Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Адвокат А. Абдулакимов: Укук коргоочуга суралган жаза негизсиз


Укук коргоочу Азимжан Аскаров сот сурагында, 6-сентябрь.
Укук коргоочу Азимжан Аскаров сот сурагында, 6-сентябрь.

Жактоочу Абдумиталип Абдулакимов Базар-Коргондо июнь айында болгон кандуу окуя боюнча айыпталып жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровго өмүр бою эркинен ажыратуу сураган мамлекеттик айыптоочунун сунушу менен макул эмес. Жактоочунун пикиринде, Базар-Коргондогу “Аба” аттуу укук коргоо уюмунун башчысы А. Аскаровго коюлган айыптар сотто далилденген жок.

- Абдумиталип мырза, сиз сотто коргоп келаткан Азимжан Аскаровдун чет элдик укук коргоо уюмдары жазып жаткандай , анын укугунун бузулушу тууралуу кандай маалыматтар бар? Сотто ага коюлган айыптар далилдендиби?

- Сотто ага коюлган он айыптыр бири да далилденген жок. Мамлекеттик айыптоочулар бир да эпизодду талашсыз камсыз кыла алган жок. 17- июнь күнү Азимжан Аскаровдун үйүн тинтүү маалында анын үйүнөн он даана патрон жана 26 даана “ Хизб-ут Тахрир” уюмуна тиешелүү компакт-дисктер табылды деп, кылмыш жаза кодексинин 241 жана 299-беренелери менен айыбын угузуп атат, бирок ал дисктер сотто телевизордон, же башка техникалык каражаттардан көрсөтүлгөн жок. Андан тышкары, ошо он патрон менен 26 диск алынып жатканда катышкан күбөлөр сотко чакырылып, кайсы жерде, кимдин катышуусунда, кандайча табылганы тууралу далилдерди сотко алып келе алышкан жок. Демек ага коюлган айыптар сот отурумунда далилденген жок. Мындай шартта жактоочу тарап Азимжан Аскаровдун жасаган аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан соттон аны толук актоону суранды.

- Соттун жүрүшүндө жабырлануучулар “А. Аскаров 13-июнда Ош- Бишкек жолунун Базар-Коргон районундагы көпүрө боюна чогулган адамдардын арасында болуп, издөөдө жүргөн Маматкадыр Карабаев деген адам менен бирге “ милиция башчысын кармагыла, калгандарын өлтүргүлө!” деп көрсөтмө беришти. Чындыгында ошондой болгон бекен? Азимжан Аскаров ошо күнү кайсы жерде болгон?

- Ал 15- июнь күнү кармалгандан баштап өзүнүн биринчи жазган түшүнүк каттары менен сурак протоколдорунда 13- июнь күнү көпүрөнүн жанында топтолгон адамдардын арасында болбогондугу, көпүрөгө чыкпаганы тууралуу көрсөтмө берип келүүдө. Ал окуя болгон 13-июнь күнү саат ондор чамасында үйүндө уктап жатканда аялы ойготкон. Анан ал жолдо адамдар чогулуп, милиция кызматкерин өлтүрүп койгонун угуп, анын чын-төгүнүн билүү максатында жолго чыкканы тууралуу көрсөтмө берүүдө. Жабырлануучулар милиция менен укук коргоочунун ортосундагы карама-каршылыктардан улам бир жактуу көрсөтмө берип келишүүдө. Ошол эле окуяга катышып, ар кандай, баш аламан көрсөтмө берген адамдарга сын көз менен мамиле кылууга жатат деп эсептейбиз.

- Сотто соттолуучулар менен алардын жактоочуларына, жабырлануучуларга , мамлекеттик айыптоочуларга кандай мамиле жасалууда.

- Сотто жактоочулар менен соттолуучуларга иш боюнча иш алып баруусуна, алардын дарегине жаман сөздөр айтылуу менен тынымсыз тоскоолдуктар болуп, ачык эле коркутуу-үркүтүү коштолуп, соттолуучулардын өз оюн сотко жеткирүүсүнө, жактоочулардын ишти ачык айрым, мамлекеттик айыптоочулар менен тең жүргүзүүсүнө тоскоолдуктар жасалып келүүдө.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG