Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Ош: 21-кылымдын “Биринчи мугалими”


Мектептин сырткы көрүнүшү
Мектептин сырткы көрүнүшү

Кара-Суу районунун Савай-Арык айылынын окуучулары жаңы окуу жылынан тарта айылдагы турак үйлөрдүн биринде окуусун улантууга аргасыз болушту.

Аталган айылдагы Панфилов орто мектеби 2008-жылдын январь айындагы катуу зилзалада жарактан чыккан. Бирок кыргыз өкмөтү жаны мектеп курууга алигүнчө кирише элек.

Кепедей мектепте билим алган окуучулар.
Өкмөттүн жардамын күтүп отурбай, мектеп жамааты башталгыч класстар үчүн айыл тургунунун үч бөлмөлүү турак үйүн ижарага алышып, аны «Урбайдын мектеби» деп атап коюшкан.

Айылдыктар мектеп көйгөйү тууралуу бир катар бийлик өкүлдөрүнө, жадагалса өлкө башчысына чейин даттанып келишет. Алардын «буюрса бүтүрөбүз» деген убадасына ишенбей, айылдыктар ушундай ыкмада убактылуу мектеп ачышып, аны башка турак үйлөрдөн айырмаланып туруш үчүн үйдүн чатырына кыпкызыл кылып Кыргызстандын желегин да илип коюшкан.

Мектеп мугалими Мавлюда Саматова: - Бул жерде кечке чейин билим беребиз, кечинде үй ээси жашайт. Үйдүн короосу бизге спорт аянтчасы болуп калган. Арга канча, чаң болсо да балдар ойноп жатышат.

"Урбайдын үйүнүн" ичинде...
“Азаттык”:
-Бул мектепти кандай деп атап коесуздар?

Мавлюда Саматова: Аты «Урбайдын үйү» же мектептин филиалы деп койобуз.

Айылдыктар буга чейинки мектебин да өздөрү эле ашар жолу менен эптеп куруп бүтүрүшкөн экен. Ал мектеп сапатсыз курулгандыктан 2008-жылдагы кыш чилдеде болгон зилзалада жарактан чыгып, азыр кооптуу абалда болсо да, жогорку класстар окуусун улантууда.

Билимге зар өспүрүмдөр. Булардын келечеги кандай болоор экен?
Мектеп директору Сулайман Чырмашов, облус бийликтери 2010-жылга жаңы мектеп бүтүрүп берүүнү убада кылышууда дейт:

- Биздин мектептин жараксыз экенин райондук, облустук бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, айтор бардыгы эле билишет.

“Азаттык”: -Өспүрүмдөрдүн үйдө билим алуусу дагы канча убакытка созулушу мүмкүн?

- 2010-жылдын май айына чейин окуп тургула, келерки жылдан баштап жаңы мектеп бүтүрөбүз деп өткөндө губернатордун орун басары келип айтып кетти.

Мектеп жамаатынын белгилешинче, алардын дагы бир чоң көйгөйү, тээ илгерки парта столдордун эскилиги жетип, одур-бодур парталарда окуучулар жазалбай кыйналышат экен. Жаңы мектеп курбаса да, жок дегенде ушул парта столдорду жаңылап беришин суранабыз дешет алар:

- Биз колдонгон парталар 50-60-жылдарда пайдаланылган болуш керек. Окуучуларды жакшынакай жазгыла деп айтыштан уялабыз. Карагылачы, ушул өнгүл-дөңгүл парталарда кантип жазганга болот? Мен президенттен суранат элем, мектептен да мурун ушул парталарды алып берсе жакшы болмок, деди мектеп мугалими Малика Мусаева.

"Мектеп" оор абалда. Мугалимдер жардам күтүшөт. Окуучулар билим алгысы келет.
Мугалимдердин айтымында, Савай-Арык айылынын өспүрүмдөрү кампьютерди да эзели көрүшө элек. Ошол себептенби, бул айылда тогузунчу классты бүтүп эле, окубай койгондор саны да арбын экен. Бирок айылдыктар өкмөт жетиштүү көнүл бурбаса да, окуу планын үзгүлтүккө учуратпай, үч бөлмөлүү үйдө болсо да балдарды окутуп жатышкан чагы. Савай-Арыктыктар бул көрүнүштү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасына салыштырышат.










21-кылымдын мектеби
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG