Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

“Күз-2010” мода жумалыгы башталды


3-ноябрда Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында “Кыргызстан. Күз-2010” мода жумалыгы башталды. Сынакка элүүгө чукул жаш дизайнерлер катышууда.

"Кыргызстан. Күз-2010" мода жумалыгына Кыргызстандын аймагынан келген алтымышка чукул сүрөтчү-модельер, дизайнерлер катышууда. Алардын элүүгө чукулу жаштар. Эл аралык мода көргөзмөлөрүнө катышып, аты чыгып калган он дизайнер да эмгектерин элдин сынына коет. Мода көргөзмөсү негизинен төрт багытта өтүүдө. 3-ноябрда авангард багытындагы кийимдердин үлгүлөрү көрсөтүлүп, калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Көргөзмөнү уюштурган "Витлайн" (VitLine) моделдик агенттиктин жетекчиси Виталино мода көргөзмөсүнө таланттуу жаштар жылдагыдан көп катыша баштаганын, Кыргызстанда моделдик-дизайндык кесиптин кадыр баркы жогорулап баратканын айтты:

- Көргөзмөдө негизинен автордук жасалгалар көрсөтүлүп жатат. Алар өздөрүнүн кооз кийим-кечектерин, буюмдарын өз колдору менен жасашкан. Бул иш-чарага жаңы дизайнерлер алгачкы жолу катышып, жаңы ысымдар пайда болду. Борбор калаада өтүп жаткан мода көргөзмөсү Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын өнүгүшүнө, жаңыча изденүүсүнө абдан чоң түрткү болот.

Көргөзмөнүн алгачкы күнү авангард багытындагы кииймдердин үлгүлөрү көрсөтүлдү. Анда жаштардын кечелерде, күндөлүк турмушта кийүүчү кийимдери жана үйлөнүү үлпөтүндө кийүүчү кооз көйнөктөрдүн коллекциясы коюлду.

Жанара Чыңгышева
“Ирина” фирмасынын атынан катышкан жаш сүрөтчү-дизайнер Жанара Чыңгышеванын өз колу менен жасаган аялдардын көйнөктөрү, жарашыктуу кийим-кечектери көрөрмандардын кызыгуусун жаратты.

- Бул менин биринчи дебьютум. Алгачкы жолу көргөзмөгө катышып жатам. Анда көрсөтүлгөн коллекция авангард стилинде. Нукура терилер, накта кездеме, стразалар менен жасалды. Мында мен жаштардын табити тарткан, кандай үлгүдөгү көйнөк-кечени кааларын эске алып, аларга жага тургандай кылып аракет жасадым. Көргөзмөгө коюлган алты комплект кийимди кол менен бир жылда жасап бүттүм.

Жанара жаш кезинен кийимдердин жаңы үлгүлөрүн табууга, аялдарга кооз, жарашыктуу кийим тигип берүүгө кыялданып, эс тартканда И.Раззаков атындагы политехникалык университетте окуп, костюмдарды көркөм долбоорлоо кесибине ээ болгон.

Ал кыргыздын улуттук колоритинин негизинде ойлоп тапкан кийимдерди Батышка жана башка өлкөлөрдө көргөзүүгө максат кылганын жашырган жок.

- Бул көргөзмөнү биринчи кезекте эл көрүп, суктанып, эстетикалык ырахат, кубаныч алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз. Экинчиден, биздин кыргыздын дизайнерлери дүйнөлүк аренада таанылуусу зарыл. Мисалы, мен Миланга, АКШга, Москвага кол менен жасаган коллекцияларымды алып барып көрсөткүм келет. Мода башталган Францияга, Италияга барып бизде деле ушундай таланттуу дизайнерлер бар деп далилдегим келет.

Авангард багытынан кийин мода көргөзмөсүндө заманбап этника багытында таза жибектен, кийизден, койдун, төөнүн жүнүнөн, териден жасалган кыргыздын улуттук кийимдеринин үлгүлөрү көрсөтүлөт.

Көргөзмөнү күндөлүк турмушта колдонулуучу кийимдердин көргөзмөсү жыйынтыктап, 7-ноябрда жеңүүчүлөр аныкталат. Уюштуруучулардын айтымында, “Кыргызстан. Күз-2010” мода жумалыгында баш байгени жеңген сүрөтчү-дизайнер Италиянын Милан шаарында февраль айында өтүүчү мода сынагына жолдомо алат.

Байкоочулардын пикиринде, акыркы мезгилде Кыргызстанда таланттуу модельер-дизайнерлердин эмгектери эл аралык сынактарга катышуу деңгээлине жетип калды. Буга чейин Дилбар Ашимбаева, Зухра Мухамбетова сыяктуу сүрөтчү-дизайнерлердин эмгектери АКШ, Европа, Индия, КМШга мүчө мамлекеттердеги көргөзмөлөрдө коюлуп, эл аралык деңгээлдеги дизайнер болуп чыга келишти.

Кыргыздын сүрөтчү-дизайн кыздарынын колунан тигилген кийимдери белгилүү саясатчылардын, мамлекеттик деңгээлдеги кызматкерлердин, ишкер чөйрөсүндөгүлөрдүн арасында кеңири колдонула баштады.
XS
SM
MD
LG