Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Кыргызды тааныткан акын


26-майда Кыргыз Улуттук китепканада Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин 85 жашка толушунун урматына арналган “Ала-Тоонун залкар жазуучусу” деген аталыштагы көргөзмө өтөт. Көргөзмө үч бөлүмдөн турат. Биринчиси, акындын турмуш жолуна сапар, экинчиси, которгон эмгектери жана үчүнчүсү чыгармачылыгындагы жетишкен бийиктиктерине арналган.

“Ала-Тоонун залкар жазуучусу” аттуу көргөзмөдө акындын чыгармалары, ошондой эле улуу чыгармачыл жолун чагылдырган ар түркүн сүрөттөр да көрсөтүлөт.

Көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири, Кыргыз Улуттук китепкананын жетекчисинин орун басары Рыскулбек Буларкеевдин айтымында, көргөзмөгө маданият ишмерлери, санаалаш достору жана акындын чыгармачылыгын баалаган окурмандары да катышат

- Көргөзмөдө акындын бардык чыгармалары, анын жолун чагылдырган сүрөттөр коюлат. Мындан сырткары акындын сөзүнө жазылган ырларды аткарып жүргөн ырчылар кыска концерттик программа тартуулашат. Акындын санаалаш достору келет. Дегеле адабият сүйүүчүлөр үчүн эшик ачык.

Сооронбай Жусуевдин эң алгачкы чыгармасы 1943-жылы жазылып, “Алдыга жылган кыргыздар” деген ат менен 1950-жылы жарык көргөн. Ошондой эле уюштуруучулардын айтымында, акындын орус тилинде жарык көргөн 14 ыр жыйнагы бар. Алардын арасынан “Менин жашоом” деген ыр жыйнагы Фадеев атындагы сыйлыкка ээ болгон.

Мындан сырткары 30дан ашуун ырлары чет тилдерине которулган. Рыскулбек Буларкеевдин белгилешинче, Сооронбай Жусуев Ата мекен темасындагы ырларга өзгөчө табит менен кайрылат.

- Өзү Алай-Куу деген жерден болот. Анын тоолорун, сууларын сүрөттөп мындай деп ырдаган жери бар:

Ар дайым Алай-куудан сергип кайтам
Асмандан канат күүлөп эргип кайтам


Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Сооронбай Жусуев Курманжан Датка тууралуу биринчилерден болуп ыр роман жараткан. Акындын санаалаш досу, “ Руханият” эл аралык ассоциациясынын жетекчиси Акун Токтосартовдун айтымында, бул дастан үчүн Сооронбай Жусуевге Токтогул атындагы сыйлык ыйгарылган:

- Кыргыз адабиятында биринчилерден болуп ыр роман жазган Аалы Токомбаев болсо, экинчи эле Сооронбай Жусуев. Анын Курманжан Датка тууралуу жазган ыр романы Токтогул атындагы сыйлыкты алган.

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев кыргызды тааныткан белгилүү инсандардын бири – Сооронбай Жусуев болгонун билдирди. Анын айтымында, акын жараткан эмгектер түбөлүккө өчпөй сактала берет.

- Таланты кайталангыс акын. Анын ырлары кыргызды чет өлкөгө тааныткан. Элди тааныткан белгилүү инсандардын бири десек болот. Кыргыз адабиятында өчпөс орду бар.

Белгилүү болгондой сөзү Сооронбай Жусуевге таандык элүүдөн ашык обондуу ырлар бар. Аларды белгилүү ырчылар Асылбек Өзүбеков, Салима Балтаева, Гүлзат Байзакова жана башка көптөгөн ырчылар аткарып жүрүшөт. Алардын бири, бүгүнкү иш-чаранын катышуучусу Асылбек Өзүбеков “Азаттыкка” буларды айтты:

- Сооронбай Жусуев менен жыйырма жылдан ашык кызматташып келем. Акындын калемине таандык ырларды ырдап жүрөм. Кыргыздын уникалдуу классиги. Бүгүнкү маарекеси менен куттуктап, бекем ден соолук каалайм.

Кыргыз Улуттук китепканада өтө турган иш-чарага 170тен ашуун коноктор чакырылган.
XS
SM
MD
LG