Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Парижде кыргыздардын курултайы өттү


Парижде Франция жана Белгиядагы кыргыздардын курултайы өттү. Кабарчыбыз Айнура Жекше кызы ушул курултайга катышып, Франциядагы кыргыз диаспора тобунун жетекчиси Азамат Кадыралиев менен маектешкен эле.

- Азамат, ушул курултай кандай өттү, ойдогудай болдубу?

- Курултай абдан жакшы өттү. Бул жактагы кыргыздардын баардыгын чогултканга биз аракет кылдык. Бирок бардыгы келалышкан жок. Көптөрү болду, Марселден, Ника, Стразбургдан, Франциянын башка четинен келген кыргыздар болду. Алардын баардыгы чогулуп Белгиядан келген диаспора кыргыздарыбыз менен чогуу Францияда кыргыздардын курултайы өттү.

- Ушундай курултай өткөрүү демилгеси кимге таандык?

- Биздин элчилигибиз жана өзүбүздүн Францияда жашаган кыргыздардын коому биригип, бул жерге кыргыздардын башын кошолу деген ой менен курултай уюштуралы деп ошондон башталып келди.

- Бул коомго канча киши кирет?

- Бул коомго кыргыздар жана кыргыздардын достору кирет. Демек алар француздар. Азыр Францияда официалдуу 572 кыргыз бар экен. Мындан тышкары бул жерде мындан эки эсе көп экен. Демек миңден көбүрөк кыргыздар бар экен. Эми эсептеңиз, миң кыргыздын достору француздар, ошолордун баары топтошуп, биздин коомго кирели деп, чоң нерселерди уюштуралы деген ойлор менен жүрүшөт.

- Азамат, ушундай кече уюштурууга албетте чоң караж керек, француздардан финансы жагынан жардам болобу?

- Бул абдан оор суроо. Муну биз элчилик менен чогуу чечебиз. Алар чоң жардам берип атышат жана башка кыргыздар болсо деле өзүбүз уюштуруп, ушундай финансы маселени өзүбүз чечкенге умтулуп жатабыз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG