Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

А. Аттокуров: Ошто окуучулардын коопсуздук маселеси чечиле элек


Оштогу өрт чалган мектеп
Оштогу өрт чалган мектеп

Ош шаардык кеңешинин депутаты Асамидин Аттокуров шаарда мектеп окуучуларынын коопсуздугуна байланышкан маселе чечилбей жатканын, бул үчүн чечкиндүү чараларды көрүү зарылдыгын айтат.

- Айтсаңыз, Ош шаар мэри буга чейин балдардын коопсуздугу толук камсыздалганга чейин окуу мөөнөтүн ары жылдырып туруу сунушун айткан эле. Ушул тапта Ош шаарында жаны окуу жылына даярдык кандай болуп атат, коопсуздук маселеси чечилип калдыбы?

- Коопсуздук маселеси менимче чечилген жок. Кечээ эртең менен саат ондо шаардын активи болуп өттү. Активде шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Балтабаев шаардагы 57 ири мектептердин 55и даяр экенин айтты, бир мектеп коогалаңда күйүп кеткен, ал эми дагы бир мектеп эки күндүн ичинде окуучуларды кабыл алууга даяр болот деген билдирүүсүн билдирди. Бирок жыйынтык сөзүндө шаардын мэри окуучулардын коопсуздугун камсыз кылмайынча окууну баштай албайбыз, биз даяр эмеспиз дегендей айтты. Бул бир жагынан Ккараганда туура, мен эл аралап жүрөм, эл арасында кооптонуу бар. Балдарды эгерде мектепке жиберсек алардын коопсуздугун эмне кылабыз деген кооптонуу ар бир ата-энеден сезилип турат.

Мен билим берүү тармагында өмүр бою иштеген киши катары айтат элем, билим берүү деген бул үзгүлтүксүз процесс. Билим берүүнү башка өндүрүштүк иш, айыл чарба менен салыштырууга такыр болбойт. 1-2 ай билим берүүнү үзгүлтүккө учуратып койсок мунун ордун толуктоо көпкө түшүп калышы мүмкүн. Ошондуктан менимче, билим берүү башкармалыгы, шаардын мэриясы, өкмөт, ата-энелер, коомчулук бардыгыбыз биригип туруп, бул маселенин чечүүнүн үстүндө ойлонушубуз керек.

- Окуу жылдын башталышы менен Ош шаарында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кандай чаралар керек. Мисалы шаардык кеңештин депутаттары муну карап көрдүңүздөрбү?

- Шаардык депутаттар караган жокпуз. Ошону бүгүн төрагага айтып, карайлы деген ой бар, баарыбыз эс алуудан келдик. Коопсуздукту камсыз кылыш үчүн 200дөн кем эмес милиция кызматкерлери керек экен ички иштер башкармалыгынын билдиргенине караганда. Эгерде 200дөн ашык штат алып, биздин коопсуздукту камсыз кыла турган милиция кызматкерлерин ала турган болсок аларга каржы маселесин азыркы мезгилде өкмөт кыйналып турганда кайдан табат? Ошондуктан ушул жолду ойлонушубуз керек экен. Мен Билим берүү башкармасына дагы мындай кеңеш берет элем, балким ошол ар бир мектептин директору ата-энелерин чогултуп туруп, өзүбүз демилге көтөрүп, окуучулардын коопсуздугун карасакпы деген ой келип атат.

- Буга чейин окуучулардын, студенттердин коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында Оштогу студенттерден турган элдик кошуундарды түзүү маселеси айтылды эле. Бул боюнча иш чаралар болгон жокпу?

- Бул боюнча иш чаралар болгон-болбогонун так айталбайм, бирок студенттердин арасында менин угушума караганда Ош технологиялык университетинде, Ош юридикалык институтунда 1-сентябрдан окуу башталат. Ал эми биздин Ош мамлекетттик университетинде коопсуздукту камсыз кылмайынча баштабайбыз деген ой болуп турат.

- Коопсуздук маселесине байланыштуу Ош менен Жалал-Абаддан бир топ адамдар кетип атканы айтылып атты эле. Буга байланыштуу окуучулар, студенттер окуу жайларга толбой, мугалимдер тартыштыгы болбойбу?

- Туп-туура айтып атасыз, көпчүлүк студенттер башка окуу жайларына которулганы, колунда бар ата-энелер башка жака балдарын которуп кеткени да анык. Бирок шаардык билим берүү башкармалыгынын билдиргенине караганда, быйылкы жылы деле мектепке толук кабыл алуу мүмкүнчүлүгүбүз бар, окутуучулардын саны дагы жетишерлик. Айрым бир жетишпеген предметтердин мугалимдерин ар бир окуу жайдын ректорлору менен келишим түзүп туруп, акыркы курстун студенттерин алабыз деген ойлор бар.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG