Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Аксыда мөөнөтсүз каршылык акциялары башталат


Аксыдагы элдик жыйын, 17-март 2009-жыл
Аксыдагы элдик жыйын, 17-март 2009-жыл

БЭКтин Аксы районундагы бөлүмү 17-мартта мөөнөтсүз митинг, пикеттерди өткөрүүгө даярданууда. Мындан сегиз жыл мурдагы каргашалуу окуяда жакындарын жоготкондор бейкүнөө кан төгүүнүн айыпкерлери мыйзам жоопкерчилигине тартылбай калганына нааразы болуп келатышат.

Аксы окуясынын сегиз жылдыгына байланыштуу аталган райондо аза күтүү иш- чаралары уюштурулат. Кара-Жыгач айылы менен 2002-жылы 17-мартта милициянын аткан огунан каза болгондордун эстелигинин жанында жана район борбору Кербен шаарында мөөнөтсүз нааразылык акциялары башталат. Ошол митинг- пикеттерди өткөрүүгө уруксат сураган кайрылуусун БЭКтин Аксыдагы бөлүмү жергиликтүү бийликтерге тапшырган. Бөлүмдүн мүчөсү Кубанычбек Маматкеримовдун билдиришинче, караламан калк учурдагы саясатка нааразы.

Райондун жетекчилиги бөлүмдүн митинг, пикеттерди өткөрүү жөнүндөгү билдирүүгө мөөр жана нааразылык иш чарасына жооптуу адамдын колу коюлган эмес деген негизде жооп бере элек. Аким Талант Орозов Аксыда бийликке нааразы болгондор жок жана каргашалуу окуяга айыптуу саналган кызмат адамдары учурунда мыйзам чегинде жоопко тартылган деп эсептейт.

Мындан сегиз жыл мурда райондун борборуна бараткан жолдо эл менен өкмөттүк күчтөр кагылыша кетип, анын айынан алты адам каза болгон. Боспиек деген боз талаанын жанында окко учкандардын биринин аялы Бүбайша Аксы окуясы толук изилденбей, айыпкерлер жаза тартпаганына нааразы. Анын айтымында, жабырлануучулар “кызмат абалынан пайдаланган, элдин жолун тоскон” деген айып менен жергиликтүү бийликтеги жана прокуратура, ички иштер кызматкерлеринин соттолуп, анан кийин акталып чыкканына макул эмес.

"Бийлик Аксы окуясында жабыр тарткандардын талабын канааттандырган жок, айыпкерлерди Кудайдын жазасына койдук", - деп билдирген “Азаттыкка” Бүбайша.

Октон каза болгондорго “Эрдик” медалын тапшырып, ысымдарын көчө коомдук жайларга ыйгаргандан кийин эл менен чогуу Аксы окуясын эскергенден бийликтин бедели кемип калбайт, - деген оюн билдирди Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Кадыркул Өмүрбеков.

Аксы окуясы жарандарды эл-жерин коргоого, эрдик жасоого үндөөр маселе. Райондун тургуну Сагындын оюнда алты адам каза таап, ондогон адамдар октон жараат алган окуяны унутуу мүмкүн эмес.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG