Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

К. Кожоналиев: Эл ээрчиме болсо кыйын күнгө туш болобуз


Генерал Кубат Кожоналиев "Азаттыктын" студиясында
Генерал Кубат Кожоналиев "Азаттыктын" студиясында

Коопсуздук маселелери боюнча талдоочу, генерал Кубат Кожоналиев шайлоо алдындагы кооптуу жагдайлар боюнча кеп салып берди.

- Кубат мырза, кечээ "Ата Журт" партиясынын кеңсесинде болгон окуяны кандай баалап жатасыз?

-Алдын ала чаралар жакшы көрүлсө болмок. Мындай чаралар көрүлбөгөндүктөн абал азыр кыйындап бара жатат. Биздин "Демократиялык клуб" буга чейин эле шайлоо жакындаганда ушундай провакациялар, каралоо көрүнүштөрү болорун баамдаганбыз. Бирок ага укук коргоо органдары бекем турса болмок. Кимден чыкпасын, кимден мыйзам бузуу болбосун аларга карата чараларды көрүш керек эле.

- Анда кечээ укук коргоо органдары кандай аракет кылышы керек эле?

- Мына башта эле массалык маалымат каражаттарында сырттан каржылоолор боюнча маалыматтар чыкпады беле. Аларга карата эч кандай чаралар көрүлгөн жок. Экинчиден, мына кимден чыкпасын жанагындай баракчаларга көңүл бурулушу керек эле. Анан азыр мурда бийликте жүргөн “Ата Журту” болобу, же “Ар намысы” болобу “бийликтен кысмактар болуп жатат” деп арызданып жатпайбы. Булар өздөрү түзгөн системасынын кесепетин көрүп жатышат. Бул азыркы өкмөттүн кулагына да күмүш сырга болушу керек. Эгер абал өзгөрүп кетсе, кайра эле ушундай нерселер айланып келе берет. Укук коргоо системасын реформалаш керек. Укук коргоо органдары бир үй-бүлөнүн же бир топтун кызыкчылыгын коргобой, нейтралдуу системада болушу керек.

- Шайлоого саналуу күндөр калганда саясий партиялар арасында курч атаандашуулар ачыкка чыга баштагандай. Мунун аркасында шайлоого таасир этчү кандай коркунучтар болушу мүмкүн?

- Саясатсылар өздөрүнчө барып, бири-бири менен таймашса болмок. Бирок булар элди ортого кошуп жиберип, элди дүрбөтүп жатат. Кара пиарга дагы каржылоо маселеси кошулуп кеткенде да абал курчуп кетип жатат. Жер-жерлерде чоң-чоң акчалар – 1000 сомдон, 500 сомдон таратылып жатканы тууралуу угуп жатсаңыздар керек. Мындай көрүнүш өтө кооптуу кырдаалды жаратат.

- Мындай абалды жөнгөрүү үчүн кандай чаралар керек?

- Мыйзам чегинде чара колдонуу керек. Президентибиз чечкиндүү чараларды көрбөсө, ар кимдин жеке кызыкчылыгы үчүн укук коргоо органдары, массалык маалымат каражаттары курал болуп калат. Бирок мыйзамда баары эле көрсөтүлүп турат. Ошону туура пайдаланса эле жол табылмак. Элге туура маалымат жетиш керек. Бул жерде чындык эле керек.

- Буга чейин бийлик тарабынан шайлоодо коопсуздукту сактоого күч жетээри, мыйзам бузгандарга тиешелүү чаралар көрүлөөрү айтылган эле. Эгерде кечээкидей көрүнүштөрдү жоюда өкмөт алсыздык кылып жатса, анда жетиштүү чаралар көрүлгөнү тууралуу сөз болушу мүмкүн?

- Чынын айтканда булар чара көрөбүз деп айтканы менен айрым нерселер интернетке чейин чыгып кетип жатат. Ушундай окуялар болуп кетип жатат. Мындай окуялар болбой койбойт деп азыр эч ким кепилдик бере албай турат.

- Айрым саясий партиялар шайлоо абалды курчутуп жиберерин айтып, аны жылдыруу сунушун да билдирип жатышат. Буга жүйө барбы?

- Азыр айтыш кыйын. Мунун баары кырдаалга жараша болот. Эгер кырдаал курчуп кетсе, андай деле болуп кетиши ажеп эмес.

- Шайлоо күнү шайлоочулардын, өзгөчө түштүк жергесиндегы шайлоочулардын коопсуздугу сакталышына кепилдик берүүгө болобу?

- Азыр бул нерсе элдин өзүнөн, өзүнүн жүрүш-турушунан көз каранды болуп жатат. Эл ээрчиме болбош керек. Антпесе биз кыйын абалга туш болобуз. Азыр эл баарын көрүп турат, эл өзү тараза дегендей. Менин оюмча, эл андай жолдорго жетеленбес. Бирок жанагындай окуялар дагы болбой койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG