Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:53

Ооганстандагы маңзаттарына каршы стратегия ийгилик алып келген жок


Оогандык сүрөтчү Хозхабер Шинваринин карикатурасы, 11-май 2009-жыл
Оогандык сүрөтчү Хозхабер Шинваринин карикатурасы, 11-май 2009-жыл

Пентагондон баштап БУУнун маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттигине чейин Ооганстандагы наркозаттарга каршы стратегия натыйжа алып келбегенин, ооган дыйкандарына жардам берүүнүн ордуна апийимди жок кылууга көбүрөөк көңүл бурулганын моюнга алышууда. Алар кубаттуу наркокөпөстөргө жана коррупцияга каршы чечкиндүү чара көрүү керектигин белгилешүүдө.

АКШ куралдуу күчтөрүнүн Биргелешкен штабдар командачысы адмирал Майкл Моллен эларалык коомчулук Ооганстандагы апийим өндүрүүгө каршы согушта утулуп жатат деп моюнга алды. Дүйнөдөгү мыйзамсыз апиймдин дээрлик 90 проценти Ооганстандан тарайт. Адмирал маңзаттарынын аткезчилигин контролдогон наркокөпөстөргө каршы күрөштү күчөтүү керектигин белгиледи:

- Наркозаттардан түшкөн каражат согушкерлерди каржылоого жумшалат. Биз андан кабардарбыз. Баңгизаттарын жок кылуу керек. Соңку 7-8 жылдан бери бул ишибиз ийгилик алып келбей жатат. Себеби маңзаттарын жок кылуу менен катар дыйкандардын жан сакташы үчүн алгылыктуу нерсе сунушталбай жатат.

Дүйнөлүк банктын кеңешчиси Уильям Бөрд Ооганстандын наркомамлекетке айланышына күбө болгон адам. Анын пикиринде, маңзаттары менен күрөшүү кампаниясы коррупциялашкан чиновниктер менен наркокөпөстөргө караганда бечара дыйкандарга каршы көбүрөк багытталган:

- Апийим өндүрүүнүн анализин карап көрсөк, анын туруктуу эмес чөйрөдө гүлдөп жатышын түшүнсө болот. Апийим айдаган дыйкандар анча кооп туудурбайт. Наркотармак – бул чоң акча, жогорку жактардан тараган паракорлук жана туруксуз кырдаал.

Улуттар уюмунун баңгизаттары жана кылмыштуулук боюнча агенттигинин башчысы Антонио Мария Коста Ооганстандын түштүгүндөгү апийимди жок кылуу операциясын ийгиликсиз деп атады. Аткезчиликке бөгөт коюлса, Ооганстандын ичинде маңзаттарынын көлөмү көбөйөт, муну менен анын баасы төмөндөйт жана аны өндүрүү киреше алып келбей калат, - деп божомолдойт Коста.

Бирок мындай планды ишке ашыруу кыйын болушу мүмкүн. Иран менен чыгыш Ооганстандын чегарасын кайтарган бөлүктүн командачыларынын бири аткезчилер чегарачыларга караганда мыкты куралданган деп айтат. Иран апийимдин өлкөгө агылышына бөгөт коюуу үчүн Ооганстан менен чегарада дубал, тосмолорду тургуза баштаган. Ооганстан болсо каражаттын тартыштыгынан улам, андай чара көрө албайт. Натыйжада, чегаранын көзөмөлдөнбөй калган тилкелери арбын. Кабулдагы министрликтер ортосундагы бюрократиялык талаш-тартыштар Иран-Ооганстан чегарасын биргелешип кайтаруу ишин кечеңдетүүдө.

Эларалык кризис тобунун кабулдук аналитиги Жоанна Натхан баңгиаткезчилигине каршы күрөштүн стратегиясында гана эмес проблеманы изилдөөдө да каталар кетирилген деп эсептейт:

- Наркозаттарга күрөштүн ийгилиги апийим өстүрүүнүн азайышы же көбөйүшү менен бааланып келди. Ал эми баңгизаттарын кайра иштетүү структуралары жана аткезчилик көңүл сыртында калтырылган. Бирок конкреттүү адамдар же аймактар апийим өндүрүүнү азайтышты деп айтылганы менен, алар маңзаттарын кайра иштетүү жана ташууга дагы эле тартылып жатышы ыктымал. Жана азыркы убакытта бул – Ооганстан үчүн негизги маселе.

Натхан Кабулдун 15-20 чакты наркокөпөс менен күрөшүү үчүн саясий эрк жетишпей жатат деген оюн кошумчалайт.

Баса, былтыр АКШнын наркозаттарга каршы күрөшүү мекемесинин мурдагы расмий өкүлү президент Карзайды саясий себептерге байланыштуу наркокөпөстөрдү коргоп жатат деп айыптаган. Мындай кыйытмаларга карабай, Вашингтон Карзайга колдоо көргөзүүнү улантууда.

XS
SM
MD
LG