Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:24

Жаңы реформага жарым жыл берилди


К.Бакиевдин кезектеги реформасына 6 ай белгиленди
К.Бакиевдин кезектеги реформасына 6 ай белгиленди

Башкаруу системасын жаңылоо аракетинен майнап чыгышы мүмкүнбү? Буга чейинки арабөк реформалардын кейпин президент К.Бакиевдин кезектеги демилгеси кийип калбайбы?

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу башкаруу реформасына арналат. Студияда белгилүү коомдук-саясий ишмер Алмамбет Матубраимов, парламент депутаты Бегаалы Наргозуев.

- Башкаруу системасын реформалоо зарылдыгы мурунку-кийинки бийлик тушунда такай айтылып келатат. Бирок, бул ирет эмнелер айтылбай калды. Алмамбет мырза, кепти ушундан баштасак.

Алмамбет Матубраимов: - Президенттин кайрылуусунда негизинен аткаруу бийлигин реформалоо жөнүндө кеп болуп, анда да кандай өзгөрүүлөр болору толук айтылган жок. Биздеги мыйзам чыгаруу, сот бийлигин да реформалоо керек. Өткөн төрт жыл чынында кыйын эле болду. Азыноолок экономикалык өзгөрүүлөрдү кризис басып койду. Өзгөрүүлөр бар, бирок биз анын кемчиликтерин айтып турушубуз керек.

- Бегаалы мырза, башкаруу системасын реформалоо анын санын кескин кыскартууга алып келбей кайра көбөйтөт, деген пикир айтылып жатат. Мына өнүгүү институту, өнүгүү фонду, өнүгүү агенттиги, өнүгүү долбоорлору, иши кылып конторалардын саны көбөйгөнү туру.

Бегаалы Наргозуев: - Жаңы башталыштардын сынчылары көп болот. Реформа жөнүндө мурунку режимде да сөз болуп келген. Анда бирок сөз болуп, тышкы формасы гана өзгөртүлүп, ички маңызы өзгөрүүсүз калып келген. Ошондон эл ага ишенбей калган. Ал эми бул өзгөрүүлөр жыл башында президенттин жаңы курсунда айтылган болчу. Ошол эми конкреттештирилип, деталдаштырылып жатат. Жана сиз айтып жаткан институттар ошону конкреттештирип, ишке ашыруунун механизмдерин издөөнүн жолу болуп саналат. Бизде башкаруу системасын реформалоо мурда деле айтылып келген. Бул ирет ал ишке ашат деп ойлойм. Президент мурунку Союздан калган башкаруу системасы жашап келе жатканын айтып кетти. Командалык система, бийликтин баарына: экономикага, бизнеске, коомдук турмуштун бардык жагына кийлигишүүсү сакталып келаткан. Ошондон бийликти бөлүү, анын аткара турган гана милдеттерин аныктап алуу сунуш кылынып жатат. Аны узак сөз кылса болор эле. Мына өкмөткө президенттик акимчиликтин көп иштери берилип жатат. Өкмөттөн министрликтерге функциялардын өткөрүлүшү. Мисалдар көп. Бул жаңыча көз караш.

- Өкмөткө өзүнүн функциясын өткөрүү, аткаруу бийлигине эркиндик берүү буга чейин деле көп айтылып келген. Бирок да президенттик бийлик өкмөткө өз бийлигин беришке даярбы? Алмамбет мырза, сиздин пикир.

Алмамбет Матубраимов:
- Президент системаны өзгөртүү керек деди. Бирок ал кандайча болорун ачык айткан жок. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүптүр. Ошол эми аныктайт го. Анткен менен аткаруу бийлиги президентке түздөн-түз көз каранды. Кадр маселесин президент эле чечип келатат. Эми мамлекеттик катчы, президенттик акимчиликтин ыйгарым укуктарын өкмөткө берүү жана башка өзгөрүүлөр боюнча Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Жогорку курултай, президенттик кеңеш жөнүндө айтылыптыр. Булардын укуктары кандай болот? Жоопкерчилиги кандай болот? Институттарды додолонтуп түзө берип алардын жоопкерчилигин көрсөтпөсөк андай эч кандай натыйжа чыкпайт. Бизде бардык бийлик бутактарында ыйгарым укуктары төрдүн башында, бирок да жоопкерчиликтери жок болуп жатат. Бирок да бийликтегилердин саны көп, сапаты начар, алардын эмне иш кылары, кандай максат-милдеттери бардыгы ачыкка чыкпай калып жатат. Бизде жоопкерчилик жок. Коллегиалдуу чечимдер кабыл алынат. Бирок алар аткарылбайт. Милдеттин көбүн жергиликтүү бийликке жүктөп, бирок аларга жетиштүү ыйгарым укуктарын бере элекпиз. Жетиштүү каржылоосу жок алар жакшы иштей албай жатышат. Бийлик тепкичиндеги мына ушул кенемте толтурулмайын реформадан натыйжа чыгышы күмөн.

