Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

А.Токтосартов: Айтматовдун аты кыргыз үчүн ыйык


"Руханият" ассоциациясынын президенти Акун Токтосартов "Азаттыктын" түз ободогу маегинде Ч.Айтматовдун ысмын түбөлүккө калтыруу үчүн кол жазмаларын дүйнө өлкөлөрүнөн чогултуп иликтөөнү сунуш кылды.

- Акун мырза, ушул жумада Чынгыз Айтматовдун 80 жылдыгын белгилөө алкагында анын жазуучулук, мамлекеттик ишмердиги салмактанып жатат. Айтматовдун ысмын түбөлүккө калтыруу үчүн азыр жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардан тышкары дагы кандай аракеттер көрүлүш керек деген ойдосуз?

- Чыңгыз Айтматовдун ысмын түбөлүккө калтыруу үчүн эки багытта иш алып барыш керек. Анын бири Айтматовдун чыгармаларын кеңири пропагандалоо. Экинчиси - чыгармаларын терең изилдөө зарыл. Айрыкча, ар бир кыргыз мектеп жашынан баштап өмүрү өткөнгө чейин Айтматовдун чыгармаларынын баарын окуп чыгышы керек. Ар бир экинчи кыргыз чыгармаларын окубай туруп, “Айтматов кыргызды тааныткан, кыргыздын Манасы, биздин атабыз” деп куру кыйкырык менен жашап келет. Мына ошондуктан Айтматовдун чыгармасын толук окуган мезгилде гана кандай адам болушту, кантип эмгектеништи, кантип ыймандуу болушту үйрөнө алабыз. Ошон үчүн өкмөт өзүнүн алдында тезинен атайын комиссия түзүп, Айтматовдун бардык кол жазмаларын дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбосун чогултуп, аны көздүн карегиндей сакташ керек. Анан ошонун негизинде Улуттук илимдер академиясынын алдында Айтматовду илимий жактан изилдөө боюнча институт ачыш керек.

- Сиз абдан туура айтып жатасыз, азыркы муундун милдети Айтматов жазып калтырган мурастарды кийинки муунга жеткирүү. Себеби, китеп окубаган жаш муун андан алыстап бара жатат. Ушул милдетти аткаруу үчүн Айтматовдун чыгармаларын таануу, окутуу аракеттери орто мектептерде, жогорку окуу жайларда, илим изилдөөдө кандай нукка салыныш керек деген ойдосуз?

- Бул биздин ишибиздин эң башкысы.Эгер бул иш жасалбаса биздин аракетибиздин көпчүлүгү ишке ашпай калат жана мазмуну да, формасы да жарабай калат. Ошон үчүн негизги максат - кийинки муунга калтырып, терең изилдеп, кеңири окутууга жетишиш керек. Мен бир мисалды айта кетейин. Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата бул кишинин бүт көркөм жана публицистикалык чыгармалары топтолгон 8 томдон турган жыйнагын чыгардык. Бул жыйнак 24 томду камтыйт жана нускасы 3 миң. Демек, негизги максатыбыз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кыргыз жаштары кыргыз тилинде окусун деген максат.

- Азыр коомчулукта Чыңгыз Айтматовдун ысмын майда-барат жерлерге бере бербей анын бийиктигин, улуулугун кийинки муун тааный турган деңгээлде иштерди жасоо керек деп сунуштап жатышат. Сиз кандай иштерди жасоону сунуш кылаар элеңиз?

- Айтматовдун ысымын жөн салды эле көрүнгөн жерге коюнун кажети жок. Ага таптакыр каршымын. Себеби Айтматовдун ысымын дүйнө эли кандай билсе ошондой бойдон сактап калуу керек. Анын атын көрүнгөн жерге бир чолок көчөгө, бурчка же бир мекемеге кое берүү жарабайт. Айтматовдун ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн анын атын ыйык, бийик деңгээлде сыйлоо зарыл.

- Демек, комплекстүү программанын негизинде аракет көрүү керек деген ойдосузбу?

- Бул ишке келгенде шашылыштын эч кандай кереги жок. Мен муну баса айтам. Бул иш туура, ынанымдуу, мазмундуу жана көңүл толоорлук деңгээлде болушу үчүн жалпы элдин пикирин угуш керек.

XS
SM
MD
LG