Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:12

FH: Басма сөздү кодулоо уланууда


Freedom House: Басма сөз чөйрөсүндө эркиндиктин кыйыры соңку сегиз жылдан бери улам тарып келатат. Бул процесс былтыр да уланды.
Freedom House: Басма сөз чөйрөсүндө эркиндиктин кыйыры соңку сегиз жылдан бери улам тарып келатат. Бул процесс былтыр да уланды.

Басма сөз эркиндиги дүйнөдө былтыр да чектелди. Репрессивдүү өкмөттөр маалымат каражаттарын кысмактоо аракеттерин, интернет чөйрөсүн көзөмөлдөө иштерин улантышты. Журналисттерге каршы жасалган кылмыштар ачылган жок. Бул жагынан Түркмөнстан, Өзбекстан, Белоруссия жана Иран өзгөчө айрымаланышты.

Freedom House уюмунун жаңы эле жарыяланган докладында ушундай тыянактар жасалат.

Freedom House уюмунун докладында дүйнөнүн 196 өлкөсүндөгү басма сөз эркиндигинин абалы талдоого алынат. Атап айтканда, жер шарындагы калктын 16 проценти гана ушу тапта маалымат каражаттары эркин иштеген шарттарда жашайт. Мындан отуз жыл илгери эркин өлкөлөрдүн саны көбөйө баштаган эле, бирок акыркы он жылдыкта кайра тетири тенденция башталды.

"Былтыр да биз дүйнөдө бу жагынан басаңдоону байкадык, бул көрүнүш сегиз жыл катары менен уланып келатат", - деп айтты уюмдун директору Кристофер Уолкер.

"Жамандын жаманы" делинген акыркы он өлкөгө Бирма, Куба, Экватордук Гвинея, Эритерия, Иран жана Түндүк Корея киргизилген, экс-советтик республикалардан бул топто Белорус, Өзбекстан жана Түркмөнстан бар.

Докладдын авторлору Азербайжандагы, Казакстандагы жана Россиядагы абалды "өзгөчө кооптуу" деп аташкан. Былтыркы жылдын көрсөткүчүндө Россия Гамбиядан бир эле тепкич ылдыйкы катарга - 176-орунга коюлган.

Америкалык жазуучу-политолог, көп жылдар бою АКШдагы, Британиядагы абройлуу гезиттердин Москвадагы кабарчысы болуп иштеген Дэвид Саттер жакында Россиядагы, жалпы эле экс-советтик аймактагы жагдайды сүрөттөп, гезитте маалымат жарыялаганы үчүн Сталинден кийин Советтер Союзунда кабарчылардын көзүн тазалаган учурлар аз болгонун, ал эми акыркы кездерде бул өнөкөт ишке айланып кеткенин белгилеген эле.

"Кокус сенин артыңан түшүп, аңдып калышса, эч ким - коом да, бийликтер да - сени коргой албайт", - деп эсептейт Саттер.

Муну Кыргызстандагы акыркы жылдардын тажрыйбасы да ырастады. Жакында эле элдик козголоңдон улам кулатылган режимдин тушунда бир нече журналисттин көзү тазаланды, алардын айрымдарын бийликтеги кишилердин тапшырыгы менен атайын кызматтар жасады, кабарчыларды уруп-сабаган учурлар адат болуп калды, бул иштердин бири да териштирилген жок, кылмышкерлер табылган жок. Журналисттердин жоон тобу Кыргызстандан чет өлкөлөргө качып кеткенге аргасыз болушту.

Экс-совет аймагында түзүлгөн жагдайга кайрылып, Уолкер коркунучка кабылган журналисттерден тышкары жалпы эле маалымат инфраструктурасы өкмөттөрдүн контролдугуна алына баштаганына токтолду. "Соңку он жылдыктарда байкалган глобализация процесси бул чөйрөдө мурдагы Советтер Союзунун аймагын кыйгап өткөнүн айта алабыз",- деп белгиледи Freedom Houseтун жетекчиси.

Балтикалык үч өлкөдөн тышкары экс-советтик тогуз республика докладда "эркин эмес" деп бааланды. Болгону Армения, Украина жана Грузия гана "жарым-жартылай эркин" маалымат каржаттары бар өлкөлөрдүн катарына кошулду.

Докладда Африкада, Латын Америкасында басма сөз эркиндигин баштагыдай эле басмыр абалда калганы айтылат. Эквадордо, Венесуэлада, Мексикада, Гондураста жана Никарагуада бу жагынан регресс байкалды. Иранда жана Кытайда интернетке цензура киргизилди, Казакстанда да кырдаал кыйындады. Бир гана Азия-Тынч океан аймагында былтыр басма сөз эркиндигин аздыр-көптүр жакшырды.

Басма сөз эркиндигинин эң жогорку көрсөтүчтөрү адаттагыдай эле түндүк европалык өлкөлөрдө катталды. Алдыңкы беш орунда Финляндия, Исландия, Норвегия, Швеция жана Дания аталат. АКШ болсо Чехия менен бирге 24-25-орунга жайгаштырылган.

Докладдын авторлору АКШда кырдаал жакшырганына карабастан маалымат булактарын коргоо жагынан федералдык деңгээлде зарыл чаралар керектигин көрсөтүшкөн. Freedom House мындан тышкары АКШдагы маалымат каражаттарынын көп түрдүүлүгүнө азыркы экономикалык кыйынчылыктар да коркунуч келтирип жатат деп эсептейт.
XS
SM
MD
LG