Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:44

Кабулда жарылуулардан 26 адам өлдү


Ооган аскерлери жарылуу болгон Юстиция министрлигинин имаратын курчоого алышты, 11-февраль, 2009
Ооган аскерлери жарылуу болгон Юстиция министрлигинин имаратын курчоого алышты, 11-февраль, 2009

Кабулда бүгүн төрт жерде жардыруу болду. Кеминде 26 адам набыт болуп, 55 киши жаракат алды. Мунун баары АКШнын Ооганстанга атайын өкүлү Ричард Холбрук келет деп жаткан учурда болууда.

Бомба курларын белдерине байлап алган алты киши Кабулдагы президенттик имараттын жанындагы Юстиция министрлигине киришкен. Биздин Кабулдагы кабарчыбыздын айтымында, алардын бирөө имаратка кирээри менен эле өзүн-өзү жардырып жиберген. Министрликтин бир топ кызматкери ошол эле жерде мүрт кетти, канчалагандары жаракат алды.

Куралчандардын экөөсү коопсуздук кызматкерлери менен атышып, өлгөн. Ички иштер министрлиги ошол атышууларда бир полисмен менен коопсуздук кызматынын бир өкүлү окко учканын кабарлады. Юстиция министрлигине кирип бараткан жанкечтилердин бири кармалган экен. Министрликтин өкүлү Гүл Хамид абалды сүрөттөп жатып: «Чабуулчулар мылтыктарды кармап алышкан эле. Бирөө экинчи, экинчиси үчүнчү кабатта туруп алып, ары-бери аткылап жатышкан. Экинчи кабатта бирөөнү атып өлтүрүшкөнүн көрүп калдым. Мен эптеп арткы эшиктен качып чыгып кеткенге үлгүрдүм», - деди.

«Азаттыктын» кабарчысы Мохманд шаардын сырт жагында аскерлердин колоннасына да чабуул болгонун, ал жерде өлгөндөр көп деп айтып жатышканын, бирок так саны азырынча белгисиз экенин айтты. Ал эми Билим берүү министрлигинин имаратына чабуул коебуз деп келе жаткан куралчандарды полиция өз учурунда атып өлтүрүшкөн. Дагы бир чабуул түрмөгө жасалыптыр, андан 10дой адам өлгөнү айтылды.

Мунун баары АКШнын Ооганстанга дайындалган атайын өкүлү Ричард Холбрук эртең келет деп жатканда болуп олтурат. Бул күнкү жардырууларды талибан жасаганын өзүн талиптердин өкүлүмүн деп атап жүргөн Забинулла Мужахид билдирди.

Таң эртелеп эле башталган жарылуулар элдин үрөйүн учуруп, адамдар үйдөн чыкпай калышты. Шаардагы көңүл ачуучу жайлар, ишкана-офистер жабылды.

«Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, Ооганстандын ички иштер министрлигинин расмий өкүлү азыр өкмөт абалды жөнгө салууга бүт аракетин жумшап жатканын айтты: «Ички иштер министрлигинин жана анын жетекчилигинин атынан айтаарым - элдин тынчсыздануулары көңүл жаадында. Биз Кабулдун баардык тургундарына полиция жана коопсуздук күчтөрү өтө сак болуп турушат деп айтаар алам», - деди ал.

Ооганстанда жети жыл мурда бийликтен кулатылган талиптер мезгил-мезгили менен чабуулдарды жасап турушат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG