Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Хижапчан аялды бычактаган немис жараны соттолду


Айыпталуучу Алекс Винс сотко бетин башын чүмбөттөп алып келди. Дрезден.10-ноябрь
Айыпталуучу Алекс Винс сотко бетин башын чүмбөттөп алып келди. Дрезден.10-ноябрь

Теги россиялык Алекс Винс египеттик Марва Ширбини айымды бычактап салганы үчүн сот кылмышкерди Германиядагы эң жогорку жазага тартты.

Шаршемби күнү Дрездендин соту немис жараны Алекс Винсти өмүр бою эркинен ажыратты. Бул Германиядагы эң катаал жаза. 31 жаштагы кош бойлуу аялдын немис жеринде киши колдуу болуп өлүүсү Египетте жана башка мусулман өлкөлөрүндө катуу

Аялынан ажыраган египеттик илимпоз-генетик басып кетеби, азырынча белгисиз.

нааразылык жараткан.

Соттун төрагасы өкүмдү окуп жатып, 28 жаштагы Алекс Винсти чет элдиктерди жек көрүү сезими курч болгондуктан Марва Ширбини айымды өлтүргөнүнө көңүл бурду жана айыпталуучуда мурда шизофрения менен ооруган деген доктурлардын каты бар экенине карабай өкүм жеңилдетилбесин эскертти.

Теги россиялык Алекс Винс жана египеттик Марва Ширбини оболу жыл башында балдар ойноочу аянтта жолугуп калышат. Фармацевт келин баласын ойнотмок болуп, Алекстен опоң-чычаңды бошотууну сураганда,
Австралия. Мусулман кийимдеринин дизайнери Ахеда Занетти(солдо) австралиялык модель Мекка Лаала(оңдо) мусулман аялдар сууга сүзгөндө кийүүчү көйнөктү көрсөтүүдө. Сидней, 2007
килейген жигит хижап жоолукчан келинди “исламчы”, “террорчу” жана “шуркуя” деп тилдейт.

Ширбини айым сотко кайрылганда, сот Винсти 750 евро айыпка жыгат. Прокурор белгилегендей, өч алууну ойлогон Алекс 31-июлдагы кайра угуу учурунда Марвага 16 жолу бычак уруп, 3 айлык боюнда бар келин эсине келбей көз жумат. Аялын коргойм деген Елви Оказиге да эки жолу бычак урулат. Күзөтчү болсо Оказ аялын урганы жатыптыр деп, аны бутуна атып, катуу майып кылат. Германияга атайын стипендия менен илимий изилдөөлөр жүргүзгөнү келип, аялынан ажыраган илимпоз-генетик Оказа басып кетеби, азырынча белгисиз.

Прокурор Франк Гейнрих 9-ноябрдагы жыйынтыктоочу сөзүндө Алекс Винстен айырмаланып, Марва Ширбинидей иммигранттарга Германия муктаж экенин баса айтты. “Бизге айыпталуучу(Винкс) сыяктуу немис жараны болгону үчүн эле өздөрүн башкалардан өзгөчө көргөн адамдардын эч кереги жок”, деди прокурор Гейнрих.

Ширбининин үй-бүлөсү Германияга 2004-жылы келишкен экен. Алекс Винс, мурдакы аты Александр Игорьевич Нелсин Россиянын Перм шаарында чоңоюп, Германияга келгенден мурда апасы экөө Казакстанда жашашат.
Алекс Винс соттун биринчи күнүнөн эле оозу башын, көзүн жашырып, башына каптама кабын кийип жүрдү.


Алекс Винс соттогу сөзүндө чындап эле чет элдиктерди жек көрөрүн, бирок анысы египеттик аялга кол салууга негиз болбогонун билдирди. Бирок прокурор өкүнүч менен айткандай, кылмышкер не соттон, не маркумдун үй-бүлөсүнөн кечирим сурабады.

Бул окуяны Египет жана башка мусулман өлкөлөрү германиялыктардын, ошондой эле европалыктардын Исламга болгон жаман мамилесинин үлгүсү дешип, жазбай байкап турушту. Египеттин маалымат булактары Ширбини хижаптын курмандыгы болгонуна көңүл бурушту.

Ширбини айым өлөр замат Египеттеги, Түркиядагы, Ирандагы Герман элчилиги алдында нааразылык акциялары өткөн. Ирандын ультра-консервативдүү “Kyahan” гезити мусулмандарды Алекс Винсти өлтүрүүгө үндөгөн.

Кандуу окуядан бир жумадан кийин Германия канцлери Ангела Меркель Египеттин президенти Хосни Мубаракка көңүл айтып, бирок кырсыкка байланыштуу өз пикирин коомчулукка ачык билдирген эмес.

XS
SM
MD
LG