Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Кыргызстандын байлыгын чеңгелдеген шектүү колдор


Евгений Гуревич "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө, 2009-жылдын 14-октябры.
Евгений Гуревич "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө, 2009-жылдын 14-октябры.

«Ачык саясат» гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков “Максим Бакиев баш болгон Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстанды бардык байлыгы менен кайдагы бир шектүү адамдардын колуна салып берип жатат” деп айыптоодо.

- “MGN group” компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Гуревичтин айланасында ызы-чуулуу кеп башталды. Сиз мурда жетектеп турган “Назар” гезитине Гуревич жөнүндө жазып чыктыңыздар эле. Деги Гуревич деген ким?

- Гуревич жөнүндө маалыматтарды бизге Бакиев бийлигине нааразы болгон булактарыбыз алып келип берди эле, биз ошону “Назар” гезитине жарыялаган болчубуз. Мындан 5-6 ай мурда Гуревич жөнүндө жаман сөздөр айтылган эмес. Бирок биз ошол убакта эле берген материалыбызда айткан элек, буга окшогон адамдар кайдан келип биздин Кыргызстандын экономикасынын кыр-чокусун түзгөн объектилерге кандайча бийлик жүргүзүп, кандайча ээлик кылып калып жатат деп.
Бабырбек Жээнбеков

Ошондо “Манас” аба майданына окшогон бир топ ишканалардын атын атаган элек. Ошондо эле биз ушул суроону койгонбуз, эмне үчүн Бакиевдер Кыргызстанга ушуга окшогон аты-жыттары белгисиз адамдарды алып келип, ошолор менен өнөктөш болуп, ишти баштап атат деген маселе коюлду эле. Ошол убакта эле санаркоо, тынчсыздануу пайда болгон бизге да, биздин гезит окурмандарына да. Анан ошол тынчсыздануунун бир нерсеси бар экендиги бүгүнкү күндө ачыкка чыгып атпайбы.

- Бабырбек мырза, сиздер да Кыргызстандагы финансы системасында, экономикалык пайда берчү булактарды мыкчып отурган, Кыргызстанга тиешеси жок сырттан келген адамдардын аты-жөндөрүн атадыңыздар эле басылмада. Ошолор тууралуу да кыскача айтып кетсеңиз, Гуревич сыяктуу дагы кимдер бар Кыргызстанда?

- Мындай ойго айласыздан жетеленүүгө туура келип жатпайбы. Кыргыздар “балыкчы балыкчыны алыстан көрөт” деп коет эмеспи. Бүгүнкү күнү биз, ММКлардын баары эле чырылдап айтып атабыз, өзүңөр да айтып атасыңар, бүгүнкү Бакиев бийлиги, атын атай турган болсок, Максим Бакиев баштаган агенттик, ошол адамдардын баарын кайдан таап келип атат.

Бул жерде Гуревич эле эмес, бир кезде Азия Универсал банк деген алакандай болгон чакан банк бар эле, бүгүнкү күндө кандай активдер менен иштеп атканын элдин бардыгы билип атат. Бүгүн Кыргызстандын 80-90 пайыз кредиттик ресурстары ушул банктын тегерегинде айланып жүрөт.

Мына ушул Надел деген адам кайдан келген, Максим Бакиевдин тегерегинде жүрүп аткан америкалык жарандар, сенаторлор деп атабыз, мына ушуга окшогон адамдар кайдан келип атат? Айтор бүгүнкү Кыргызстанды Максим Бакиев баш болуп Бакиевдин үй-бүлөсү кайдагы бир шектүү адамдардын колуна салып берип, биздин кен байлыктар болобу, башка байлыктарыбыз болобу ошолордун колуна карматып койбодубу.

- Бабырбек мырза, Гуревич, башка сырттагы адамдар тууралуу бөлөк жактан Америкадан болобу, Европадан болобу маалыматтарды топтоп атасыздарбы?

- Биз кечээтен баштап Гуревич жөнүндө жанагыдай маалымат кеткенден кийин эле Америкадагы адамдар менен байланыштык. Бүгүн-эртең биздин колубузга да документ кагаздар келип түшөт деп күтүп атабыз. Эгер келип түшсө биз ошону бүгүн мен жетектеп аткан “Ачык саясат” гезити аркылуу окурмандарга таратып беребиз.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG