Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Ж. Кадыралиев: Манастын жоолорунун айкели коюлушу - наадандык


Нескаранын эстелиги "Ала-Тоо" аянтынан алынууда. 13-июнь, 2009-жыл.
Нескаранын эстелиги "Ала-Тоо" аянтынан алынууда. 13-июнь, 2009-жыл.

Ушул айдын башында Бишкекте жаңыланган борбордук “Ала-Тоо” аянтынын ачылышы болуп, аянтка “Манас” эпосундагы каармандардын эстеликтери да коюлган эле. Бирок алардын арасында кыргыздын тарыхый душмандары эсептелген кытай-манжулардын ханы Нескаранын жана Жолой менен Шыпшайдардын эстеликтери коюлуп калышы коомчулукта бир топ терс пикирлерди жаратты. Мындай нааразылыктан улам бул эстеликтер аянттан ишембиде алынып салды. Борбордук аянтка мындай эстеликтердин коюлушу жана аянттын жаңы жасалгасы боюнча Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевди сөзгө тарттык.

- Жоомарт мырза, борбордук “Ала-Тоо” аянтына кыргыздын тарыхый душмандары эсептелген, “Манас” эпосундагы Нескара, Жолой жана Шыпшайдардын эстеликтери коюлуп калганы коомчулукта бир топ терс пикирлерди жаратууда. Сиздин оюңузча, бул эстеликтер кандай себеп менен, кандай максат менен коюлуп калган?

- Эми долбоор башынан эле чийки жасалып калган. Экинчиден, аны атабыз Манастын баянын билбегендер жасаган. Азыр эми отурукташкан кыргыз калкы цивилизацияда жашап атабыз, ал доордогу Манас атабыздан баштап Кошой, Атай, Чубак, Алмамбет, Сыргактардын өмүр баянынын маңызын түшүнбөгөндөн улам бул - наадандык иш болуп калган. Ооба, “Ала-Тоо” аянтына кыргыздын байыртадан келаткан дүйнө таанымын көргөзө турган элестүү чыгармалар керек болчу. Бирок мындай болбош керек эле. Муну кимдер уюштурган, идея кимдики, акыл кимдики, чыгарманын акыркы жыйынтыгы кандай болду деп, эми андан жыйынтык чыгарыш керек. Анан мен гезиттен окуп калдым, аны Көркөм академиядагы студенттер жасады деп. Муну окуучулардын чыгармалары катары эсептеш керек. Кыргыздын көзүнө, көңүлүнө, купулуна толбой калган иштер болду. Атабыз Манастын эзелки жоолорунун айкелдерин койгондун өзү – наадандык. Бул кыргыз көркөм дөөлөт таанынуунун деңгээлинин наадандыгын көргөзүп койду.

- Демек муну билбестиктен улам коюлуп калган иш катары карасак болобу, же кимдир бирөө тарабынан атайын жасалган ишпи сиздин оюңузча?

- Менин бул тууралуу маалыматым жок. Эми аны студенттер жасаган күндө дагы аны жашы улуу, тажрыйбалуу адамдар карады да. Мунун өзү акылга сыйбаган, кут бербеген иш болуп калды. “Ала-Тоо” аянты - мамлекеттин борбору, пешенеси, кыргызча айтканда бул мазар, ыйык, куттуу аянт деп коет. Эки жолу конкурс өткөн ал жерди жасалгалоо боюнча, бирок анын аягы жок болуп калды. Бул жерде коомчулуктун минтип маселе көтөрүп атканы, сиздердин минтип элден сурамжылап жатканыңыздардын өзү – бул абдан начар жумуш деген жыйынтыкка алып келет.

- Жоомарт мырза, бул тармактагы тажрыйбалуу адис катары айтсаңыз, сиздин оюңузча “Ала-Тоо” аянтынын жасалгасы кандай болушу керек эле?

- Биринчиден, аянттын өзү ант бере турган ыйык жер. Ыйык жер болгондон кийин ал жерге кыргыз элинин дүйнө таанымындагы эң ыйык нерселерди жасаш керек болчу. Мына мисалы ачык айтканда, биз кыргыз десек Манас дейбиз, Манас десек кыргыз дейбиз. Манас атанын элестери болуш керек болчу, бул бир. Экинчиден, ал жердеги имараттардын өзү толук бүтпөй калган, чийки. Тарых музейин алсак, дыңкыйган төрт бурчтуу өзүнчө куб турат, бери жакта аңгыраган аркалар турат. Муну жалпы кыргыздын архитекторлору, дизайнерлери, монументалисттери чогулуп туруп кеңшип жасашы керек эле. Ал өлкө жетекчилигинин, бүтүндөй кыргыз элинин милдети, анан шаша-буша ал жерге жанагы түндүк көтөргөн көпөлөк аялды коюп койгон болсо, эми жанагы эстеликтерди коюп койду, чет өлкөдөн келгендер шылдың кылып атат да, айланайын. Кыргыздын билимдүү сүрөтчүлөрү, скульпторлору, монументалисттери барбыз, анан минтип жаап-жашырып, булуң буйткадан эстеликтерди алып келип койгону уяттын уяты болуп калды.

- Борбордук аянтты жасалгалоо боюнча сиздин да долбоор бар эле. Ал долбоорду ишке ашыруу боюнча сунуштар болдубу?

- Ал долбоор менин өнөрканамда турат. Аны мен талкалаган жокмун. Бир сыйра оңдоп-түздөп туруп, сүрөткө тартып бир жерге коюп коеюн деп атам. Күнү, сааты чыкса, Кудай буюрса аракет кылып аны жасайбыз го деген ойдо турам. Учурунда президент Акаевге бөлөк элдерге, бөлөк мамлекеттерге сыймык боло турган курулуш кылалы деп кат да жазганбыз. Анан Акаев качып кетип, ал иш калып калды

- Азыркы бийликке болгон эмеспи андай сунуш?

- Мен азыр президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусуна кирип, чыгармачыл адам, монументалист катары өзүмдүн түшүнүгүмдү, конкреттүү иш чараларды айтайын деп атам, эгер кабыл алса.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG