Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

АКШ өкмөтү банк системасын куткаруу планын жарыялады


АКШнын каржы министрлиги банк системасын каржылык кризистен сууруп чыгуу иретинде 1 триллион долларга чейин каралган куткаруу планын жарыялады. Каржы министри Тимоти Гейтнер планга ылайык АКШ өкмөтү бардык тобокелчиликтерди өз мойнуна аларын айтууда.

Бирок мындай план көптөгөн сындарды да жаратты. Нобель сыйлыгынын лауреаты Пол Кругман мындай аракетти «аргасыздык» катары баалады.

Жуманын жаңырышы менен АКШ өкмөтү да каржы системасын куткаруунун жаңы планын иштеп чыкты. Каржы министрлиги 23-мартта Тимоти Гейтнердин банк системасын куткарууга багытталган планын жарыялады.

Бул куткаруу планы жеке сектордогуларды өкмөттүн кепилдиги астында жардамга чакырат. Ага ылайык эми «Жеке инвестициялардын коомдук коомдук программасы» аттуу юридикалык тарап түзүлүп, жеке инвесторлор менен чоң-чоң каржылык фондуларды биригүүгө чакырат. Өз кезегинде өкмөт баштапкы 75-100 миллиард долларлык чыгымды көтөрмөкчү.

План боюнча инвестициялык фондулар өкмөттүн жана жеке инвесторлордун каражатын пайдаланып, кризистин айынан наркы түшүп кеткен активдерди алгач 75-100 миллиард долларга, андан соң жеке сектордун жардамы аркылуу 500 миллиарддан 1 триллион долларга чейинки каражатка сатып алмакчы. Тимоти Гейтнердин айтымында, ушундай жол менен наркы түшүп кеткен активдер маселеси чечилген соң банктар кайрадан кредит берип, кадыресе иштей баштамакчы.

Тимоти Гейтнер бир ай мурда эле бул планынын башатын ачкан:

- Сиздер менен ачык сүйлөшкүм келет. Бул стратегия көп каражатты талап кылат. Бул планда тобокелчилик да бар. Ага кыйла убакыт кетиши мүмкүн. Биз АКШнын каржылык системасы ыдырай турган болсо, миллиондогон үй-бүлөлөр, ишканалар жана биздин эл үчүн өтө оор болорун билебиз. Андыктан ага жол бербешибиз керек.

Гейтнердин планы чыгып-чыкпай жатып фондулук рыноктордун көрсөткүчү жогорулаганы байкалды.

Ошентсе да бул планга каршы чыккандар да бир топ. Нобель сыйлыгынын лауреаты Пол Кругман ага каршы чыгып, анын ишке ашпай турганын жарыялады. Анын айтымында, азыркы тапта буйтактатып ар-нерсенин башын айтпай, өкмөт али ишке жарамдуу банктарды убактылуу мамлекеттин камкордугуна ала туруусу керек.

XS
SM
MD
LG