Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Сима Самар: Тоскоолдуктарды жеңип чыйралабыз


Айрым маалымат каражаттарына ылайык оогандык саясатчы, аял укуктарын коргоочу Сима Самар быйылкы Нобел Тынчтык сыйлыгына талапкер болчу.

Швециядагы Нобел Тынчтык Комитети сыйлыкка ээ болгон кишинин гана ысымын жарыялайт жана тандалган талапкерлер ким болгонун ачыктабайт. Ошондой болсо да, Сима Самардын талапкер болгону тууралуу жоромолдор чагылгандай тез таркады. Деги, бул айым ким?

Кабулдук дарыгер Сима Самар 1984-жылы Ооганстандагы коммунисттик бийликтин запкысынан Пакистанга качууга мажбур болуп, өз өлкөсүнө 2002-жылы гана кайтып келген. Андан кийин Ооганстандын Аялдар иштери боюнча министри кызматын аркалаган. Учурда ал - көз карандысыз Ооганстан адам укуктары комиссиясынын төрайымы жана Судандагы адам укуктарынын абалы тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун атайын маалымдоочусу.

Сима Самар "Эркин Европа/Азаттык үналгысына" маек куруп, өз өлкөсүндөгү жана анын сыртындагы адам укуктарын коргоодогу келечек максаттары тууралуу ой бөлүштү.

Азаттык: - Өз ишмердүүлүгүңүздөгү кыйынчылыктар жана аны жеңүүнүн жолдору тууралуу айтып берсеңиз?

Самар: - Биз өз ишибизде көптөгөн кыйынчылыктарга туш болобуз, ал эми ошол тоскоолдуктарды жеңүү менен алдыда дагы соң иштерди жасоого умтулуу – бизди чыйралтат. Ооганстанда адам укуктарын коргоого чындап белсенип, баш-оту менен кирген адамдарды табуу дагы бир топ эле оор. Азыр биз менен алты жүздөй киши менен кызматташат, ал эми бизге мындан да көп адам керек.

Бизге жумуш менен камсыз болуп, жашоого тыйын-тыпыр табууну көздөгөндөр эмес, адам укуктарын коргоо үчүн кан-жанын бергендер керек. Ооганстандын учурдагы шартында мындай оор милдетти көтөргөн адамдарды топтоп уюм түзүү жеңил-желпи иш эмес. Анткени жаңы түзүлгөн уюмдар башка мамлекеттик, бейөкмөт уюмдар сыяктуу эле өлкөдөгү курч кырдаалга кептелишет. Булардын ичинен эң оорчундуусу - адам укуктары жаатындагы мыйзамдардын иштебегени. Бул өтө өкүнүчтүү жана жалпы ооган элинин зары.

“Азаттык”: - Сизди мурдагы согуш кылмышкерлердин айрымдарын эмдигиче сот жообуна тартпай келгениңиз үчүн сындап келишет. Сизди бул ишке көз жуумп койду деген сөздөр айтылууда.

Самар: - Кайсы гана өлкөнү албайлы, адилеттикти орнотуу укук коргоочу уюмдардын гана милдети эмес. Бул эң алгач – мамлекеттин кечиктирүүсүз колго алчу милдети. Биздин уюм болсо бул жаатта өз милдетин толугу менен аткарып келет. Тилекке каршы, Ооганстанда мамлекеттик уюмдардын ортосунда бекем кызматташтык жок болуп жатат. Эгерде адилеттик жок болсо, эч бир өлкөдө тынчтык, бейкуттукту орнотуу мүмкүн эмес.

Адилеттик адамдарды жоопко тартуу же даргага асуу дегенди гана түшүндүрбөйт. Адилеттикти орнотуунун башка да жолдору бар, алардын ичинен эң орчундуусу – адамдардын ортосунда, мамлекет менен адамдардын, мамлекеттик уюмдардын бири-бирине ишенимин ойготуу. Биздин Адам укуктары боюнча комиссия мамлекет менен тең укуктуу өнөктөш катары кызматташууну көздөйт.

Ооган коомундагы дагы бир чоң маселе – адамдар маалыматтан артта калган. Жергиликтүү калктын көпчүлүгү биздин уюмду бир эле учурда полиция, сот, судья деп түшүнөт. Тилекке каршы, булардын баары биздин милдетке кирбейт. Бул мамлекеттин милдети.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG