Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

М.Абедин: Иран кыргызстандык учакты мажбурлап кондурганын даана билебиз


Абдулмалек Риги
Абдулмалек Риги

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ирандык сунни козголоңчулардын лидери кыргызстандык учакта кармалды деген маалымат туура эмес деп билдирди. Бул маалымат ансыз да ар түркүн суроолор жараткан окуя тууралуу кошумча түкшүмөл кабарлар жаратты. Буга байланыштуу Лондондогу Терроризмди изилдөө борборунун улук эксперти, теги ирандык Махман Абедин “Азаттыкка” маек курду.

- Кыргызстандык жана башка чет элдик эксперттер Абдулмалек Ригинин кармалганын Ирандын бийликтери атайлап уюштуруп, Иран кандай күчтүү, чалгынчылары кыйын экенин көрсөткүсү келет деген пикирлерин айтышууда. Ирандын өзүндө бул окуя бийликтегилердин чоң жетишкендиги катары бааланып жатабы?

Махман Абедин: Албетте, кандай караган күндө да, бул Ирандын бийликтери үчүн абдан чоң ийгилик. Абдулмалек Ригиге далай жылдан бери издөө салынган, ал бир катар террористтик актылар үчүн жооптуу эсептелчү. Ирандын бийликтери ага тымызын Пакистандын чалгындоо кызматы, АКШ колдоо көрсөтөт деп айыптап келген.

- “Жундалла” уюму Ирандын бийликтери айткандай чын эле өлкөдөгү коопсуздукка коркунуч келтирген уюмбу?

Махман Абедин: “Жундалла” Ирандагы Балучистан регионунда көп жылдардан бери иш алып барган сепаратисттик уюм эсептелет. Ал ошол региондогу коопсуздукка коркунуч келтиргени чын. “Жундалла”, менимче, Ирандын борбордук өкмөтүнө, же өлкөдөгү саясий кырдаалга коркунуч келтире албайт.

- Пакистандын элчиси өткөн аптада Пакистандын жардамы болбосо, ирандыктар Ригини кармай албайт болчу деп төш какты. Пакистан менен Ирандын коопсуздук кызматтары ушундай иштерде тыгыз кызматташабы?

Махман Абедин: Формалдуу түрдө андай кызматташтык жок. Айрыкча коопсуздук маселесинде. Пакистан элчисинин айтканы кызыктай угулду, анткени буга чейин Иран Пакистан “Жундалла” уюмуна жардам берет деп айыптап келген да. Расмий Тегерандын өкүлдөрү бул иште Пакистандын жардамы болгонун азырынча четке кагууда. Алар Иран Абдулмалек Ригини жалаң ирандык чалгындоо жана коопсуздук органдары кармашты, эч кимден жардам алышкан жок деп белгилеп жатат.
Ирандын тышкы иштер министринин КМШ өлкөлөрү боюнча иш салып барган орун басары Шейбони мырза Кыргызстандын элчисин чакырып, кечирим сураптыр.


- Кыргызстандан таратылган маалымат бир аз чаташып кетти. Башында айрым расмий адамдар Ирандын бийликтери учактагы эки кишини кармап кетишти деп айтышты эле, эми Тышкы иштер министрлиги ал маалымат туура эмес, эки киши учактын ичинен эмес, сыртынан кармалган деп атышат. Минтип чаташуунун себеби кандай деп ойлойсуз?

Махман Абедин: Бул, албетте, абдан талылуу маселе. Коопсуздук жагынан алабызбы, же саясий жагынан алабызбы, экөө бирдей өтө талылуу. Биз Иран бийликтери кыргызстандык учакты мажбурлап кондурганын даана билебиз. Ал учак жөндөн жөн эле токтотулган жок да, анын ичинде бир шектүү бирдеме болгон үчүн кондурулду.

Балким, Кыргызстан менен Ирандын бийликтери өз ара сүйлөшүп, Абдулмалик Риги учактын ичинен кармалган жок деп айталы деген пикирге токтошкондур. Тегеран суранышы мүмкүн. Экинчи жагынан, балким Риги мырза эч жерде катталбаган чакан бир учакта баратып кармалгандыр. Эмнеси болсо да, Ирандын тышкы иштер министринин КМШ өлкөлөрү боюнча иш салып барган орун басары Шейбони мырза Кыргызстандын элчисин чакырып, кечирим сураптыр.

- Ирандын айрым маалымат каражаттары Абулмалек Риги Бишкекке барып, ал жердеги АКШнын базасында бир чоң жетекчи менен жолугуп, акча жана башка жардам алмак экен деп кабарлашты. Ушундай маалымат АКШнын Кыргызстандагы транзит борборунун келечегине доо кетирбейби? Маселен, Орусия, же Иран “карагылачы, алдагы транзиттик борбор эмне кылып атканын” деп кыргыз бийликтерине кысым көргөзбөйбү?

Махман Абедин: Андай айыптоолор азырынча эч кандай бир далил, же башка нерселер менен бышыкталган жок. Бирок Иранда, же өзүңүз айткандай Орусияда АКШнын чет өлкөлөрдөгү аскердик аракеттери ачык-айкын жүргүзүлбөйт деген сөздөр айтылып келатат. Андай шектенүүлөр бар, Риги мырзанын айткандары андай шектенүүнү күчөтөөрү бышык.
Риги мырза эч жерде катталбаган чакан бир учакта баратып кармалгандыр.


- Абедин мырза, бул окуя кандай болгон күндө да, сиз, же мен сыяктуу анда-санда учакка түшкөн катардагы жүргүнчүлөр арасында тынчсыздануу жаратпай койгон жок. Ирандын, же башка өлкөнүн атайын кызматтары каалаган учакты мажбурлап кондуруп, анда шектүү адам бар дей береби, деги эл аралык мыйзамга туура келеби ушундай аракет?

Махман Абедин: Америка өзүнө ошондой укук берип койгон. Эгерде асманда бараткан учакта бир шектүү террорист болсо, аны токтото алат. Башка Батыш өлкөлөрү деле ошондой чечим кабыл алган. Бул жагынан алганда, Ирандын деле укугу болсо керек. Эгерде ал учакта шектүү террорист баратса, аны жолдо токтотуу катардагы жүргүнчүлөрдүн деле кызыкчылыгына туура келет эмеспи. Албетте кандайдыр ыңгайсыздыктар болбой койбойт, асманда бараткан учакты кондуруп, аны текшерүү кимге жаксын.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG