул жерге келип, бизге жазылып кеткендер эле бир күндө бир төрт миңге жетип жатат.

Эрнист Райымбеков билдиргендей кээ бир шаар тургундары атайылап тамак жасап келип куран окутуп жатканын да айтат.

Өкмөт үйүнүн жанында апрель окуяларында курман болгондорго орнотулган эстеликке келип зыярат кылган чет өлкөлүк жарандар да бар. Мындан сырткары аталган жайларга келип куран окуткан улгайган адамдарды да кездештирүүгө болот. Алардын бири Аксы районунан Бишкекке келген Шамшиева Гүлбүбү айым көзүнө жаш алып, "Азаттыкка" буларды баяндады:

- Ким аттырган болсо дагы ушул балдардын убалы уктатпасын. Ата-энелери ушинтип эрезеге жеткирип койгон кезде балдар шейит кетип жатпайбы. Элим, жерим деп кетишти.

Өкмөт үйүнүн жанында эки сааттай абай салып, элдин саны суюлбай турганын байкадык. Бири кетсе, экинчиси келип куран окутуп жатышат.

XS
SM
MD
LG