Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:21

Парламент төрагасы да Бакиев болобу?


Гезиттер башкаруу реформасы, саясый партиялардын биригүүсү, парламенттик шайлоо жана жаңы окуу жылы жөнүндө жазып чыкты.

Жайкы эс алуудан келген гезиттердин ичинен алгач «Учур» гезити жарык көрүп, Дилбар Алимованын «Чын эле реформа болобу?» деген чакан макаласы менен жаңы санын ачты. Автордун жазганына караганда, жакын арада Кыргызстандын министрлер кабинети гана жаңырбастан президент өзү түптөгөн «Ак жол» партиясы да жаңырып, парламент маркум Медет Садыркуловдун жактоочуларынан тазаланат имиш, ошону менен бирге эле парламент таратылып, саясый технологдордун кеңешине ылайык шайлоо декабрь айында өтүшү мүмкүн.

Ушул эле гезит Апаз Ниязалиев аттуу автордун «Бакыт Бешимов оппозицияны алсыратып, шоруна калдыбы?» деген макаласын басты. Анда А. Атамбаевдин шайлоо штабын жетектеген Бакыт Бешимовдун ишмердиги аеосуз сынга алынат. Буга улай эле редакция атын атагысы келбеген саясый серепчинин маегине орун берген. Маектин автору «Атамбаев оома адам, Текебаев чоң саясатчы, бирок чыр киши, оппозиция өлө элек аюунун терисин талашып жатып калмайы бар. Ошондуктан эки партия бириккен менен алардан лидер чыгышы кыйын» деп баалап, Бакиев мурдагы шайлоону 2007-жылдын 10-декабрында өткөргөндөй эле бул шайлоону да декабрда өткөрөрүн сөз кылган. Ал ошону менен бирге эле К. Бакиевге азыркы парламентти таратуунун анча деле зарылдыгы жоктугун кошумчалаган. Игорь Чудинов кеткен күндө деле, кайра келерин, анткени ал мезгил-мезгили менен Маскөөгө барып, В. Путинге кирип, Кыргызстан жөнүндө төкпөй-чачпай айтып турарын, кыскасы Кыргызстандагы иштердин жарымы Кремль аркылуу чечилери сөз кылган.

Гезит партиялардын биригиши тууралуу айрым атуулдардын ойлорун сунуштаган.

Саясат иликтөөчү Марс Сариев: - «Ата Мекен» менен КСДП партиялары бириксе күчтүү блок түзүлөт. Булардын катарына башка дагы майда партиялар кошулушу мүмкүн. Шайлоо декабрга белгиленет. Ошон үчүн оппозиция Молдова сценарийин колдонот деп ойлоп атам. Ал жакта бириккен оппозиция реванш алып, эң күчтүү позицияга ээ болгон. Биздин оппозициянын максаты да ар кайсы күчтөрдү топтоп реванш алуу болуп атат. Азыркы парламент бир партиялуу болуп, президенттин «Ак жол» партиясы башкарып аткандыктан авторитардык өлкөнү элестетип турат. Бул президент үчүн ыңгайлуу эмес, көп партиялуу болуп, демократиялуу өлкө катары көрүнгөнү Бакиевге керек болуп атат.

Коомдук ишмер Касым Исаев: - Бул эки партия биригеби, бирикпейби, соодасы бүттү. Себеби элди ишендирип, кыйкырып жүрүп куржалак калтырышты. Өздөрү менен бирге иштеп, миңдеген адамдарды чогултуп келген Уран Ырыскулов сыяктуу жигиттерди түрмөгө калтырып коюп, жардам бербей аткандан кийин алардан эмнени күүгө болот?

Юрист Мукар Чолпонбаев:
- Менин оюмча, бул эки партия бириге албайт. Анткени бириккенге «Ата Мекен» партиясынын каалоосу жок.

Гезит менен маек курган «Ата Мекен» партиясынын аппарат башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун пикири боюнча да жогоруда сөз болгон эки партия дароо эле биригип кете албайт. Анткени биригүү үчүн адегенде бири жоюлуп, экинчисине кириши керек болот. Кокус экөө тең жоюлуп, жаңы партия түзө турган болсо Юстиция министрлигинен каттоодон өтүүүгө тийиш. Ошондо ансыз да бул экөөн жогото албай аткан бийлик эптеп шылтоо табат да, каттоодон өткөрбөй коет.

Ал эми саясый баяндамачы Сабыр Мукамбетовдун пикирине таянсак, парламенттик шайлоо Бакиевге өзүнө мураскер дайындап алуу үчүн керек болууда. КР Башмыйзамы боюнча ЖК төрагасы өлкөдөгү 2-даражадагы кызмат адамы болуп саналат. Анын үстүнө өлкө башчысынын ден соолугуна байланыштуу сөздөр токтобой аткан кырдаалда парламентке К. Бакиевден башка Бакиевдиердин биринин келиши зарылчылык болуп саналат. Ошондуктан парламенттик шайлоо болот.

«Комсмольская правда Кыргызстан» гезити жумалыктын Кыргызстанга арналган бөлүмүн: «Президент Курманбек Бакиев саясый сезонду 1-сентябрдан баштап ачат. Парламенттин жыйынында мамлекет башчысы мамлекетти башкаруу реформасы тууралуу сөз кылат» деген макала менен баштады.

ЖК төрагасы Айтибай Тагаев менен президенттин кечээки жолугушуусу тууралуу сөз кылган гезит Бакиев казына каражаттарын сарамжал пайдалануу керектигин, министрликтер менен ведомстволор мамлекеттик бюджетти түзөрдө анын чыгымдала турган акчасын көбөйтүү керек деп көшөрүп чыгышарын, бирок бул акчалар кайда кетип атканын түшүнө албай турганын айтканын мисалга тартты.

«Чын эле акча каякка кетип атканын президент да билбесе, анда өлкөгө андай көп сандаган көзөмөлдөөчү органдардын эмне кереги бар? А Курманбек Бакиев болсо бийликтин эң жогорку эшалонунда коррупция деген түп-тамырынан бери жоюлду деп мактанбады беле? Жоюлмак тургай ага каршы күрөш башталалек жатпайбы?» деп суроо койгон гезит, бирок канткен күндө дагы президенттин коюп аткан милдеттери үмүттөндүрбөй койбойт. Балким эми чындап эле качан болсо казынаны карай жутунуп турган аткаминерлерин Бакиев колго чаап токтотоор. Айтор мамлекеттин кемеси эртең каякты көздөй багыт аларын бир аз күндөрдөн кийин билебиз» деп жазып чыкты.

«Суракка алып атып адамды кыйноо, мына ушул өңдүү мыкаачылык жол менен күнөөнү моюнга алдыруу ыкмасы адам баласына байыртан бери эле белгилүү. Бирок жылдан жыл, кылымдардан кылым өтүп, адамзат цивилизациялуу, гумандуу болгон сайын жогорудагыдай жапайы, жырткычтык адаттардан кутулгусу келбегендер да бар» деп кабарлаган гезит коомчулукутун көңүлүн Чүй ички иштер башкармалыгынын имаратында 3 милийса Владимир Астапенко аттуу адамды кантип кыйнагандыгына бурган.

Гезит ошондой эле үч күндөн кийин баштала турган жаңы окуу жылы, мектеп формалары, мектептердин алдындагы түзүлгөн коомдук фонд, демөөрчүлүк жардам ж.б.тууралуу маселелерге да токтолду.
XS
SM
MD
LG