"Азаттык": - Гүлсана айым, алгач эл аралык сыйлыкка татып жатканыңыз менен куттуктайбыз! Бул «Дебюттар шериктештиги» сыйлыгы боюнча айтсаңыз, бул кандай сыйлык, кимдер үчүн уюштурулган?
- Чоң рахмат! Бул сыйлык Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги уюму тарабынан отуз жашка чейинки жаш мугалимдер арасында уюштурулду. Сынак 11-сентябрда болуп, тарых, орус тили жана кыргыз тили сабактары боюнча өткөрүлдү. Конкурска сегиз мамлекеттен келген жаш мугалимдер катыша алышты. Мен тарых сабагы боюнча биринчи орунга жетиштим. Абдан кубандым, чынын айтсам мен өзүм дагы бул сыйлыкка ээ болом деп күткөн эмесмин. Сынакка катышып жатып татыктуу баа алалат бекемин, өз өлкөмдү уятка калтырбасам экен деп тынчсыздандым. Ыраазы болгонум, менин эмгегимди калыстар туура баалашып, ошончо жаш мугалимдин ичинен мени тандап алышканы болду.
"Азаттык": - Бул конкурска кандайча катышып калдыңыз, кандай критерийлер менен конкурсанттар тандалат экен?
- Бул конкурска жаш тарыхчы, тилчи педагогдор катышты. Эң негизги криттерийи конкурсанттар мектептерде өздөрү окуучуларга өткөн сабактарын жөнөтүштү. Буга коңшулаш өлкөлөрдүн тарыхын, каада-салтын, турмуш-тиричилигин окуткан сабактарыбызды, ачык сабактарыбыздын планын, эмгектерибизди жөнөттүк.
"Азаттык": - Сиз өзүңүз ушул сыйлыкка кандай ийгилигиңиз менен татыдым деп ойлойсуз?
- Бул ийгиликке жетишиме апамдын кошкон салымы абдан чоң, анан албетте менин окуучуларым, мектебим, жакын адамдарым чоң колдоо көрсөттү. Менин конкурска жөнөткөн эмгегим тарых сабагы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн байыркы тарыхы, каада-салты, азыркы тарыхый абалы боюнча жөнөткөн ачык сабактар болчу. Анда мүмкүн болушунча биз менен экономикалык-тарыхый байланышы бар өлкөлөрдү окуучуларга кенен кесири тааныштыруу максаты каралган болчу. Маселен, президенти ким, борбору кайсыл, маданияты. Айтор окуучулар эмнени билүүгө ынтызар болсо ошону бергенге аракет кылган элем. Менимче, мен муну аткара алдым.
"Азаттык": - Акыркы учурларда Кыргызстандагы орто мектептерге жаш агартуучулардын барбай жатканы айтылып жүрбөйбү, эми биздин өлкөдө да мугалимдерди тартуу үчүн стимул боло турган ар кандай ушул сыяктуу конкурстарды уюштурса болобу?
- Жалпы эле Кыргызстан боюнча мектептерде көйгөй өтө көп деп ойлойм. Жаш мугалимдерди мектепке иштөөгө кызыктырып, өз өлкөсү үчүн кызмат кыла турган шарттарды түзүү керек. Азыр жашыруун деле эмес, жаштар мугалим болууну каалашпайт. Бирок мен бардык жаштарды чакырат элем, эгер балдарды биз окутпасак анда ким окутат?
Эми сурооңузга жооп берсем, бизде мугалимдер үчүн «Жылдын мугалими» деген сыйлык уюштурулат. Бирок бизде Бишкекке чакырса да өз каражатың менен барасың, мугалимдин жарыбаган айлык алаарын билесиңер да. Эл аралык сынактарда бардык чыгымдарыңды да төлөп, чоң каражат сарпташат. «Дебюттар шериктештиги» сынагында бир жүз кырк миң рубль акчалай сыйлыгы бар экен, аны мен өзүм дагы билген эмесмин.
"Азаттык": - Гүлсана, сиз жаш мугалим катары айтсаңыз, бүгүнкү күндө мугалим болуп иштөө кыйынбы? Өзүңүз билесиз, азыр жаштар мугалим болуудан жаа бою качып калышпадыбы. Сизди бул кесип эмнеси менен тартып турат?
- Ооба, чындыгында эле мугалим болуу бул чоң күчтү, тынымсыз изденүүнү талап кылат. Ар бир күнү жаңы нерсени үйрөнүү зарыл, анын үстүнө бул тарых сабагынын негизги талабы. Кыйынчылыктар көп, бирок ошону менен катар эле жакшы жактары да бар деп айта алам. Мисалы, өзүң үйрөткөн нерсени окуучуларың шатыратып айтып турса кубанасың да. Мен Кыргызстандын келечеги үчүн билимдүү муунду тарбиялоого умтулам. Эң негизгиси, мен өзүмдү окуучуларымсыз жана мектебимсиз такыр элестете албайм.
"Азаттык": -Маегиңиз үчүн чоң рахмат, Гүлсана! Ишиңизге ийигилик!