Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

З. Молдошев: Кылмышкерлердин улутуна карабайбыз


Замир Молдошев, Ош облусунун комендантынын орун басары.
Замир Молдошев, Ош облусунун комендантынын орун басары.

Ош облусунун комендантынын орунбасары, генерал-майор Замир Молдошев Ошто кармалган өзбек тектүү жарандар кыйноолорго кабылып жатканы боюнча маалыматтарды туура эмес деп эсептээрин, кылмыш жасагандар улутуна карабай кармалып жатканын айтат.

- Ошто укук коргоо органдары тарабынан кармалган өзбек тектүү жарандар кыйноолорго кабылып жатканын буга чейин Хюман Райтс Уотч эл аралык уюму билдирсе, кечээ БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Нави Пиллай Женевада сүйлөгөн сөзүндө айтты. Чындыгында эле Ошто ошондой кыйноолор болуп атабы, ушуну териштирдиңиздерби?

- Азыр мындай сөз айтканы туура эмес деп эсептейм. Ар бир Кыргызстанда жашаган жаранды бул кыргызстандык деп эсептеш керек, биринчиден. Экинчиден, азыр бизде оперативдүү топтор түзүлгөн. Аларга жарандар кайсы улуттан болбосун эгер кылмыш жасаган болсо эч нерсесине карабай жоопко тартылсын деген милдет койгонбуз. Ошон үчүн азыр минтип айткан менимче эң эле туура эмес.

- Замир мырза, күч органдарынын кызматкерлери түнкүсүн жортуулга чыгып, тынч жаткан элдин паспортун текшеримиш болуп, акча талап кылып жатат деген да маалыматтар чыгып атат, мунун канчалык чындыгы бар?

- Азыр биз караштырып көрсөк, башында көп автоунааларга коменданттык саат учурунда жүргөнгө уруксат берилген экен. Азыр изилдөө жүргүзүп, аларды кыскартып атабыз. Түндөсү унаалар жүргөндө эле эл тынчсызданып, “тиги жактан, бул жакан курал алып келиптир” деген имиштер чыгып аткан. Азыр биз бир гана оперативдүү маселелер боюнча гана унааларга уруксат берип атабыз. Биз оперативдик кошмо штабда ачык телефондор бар, ага ар бир жараныбыз кайсы убакта чалса так маалымат ала алат.

- Айрым маалыматтарда Он-Адыр айылына азыркыга чейин күч органдары кире албастыгы, Оштун кээ бир жерлеринде дагы эле ок атуулар болуп жатканы айтылууда. Деги эле кырдаал кандай, ушул боюнча так айтып берсеңиз?

- Азыр эми ар кандай ушактар көп чыгып атат, Он-Адыр деп эле эл айтып атат. Жакында Туран, Амир-Тимур шаарчаларына жетекчилерди алып барып, эл менен жолугушуу өткөргөнбүз. Кичинекей шаарчада эч кандай коркунуч жок экенин көрүштү. Ошол жерге биз азыр коменданттык аймак кылып жоокер, милиция кызматкерлерин койдук. Эч кандай коркунуч жок.

- Замир мырза, июнь айынан бери түштүктө күч органдарынан тартип бузган канча кызматкер аныкталып, ишинен бошотулду?

- Азыркы эсеп менен куралдуу күчтөрдөн 40 чакты жоокер, милициядан 20-30га жакыны жоопко тартылды. Азыркы маалда коменданттык кайгуул тобу күнүгө шаарды карап жүрөт, туура эмес форма кийгендерди дароо кармап, чечтирип атабыз. Коменданттын буйругу менен коменданттык саатта арак сатылбасын деген талап койгонбуз. Ошол боюнча да иштер жүрүп атат.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG