Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Улуу Жеңиштин даңкы өчпөйт!


1945-жылдын тогузунчу майында Москва убактысы боюнча 21 саат 50 мүнөттө дүйнө жүзүнө бүткүл союздук радионун диктору Игорь Борисович Левитан Улуу Жеңишти шаттана “Көңүл буруңуздар Москва сүйлөйт! 1945-жылдын 8-майында Берлинде Германиялык Жогорку комендантчылыктын өкүлү менен кынк этпечстен жеңидгендиги (багынгандыгы) жөнүндөгү актыга кол коюлду. Улуу Ата Менкендик согушта совет эли немистик фашисттик баскынчыларга болгон күрөшү жеңиш менен аяктады Германиянын бүтүндөй таш талканы чыкты. Түбөлүк данк! Биздин мекендин көз карандысыздыгы, эркиндиги үчүн күрөшүп өмүрүн кыйышкан баатырлар, Жеңишчил кызыл армиянын жана согуш - деңиз флотунун жоокерлери жашасын!” деп жар салат.

Согуш учурунда Левитандын үнү менен ойгонуп, Левитандын айткан кабарлары менен укташкан көп улутту баатырлар совет эли кубанычтын кучагына батышат. Шаңдуу ырлар, шайыр күүлөр таңшыйт. “Ошентип советтик армияга кол куушуруп, түбөлүккө башын ийди. Берлин. Тогузунчу майдын күнү, тарыхта “ Жеңиш” күн деп кала берди.

Канкор фашисттерге элге, жерге, асманга ажалдын отун чачканда, катылган душмандын кайыгын бериш үчүн Кыргызстандын 365 миң кырчын курактагы мырзалары өзү келип катылган душмандан, өч албай кайра келгенибиз болбойт - дешип, кан майданга аттанышкан.

Алардын бири, айтылуу Панфилов дивизиясында төрт жыл душмандар менен баатырларча курман болгон салгылашып, 9-майда киндик каны тамган жерине, элине келген залкар эл акыны, эл баатырлары Сүйүнбай Эралиев:

- Эгерде кимде ким өткөн кандуу согуштун издери менен анча-мынча басып көрсө, ал согуш тирүүлөрдүн тозогу болгонун жакшы түшүнөөр эле. Согушта өрт аралап, ок жандап, от кечип, мен туура төрт жыл жүрдүм. Үч жолу катуу жараландым. Мен Панфилов атындагы 8 гвардиялык дивизияда жүрүп салгылаштым. Харьков, Великий-Лукен деген шаарларды бошотууга катыштым. Акыркы жолу түшкөн бомба астында калып, катуу жараланып согуштун инвалиди катары айылыма келдим. Башкача айтканда, 1945-жылдын 9-майында Жеңиш күнүн Кыргызстанда тостум. Мындай чоң салтанат болгон эмес, карылырдын жаштардын сүйүнүшкөндөрүнөн жаш буркурап тамызышып ыйлап жүргөндөрүн көрдүм. Мындай укмуш кубанычты биринчи жолу көрдүм. Ошондо “9-май” деп майрамга арнап ыр жазган элем. Азыр ошондон кичине үч үндү окуп берейин.

Майдын айы эркиндиктин бульвары,
Мен отурам айланам гүл бары.
Жөн отура тунук терең ойлордо,
Баштан өткөн күндөрдү эстеп мурдагы.

Дайым минтип майрам келген көз жакшы,
Баарын баштан өткөрүү кайрадан.
Ал кездерге аккан канды көз жашты,
Бирге кошсо жетмек канча дайрага.

Жеңиш майрамы менен баардык мекендештерди куттуктайм. Ар бир үй-бүлөгө тынчтык жана бакыт каалайм.

“Эл башына күн түшсө элин сактаар, эр чыгат” дегендей Кыргызстандын 75 эр азаматы “Советтер союзунун баатыры” деген ардактуу наамга татыктуу болушат. Эрдигине жаркын элесине арналган Мукан Рыскуловдун "Чолпонбай" аттуу ырында:

Уулдары жоого аттанып,
Азаматтары эл коргомок душмандан.
Кан агызып тынч уйкуну бузгандан,
Жер-эне жалындайт,
Аккан кан көз жашка.
Дүйнө жүзү сузданган.
Мекен үчүн таштан бүткөн чеп коюп,
Баскынчылык кандуу жолун токтотот.
Жаш өмүр миллион,
Тоо уулу Чолпонбай,
Төшү менен ок тосот.

Кыргыздын 150 миң кыраан эрендери душмандар менен тартынбай, өрттү аралай ажал менен арбашып салгылашып жүрүп окко учушат. Бул 150 миң күлгүн өмүр, бул 150 миң кырчын өмүр Мукан Рыскулбековдун “ Келген жок” ырында.

“Келген жок”
(үзүндү)

С: Кубанычбек Мукашовдуку,
О: Мукан Рыскулбековдуку

Тоо томсоруп көл боздоп,
Убайым жайын жел козгоп.
Узатып калган селкини,
Көзүнөн чайып жел козгоп.

Атасы кеткен бирөөнүн,
Айылына кайра келбеди.
Бешикте калган баласын,
Бир жолу чиркин көрбөдү.

Баласы кеткен бирөөнүн,
Жадырап кайра келген жок.
Жайкалган аппак сакалдуу,
атасы уулун көргөн жок.

Азыркы ырда ырдалгандай элин, жерин көрүшпөй шейит кеткендердин арбактарына куран окутуп таазим эте эскере эстей турган эң бир ыйык, эң бир унутулгус улуу күн. Өтсө да жылдар ондогон өчпөйт согуштун шагы.

Болду жетет өткөн согуш кан аккан, дүйнө эли, бүт аалам уккула, жоголсун согуш кан аккан. Ооба, орду түбү менен ойрондолсун кайран согуш! Ар дайым калктын жүзүндө шаттыктын, кубанычтын, бейпилчиликтин оту балбылдап жансын!
XS
SM
MD
LG