Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

“Жаңы Кыргызстан”: Тазалануу, иргелүү мезгили


Оппозициялык күчтөрдүн "Бириккен элдик кыймылына" “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы да кошулду. Партиянын лидери И.Исаков кыймыл элдин ишеничине ээ болуп, аны актоого кудурети жетет, деп ишенет.

-Исмаил мырза, өзүңүз кошулуп жаткан БЭКтин ийгилигине көзүңүз жетеби?

-Мен бир нерсени эске салып коеюн: биз бардык партиялар, саясий кыймылдар бир болсо экен, деп эңсеп жүргөнбүз. Мына ошол максатка бүгүнкү күндө жеттик. Бардык көз караштар, бардык тактикалык иштери ар түрдүү болгону менен бүгүн он бешке чукул партия, кыймылдар чогулуп туруп, бир максаттын алдына кол койдук. Биздин жаңы түзүлгөн кыймылдын максаты албетте ишке ашат, деп ойлойм. Анткени бул жерде жалпы коомубуздун басымдуу көпчүлүгү колдогон жетекчилер, партиялар жана кыймылдар кошулду. Ошондуктан, аягына чыгууга шарт да, мүмкүнчүлүк да бар. Ошондой эле эл да бизди колдоп турат.

-Сиз бир нече ай мурда Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кетип бараткан кезде президенттин башкаруу саясатына, кадрдык саясатына макул эместигиңизди билдирдиңиз. Айрым айтылган пикирлер боюнча сиздин мамлекеттик жогорку кызматтан кетүүңүзгө президенттик администрациянын башчысы Медетбек Садыркуловдун Акүйдө өтө чоң роль ойноп жатканы көбүрөөк себеп болгон. Сиз кандай дейсиз, мындай пикир ээлери канчалык туура айтып атышат?

-Түштөн кийин ар түрдүү сөздөр боло берет. Мен өзүм кызматтан кетпегенде мени ал жактан ким кайсы кемчилигим үчүн, эмне максат менен чыгара алат эле. Мен бийликтин туура эмес саясат менен кетип баратканын, бардык жерде башкаруу жагында бири-бирине баш ийбөөчүлүк, баш-аламандык болуп жатканын көрүп туруп, иш алдыга жылбай жатканын эске алуу менен арызымды жазып, кызматтан кеттим.

-Сиз кызматтан өз каалооңуз менен кеткен учурдагы билдирүүңүздө президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү талабы коюлган эмес. Ошол үчүн да сиз, сиздин партиялаштарыңыз үчүн Акүйдөн президентти эмес, президенттик администрациянын башчысын кетирүүнү көбүрөөк каалагандай пикир жараткандыр?..

-Чындыгын айтканда биздин партиянын төрагасы, аксакал, эл башкарууда акылы, тажрыйбасы мол Үсөн Сыдыков президенттин кеңешчиси болуп, кызматта турганда биз президенттин кызматтан кетүүсүн талап кыла алган эмеспиз. Андан кийин Үсөн Сыдыковду кызматтан четтетип, тажрыйбалуу адамдан акыл сурагандын ордуна, аны четке чыгарып койгон соң, ачыкка чыгууга бизге жол ачылды.

Анын үстүнө партиянын жетекчиси катары мен башкаруу саясатынын туура эместиги тууралуу ачык айтып, арызымды таштап кеткен соң, анын аягына да чыгышым керек эле. Албетте, бүгүн эле “Жаңы Кыргызстан” партиясынын айрым мүчөлөрү тарабынан бийликтин буйругу менен көптөгөн кайрылуулар болуп, “биз Исаковдун ишине каршыбыз,” деп чыгышы толук ыктымал. Бул дагы биз үчүн жакшы болот, анткени тазаланып, иргелүү – биздин партия үчүн да керек, буга мезгил келип жетти, деп мен эсептеймин.

-Демек, “Жаңы Кыргызстан” партиясын жикке бөлүү аракеттер болуп аткан экен? Анткени мындай кайрылуу, билдирүүлөр буга чейин деле чыгып атты эле..

-Бөлөбү, жокпу мен айталбайм. Бирок ошондой болот, деген сезим күчтүү болуп атат. Кандай болбосун бул жолу партия тазаланат. Эл үчүн, жер үчүн, келечек үчүн дегендердин баары бизди толугу менен колдойт, деген чоң ишеним бар.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG