Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Хантавирустун вакцинасы качан табылат?


Хантавирустун вакцинасы качан табылат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:49 0:00

Саякат кемесинде жайылган хантавирустан үч киши көз жумду, дагы бир нечеси ооруну жуктуруп алды. Британиядагы Бата университетинин химия боюнча профессору, EnsiliTech компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Асел Сартбаева хантавируска каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жатат.

Круиз кемесинде жайылган хантавирус ушу тапта дүйнөлүк прессада талкууланган маселелердин бири болуп келатат. Вирустан 3 кишинин көз жумганы ырасталды. Дагы бир нече киши аны жуктурганы, көптөгөнү шектелип жатканы кабарланууда. Инфекциянын булагы аныктала элек. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму хантавирустун жайылуу коркунучу төмөн деп айтууда. Бул жөнүндө Британиядагы Бата университетинин химия боюнча профессору, EnsiliTech компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекичиси Асел Сартбаева менен маектешебиз. Профессор хантавируска каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жаткан окумуштуулардын эл аралык командасына да мүчө.

Шерине

XS
SM
MD
LG