- Бегаалы мырза, Жогорку курултай түшүнүгүн чечмелей кетсеңиз. Элдик курултай деген бар эле. Анан Жогорку курултай менен президенттик кеңештин ортосундагы айырма, максат-милдеттери так эмес. Билесиз, Түркмөнстанда ушундай Калк масилети түзүлгөн. Ал президенттин айткан-дегенинен чыкпаган колбала институт. Биздеги курлтайга да майда улут жамааттарынан өкүлдөр, башка коомдук уюмдардан мүчө болуп киришет экен. Жогорку курултай президенттин колбаласына айланып калбайбы?

Бегаалы Наргозуев:
- Менин түшүнүгүмдө, президент алдында эки аянтча түзүлүп жатат. Биринчиси курултай. Президенттик кеңеш аянтчасына өнүгүүнүн жаңы багыттарын сунуш кылган, ошол жерде талаш-тартыш аркылуу өнүгүүнүн жаңыча багыттарын сунуш кылгандар топтолот. Ал эми улуттук салтарды эске алган, улуттун каймактарынын пикирин эске алган курултай институту да керек. Мунун баары мыйзамда жок. Бирок жакын арада Жогорку Кеңешке тиешелүү мыйзамдар, конституциялык өзгөрүүлөр келип түшөөрүн айтып жатышат. Эки институт бирин-бири баланстап турат. Түркмөнстандагы маслахат менен курултайдын окшоштугу жок.

- Эми аны турмуш көрсөтөт. Алмамбет мырза, өтөле көп айтылган реформа деген сөздүн барк-баасы, мааниси жоголуп кеткен жокпу?

Алмамбет Матубраимов: - Кызматтан кеткен кишини сындагым келбейт. Бийликте турган кезинде мурунку президент А.Акаев бийликтин күчүн жоготуп, коррупцияга жол ачып кетти. Ошондогу кадрлар эми К.Бакиевдин тегерегинде жүрүшөт. Министрлер реформа жасайм деп келишип, жарым жылда сазга отургузуп коюп жатышат. Системаны кантип өзгөртүшөт? Анын баарын бирдей өзгөртпөш керек. Ар биринин өзүнүн багыты бар. Реформа кандай болорун кеңешип, анан толугу менен ишке ашыруу абзел. Көптөгөн түзүмдөр өзгөрүлүп, президент менен өкмөт аппараты бириксе өзгөрүү болмок. Анан бизде мыйзамдар арбын кабыл алынган. Алар иштебей жатат. Үч бийлик бир багытка карап, мыйзам негизинде иштесе гана натыйжа болот. Эл шайлап берип жатат. Реформа эл мүдөөсүнө иштеши абзел.

- Бегаалы мырза, мына ушул жаңы реформа биздеги башкаруу системасын кардиналдуу өзгөртө алат, деген сизде ишеним барбы?

Бегаалы Наргозуев: - Менде андай ишеним бар. 6 ай иичнде реформанын биринчи этабы – борбордук башкаруу системасын өзгөртүү милдети коюлду. Укук коргоо, сот системасы да реформаланып, анан да аскердик доктрина иштелип чыгат. Бул ирет реформа президенттик акимчиликтен, президенттин өзүнөн башталууда. Бирин-бири кайталаган структурадан баш тартып жатышат. Реформанын биринчи этабынын жыйынтыгы 6 айдан кийин билинет. Анан кийинкиси башталат.

- Мырзалар, талкууга келип катышканыңыздар үчүн чоң ырахмат! Ишиңиздерди ийгилик коштой жүрсүн!
XS
SM
MD
LG